Пайгамбарыбыз САВ төрөлүшү

  Рет қаралды 472,894

БЕЙИШ НУРУ

БЕЙИШ НУРУ

Күн бұрын

Жер жүзүн ыймансыздыктын караңгылыгы каптап турган кез. Аалам бузукулука капталып, жапайычылык өкүм сүрүп, көз эмес рухтар ыйлап турган кез. Бактылуулуктун булагы болгон “Таухид”-б.а. Жалгыз Аллахка ишенүү ишеними алыстап, ширк, капырчылык бүткүл тарапты каптап кеткен эле. Өзүнүн кызын тирүүлөй көмүп жатканда да жүрөгү “тыз” деп койбогон адамдар жашаган доор эле бул доор.
Адамзатты бул караңгылыктан чыгара турган бир Затка муктаждык бар эле. Аллах Мээримдүүлүгү, Ырайымдуулугу менен ошол Затты, Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВды жөнөтчү мезгил келип жеткен болчу.
571-жылдын 22-Апрели. Мекке. Рабиулаввал айынын 12-түнү. Күндөргө дүйшөмбү. Таң заар мезгил болчу. Ошол кайталангыс улуу окуянын убакты сааты келип жетти! Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ жарык дүйнөгө келди. Жаз мезгили болуп, жашоонун эми эле башталган кезиндей эле. Ал төрөлгөн кезде таң атып жатты. Адамзаттын бактылуулук таңы атып жатты. Мына! Жалгыз Аллахтын динине чакырган зат! Мынакей! Адамзатты бактылуулука чакырчу зат! Мынакей ошол зат, Ааламды түбөлүк нурга жетелеген! Эки дүйнөнүн бактылуулугун адамзатка үйрөткөн ошол зат!!! Аалам жин-периште, бүткүл барлык толкунданып сүйүнүп турду!!!
Амина энебиз кош бойлуу кезинде бир түш көрөт. Түшүндө ага бир зат: “Эй Амина! Жакшылап ук! Сен ичиңде ааламдын мээримин көтөрүп жүрөсүң. Төрөлгөндө атын “Мухаммед”-деп кой!”-деп кайрылат. Амина энебиздин айтуусу боюнча Төрөт учурунда ага кесеге куюлган шербет сунулат. Аны ичкен соң Амина энебиздин айланасын нурдуу деңиз каптайт. Натыйжада Аалам күткөн Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВтөрөлөт. Ушул кезде Амина энебиздин көзүнө Чыгыш менен батышта жана Каабанын үстүндө асабалар желбиреп турганын көрөт. Пайгамбарыбыз САВ сажда абалында төрөлөт. Сөөмөйү өйдө көтөрүлүп турган эле. Заматта аппак булут ымыркайды каптап калат. Ал САВ төрөлгөн кезде киндиги кесилген абалда болчу. Эки далысынын ортосунда кызгылт берметтей болгон үстү түктүү пайгамбарлык мөөрү бар эле. Бул мөөр адамзат күтүп жүргөн бактылуулуктун белгиси болчу. Бөлмөнүн ичи нурга толуп, асмандагы жылдыздар азыр эле төгүлүп кетчүдөй болуп турду.
Ушул көрүнүп турган эбегейсиз ааламды чоң китеп сыяктуу элестетип карай турган болсок, Мухаммад САВдын нуру ал китепти жазган жазуучунун калеминин сыясы болот. Эгер ушул эбегейсиз ааламды б ир дарак деп элестетсек, Мухаммад САВдын нуру ал дарактын уругу жана мөмөсү болот. Эгер дүйнөнү бир жандуу деп элестетсек, ал нур анын руху болот. Эгер чоң инсан деп элестетсек ал нур анын акылы болот.
Мына “Лау лаака, лау лаака, ламаа халактул афлаака” б.а. “Эй хабибим! Сен болбогондо ааламды жаратмак эмесмин”-деген кудсий хадис жогоруда айтылган сырга белги берет.
