Рет қаралды 143,615
#ЫдырысИсаков, #СалтанатАматова, #КышкаДаярдык.
Бул ролик аркылуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова мектептердеги каржылоонун жетишсиздигин ачык айтты. Абал мындай экен:
1. Кышка даярдык учурунда эки кабат терезелердин бирден кабаты сынып, уурдалып жок болуп кеткени эске алынган эмес. Кышка даярдык учурунда быйыл да кыш мурдагыдай эле жылуу болоруна үмүттөнүшкөн.
2. Мамлекеттен бөлүнгөн акча мектептердин бор же мелге болгон муктаждыгынын 50%ын араң жабат. Калганы ата-энелерден топтолгон каражаттын эсебинен чечилет.
3. Камкордук кеңеши деп аталган мектеп фондуна акча берүүгө бир дагы ата-эне милдеттүү эмес. мектеп фондуна акча берүү ата-энелердин ыктыяры менен гана ишке ашат. Ата-энеден акчаны мажбурлап алууга бир дагы мугалимдин акысы жок.
4. Мектептердин ашканалары эскирип, талапка жооп бербей калган. Ашканалары НПОлор тарабынан ремонттолгон мектептерде ысык тамак берүү уюштурулган.
4. Ош шаарынын Дача деп аталган айылындагы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен акча төлөнбөгөнү үчүн бүтпөй турат.