Бедиуззаман Саид Нурси “Мактубат”
Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВ төрөлгөн түнү асманда бир жылдыз пайда болот. Ошол түнү таңга жуук бир жөөт курайштыктардан : “Ушул таңда араңарда бир бала төрөлдүбү?”-деп сурайт. Курайштыктар билбегенин айтышат. Ал жөөт: “Барып сураштыргыла. Анын эки далысынын ортосунда пайгамбарчылык мөөрү бар”-дейт. Тигилер барып сураштырып кайра келишет да: “Ооба, мөөрү бар бир бөбөк төрөлүптүр”-дешет. Ошондо жанагы жөөт эси учун жоготкондой: “Пайгамбарчылык жөөттөрдөн эми кетти. Курайштардан күчтүү мамлекет куралып, анын даңкы чыгыш менен, батышка чейин жетет”-деп кыйкырат. Демек ошол таңда Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВ төрөлүшүн асмандагы жылдыздар да жымыңдап алкыштап жатышты.
Бул түндө Ирандагы Мадайин аймагында жайгашкан Кисра өкүмдарынын сарайынын өтө бекем болгон 14 мунарасы кулап түшөт. Бул окуя Отту ыйык тутунган Кисранын өкүмдарлыгынын келечекте кулаарына ишарат кылат эле. Пайгамбарыбыз САВдын төрөлүшү тек гана Аллахка ишенген бир диндин келе жатканынан кабар берет эле.
Каабанын ичи ар кандай коргошун болоттун куюлган буттарга, идолдорго толуп кеткен эле. Пайгамбарыбыз САВ төрөлөөрү менен буттар улуу окуяга туруштук бере албай кулап талкаланып жок болушту. Бул окуя Пайгамбарыбыз САВ бутпарастыкты тазалап жок кылган бир пайгамбар экенинен кабар берет. Ошол эле кезде жүрөктөрдө идол сыяктуу болгон руханий кирлерди да Куран жана Сүннөтү менен тазалап жок кылат деген маанини туюнтуп турат.
Истахрабадда 1000 жылдан бери күйүп турган от заматта өчүп калат ошол таңда. Пайгамбарыбыз САВ отко сыйынуу ишенимин да жок кыла турган улуу пайгамбар экенине ишарат кылат бул окуя.
Ыйык деп эсептелген Сава көлү заматта соолуп калат. Демек Ал САВ Аллах уруксат бербеген нерселерди ыйык тутууга тыюу сала турган бир пайгамбар болот.
Чыгыш менен Батышты жарык кылган Нур каптайт. Б.а. Ал Зат алып келген Кураны менен, дини менен бүткүл адамзатты Нурга, бактылуулука жетелейт.
Ошол бактылуу таңда асмандан жылдыздардын жерди көздөй жаап турганын көрүшөт.
Чоң атасы Абдулмиталиб сүйүнгөнүнөн төө, кой, эчки сойдуруп үч күн бою сый тамак берет. Мекке шаарынын ар бир аймагында төөлөрдү курмандыка чалып элге таратат. Атын ким койдуң деп сурашканда, “Мухаммад!”-деп жооп берет. Бирок “Эмне үчүн ата-бабабызда жок атты койдуң”-дешкенде, “Аллах жана инсандар аны макташын каалайм!”-деп жооп берет.

Пікірлер: 518
@asanaytmatov2187
@asanaytmatov2187 6 жыл бұрын
Аттин ай бир эле жолу лайк басылатдааа
@КүмүшбекАлтынбеков
@КүмүшбекАлтынбеков 6 жыл бұрын
Asan Aytmatov эч ким аттиң дебесин
@rasulbekkypchakov6255
@rasulbekkypchakov6255 6 жыл бұрын
Мен алахха гана ишенем
@baiamantorokulov1519
@baiamantorokulov1519 6 жыл бұрын
Аттин клас басбай калганда эмес, Намазыныз окулбай калганда айтыныз...
@НуралиТургунбаев-д2ь
@НуралиТургунбаев-д2ь 5 жыл бұрын
Аллахым арбир момун мусулмандарды жанатыдан насип этин Аамин
@ШерикУсеналиев-э4ъ
@ШерикУсеналиев-э4ъ 5 жыл бұрын
Asan Aytmatov дзюдо
@tilekjumabaev8229
@tilekjumabaev8229 6 жыл бұрын
Мен суйуном мусульман болуп торолгонумо журогубузго ыйман толсун
@АзатАзатович-п9е
@АзатАзатович-п9е 6 жыл бұрын
Аллах сенден ыраазы болсун! Мусулман бир тууганым
@РахатРоыово
@РахатРоыово 5 жыл бұрын
аллах улук мухаммад сав алланын елчиси уммоту болгонубузга шугур кылалы
@МахлиёАвазова
@МахлиёАвазова 5 жыл бұрын
Азыр адамдар мусулман болуп туруп жаман ишке барат.
@abdulhafiz2836
@abdulhafiz2836 5 жыл бұрын
Инша Аллах
@МеняСамые
@МеняСамые 5 жыл бұрын
@@РахатРоыово АЛЛАХ жана Мухаммад чон тамга менен жазылат
@ЖалиевКурманбек
@ЖалиевКурманбек 6 жыл бұрын
САЛЛАЛЛАХУ АЛАЙХИ ВАССАЛЛАМ!
@Карачачмендеболотбарыуачач
@Карачачмендеболотбарыуачач 6 жыл бұрын
Эх кандай керемет бактылуулук бир гана ислам дининде ❤😍😘бирок эмнеге билип туруп аракет кылбай жатабыз ошол окундурот ,окууган адамдын уну уккулукту аябай сонууун Аллах раазы болсун сизге😊
@ФатимаМатиева-д6ф
@ФатимаМатиева-д6ф 5 жыл бұрын
Саллаллооху алайхи васаллам
@АйжамалСабирова-ы7о
@АйжамалСабирова-ы7о 4 ай бұрын
намазга жыгулууга дуа кылып койунуздарчы.
@bekkeldiev3640
@bekkeldiev3640 6 жыл бұрын
Журогум апкаарып толкунданып соз менен айта албаган ыйык сезимдер менен уктум автор сизге рахмат Аллахым сизден ыраазы болсун
@yasirasultanova4024
@yasirasultanova4024 6 жыл бұрын
Бейиш нуру силерге ийгилик дагы коп коптон чыгара бергиле сураныч🙏
@nurlanasabaev9934
@nurlanasabaev9934 6 жыл бұрын
Эн сонун салам салаваттар болсун пайгамбарыбызга
@yasirasultanova4024
@yasirasultanova4024 6 жыл бұрын
Аллах раазы болсун
@МеридаБекдаирова-л6б
@МеридаБекдаирова-л6б 6 жыл бұрын
Аллахым ар бир МУСУЛЬМАНДЫН журогуно ыйман Берсин!!!
@лесго-ц8ю
@лесго-ц8ю 6 жыл бұрын
Мерида Бекдаирова амиин амиин
@лесго-ц8ю
@лесго-ц8ю 6 жыл бұрын
Мерида Бекдаирова Ыйман болсо баары болот туурабы Мерида айым
@МеридаБекдаирова-л6б
@МеридаБекдаирова-л6б 6 жыл бұрын
Руслан Р ..оа туура😊
@лесго-ц8ю
@лесго-ц8ю 6 жыл бұрын
Мерида Бекдаирова сиз ватсап номеринизди бересизби??
@МеридаБекдаирова-л6б
@МеридаБекдаирова-л6б 6 жыл бұрын
Руслан Р кандай суроо бар эле?
@РинатРинат-е2н
@РинатРинат-е2н 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун абдан маңыздуу видео экен
@КанатбекБердибаев
@КанатбекБердибаев 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун.,тез тез чыгарып тургула.
@tuketashmatov2598
@tuketashmatov2598 5 жыл бұрын
Аллахым раазы болсун сиз дерге
@ТакеброУрматулин
@ТакеброУрматулин 4 жыл бұрын
Аттинай эгер мумкун болсо 1 миллион лайк басмакмын! Аллахым ыраазы болсун сиздерден👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@tynchtykbek069
@tynchtykbek069 6 жыл бұрын
Сиздерге Аллах Таала ыразы болсун
@munarbekbazarkulov7808
@munarbekbazarkulov7808 6 жыл бұрын
Маа Шаа Аллах! Аллах ыраазы болсун!🤲 Үнүңүзгө Бали! Кудайым ушундай белгилерди жеткирсин деп, үндү өтө уккулукту берген го! Күтөбүз, ийгилик! Жамаатыңыздарга Аллах ыраазы болсун!!!🤲🤲🤲
@uulkankochkorova7633
@uulkankochkorova7633 6 жыл бұрын
Munarbek Bazarkulov
@asanaytmatov2187
@asanaytmatov2187 6 жыл бұрын
СубаханАллах эң сонун өтө сонун сабак болду Аллах раазы болсун даагыда күтөбүз ийгилик каалайм ишиниздерге
@ЖамалбекКозубаев-ъ1ы
@ЖамалбекКозубаев-ъ1ы 6 жыл бұрын
Алла раазы болсун шугур кыламын
@jandatmusaev4161
@jandatmusaev4161 5 жыл бұрын
аалага шугур кылалы
@БекмырзаАбдраимов-я1е
@БекмырзаАбдраимов-я1е 6 жыл бұрын
Аллах раазы болсун Аллах улук машшалла жакшы насаат екен
@beijiknoier3850
@beijiknoier3850 2 жыл бұрын
Ушу тамманы чыгаргандарга АЛЛАХ раазы болсун
@ыйехх
@ыйехх 6 жыл бұрын
Оооо Аллах озун улуксун озун мееримдуусун ..ЛАА ИЛААХА ИЛЛОЛЛОХ МУХАММАДУР РАСУУЛУЛЛОХ
@ИнаятАкматова-б1и
@ИнаятАкматова-б1и 3 жыл бұрын
Аллахым раазы болсун
@жоробеж
@жоробеж 2 жыл бұрын
❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️🤲🤲АЛЛАХ бизге баарыбызга бейишинди Насип кыла кор е жаратуучум.
@ЖамалканРаимова
@ЖамалканРаимова 6 жыл бұрын
"Бейиш нуру"передачы сиздердин ишиниздерге чыгармачылык ийгиликтер болсун,Алла ыраазы болсун,тексти эн соонун,адамга уккулуктуу уну м-н уйутуп,окууган авторго да ыраазычык билдирип,"Алла ыраазы болсун"деп айтмакчыбыз,мага именно ушул корсотуу аябай Алланы таанууга жардам берип,Алладан кечирим сурап,намаз окуй баштадым.
@АсылРахимов-ъ4е
@АсылРахимов-ъ4е 6 жыл бұрын
рахмат
@КурманжанМаксаткулкызы-в8з
@КурманжанМаксаткулкызы-в8з 5 жыл бұрын
Аллах окуган намазынызды кабыл кылсын омиин
@ВенераТемирова-м3т
@ВенераТемирова-м3т 2 жыл бұрын
Мен баарына рахмат айтам
@nurgulhamytalikyzy5377
@nurgulhamytalikyzy5377 2 жыл бұрын
@@АсылРахимов-ъ4е х Э
@adurahmanbapanov7305
@adurahmanbapanov7305 12 күн бұрын
О Аллахым сага мактоо шугурлор болсун. Жана Мухаммад Пайгамбарыбызга. Салам салаваттар болсун.❤❤❤❤
@АйзаткааЖумабаева
@АйзаткааЖумабаева 6 жыл бұрын
😭😭😭😭😭😭ооооо аллах билип билбей кылган кунолорубуз болсо озун кечир
@ЖумагулСулайманова-г8о
@ЖумагулСулайманова-г8о 5 жыл бұрын
Аллах чон тамга мн жазылат
@кыргызКыргызстан-е8щ
@кыргызКыргызстан-е8щ 5 жыл бұрын
Амиин
@кыргызКыргызстан-е8щ
@кыргызКыргызстан-е8щ 5 жыл бұрын
@@ЖумагулСулайманова-г8о Ассаляму алейкум туура с праздником Рамадан
@Кыргызстанкелечегихуанхе
@Кыргызстанкелечегихуанхе 5 жыл бұрын
Амин
@АйдемилАйдаралиев-п9ю
@АйдемилАйдаралиев-п9ю 5 жыл бұрын
Амиин
@МадинаЮлдашева-э7й
@МадинаЮлдашева-э7й 6 жыл бұрын
Аллахка шүгүр Альхамдулиллах ☝️☝️👐🤗😊
@БауржанБауржан-щ3и
@БауржанБауржан-щ3и 4 жыл бұрын
Бойдоксунбу
@АйтбайСуранов
@АйтбайСуранов 6 жыл бұрын
risale-i nur МААША АЛЛАХ
@ГулзатАлдарова
@ГулзатАлдарова 6 жыл бұрын
Аллаах ыраазы болсун , 25 Пайгамбарларыбыздын өмүр баянын айтып берип тургулачы сураныч
@кыргызКыргызстан-е8щ
@кыргызКыргызстан-е8щ 5 жыл бұрын
Ассаляму алейкум
@phirdausabdillaev2060
@phirdausabdillaev2060 6 жыл бұрын
أللهم صل على محمد و على ال محمد.ما شآءالله😢😢😢أمين
@МурзалиУсонов
@МурзалиУсонов 6 жыл бұрын
АЛЛАХ ыраазы болсун! Урматтуу видео коруучулор кааласанвздар Рисалеи нур аттуу китепти окусаныздар журокту жумшарткан соонун сабактар бар.
@Жаныл-з4ы
@Жаныл-з4ы 2 жыл бұрын
Аллахым ы́раазы болсун
@temirlanysonuulu5706
@temirlanysonuulu5706 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун
@baigazyamanbaev8357
@baigazyamanbaev8357 6 жыл бұрын
Маа шаа Аллах, Алла ыраазы болсун сиздерге!!!
@chynarbektolobekov9318
@chynarbektolobekov9318 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун пайгамбарыбызга!
@kunduzkalykova5828
@kunduzkalykova5828 5 жыл бұрын
Он сегиз мин ааламдын ээси Аллах Таалама чексиз мактоолор, чексиз шугурлор,чексиз тообалар болсун.Суйуктуу пайгамбарыбыз САВга.саламдар жана салаваттар болсун.Амин.
@КАМАЗСАМОСВАЛ-л8м
@КАМАЗСАМОСВАЛ-л8м 3 жыл бұрын
Аллахумма солли аъла саййидина Мухаммад!
@КаримКыргызбаев
@КаримКыргызбаев 6 жыл бұрын
Аллах ыразы болсун
@zharkynai626
@zharkynai626 3 жыл бұрын
СубханАллаh! Аллоhумма солли ъалаа сайидина Мухаммад
@bahakgz11
@bahakgz11 5 жыл бұрын
АЛЛАХ ☝️ жалгыз жана анын элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В сатам салаваттар болсун.
@bishbish6817
@bishbish6817 6 жыл бұрын
Алла Таала ыраазы болсун
@БазаргулАбдуманнопова-ц9и
@БазаргулАбдуманнопова-ц9и 3 жыл бұрын
Аллахыма мин мерте шугур мусулман болуп торолгонумо ☝💞💞💞💞💞💞💖💖💖💖
@КенешуулуБурхан
@КенешуулуБурхан 6 жыл бұрын
Эн соонун мыкты даражада чыккан !!Аллах раахы болсун.
@sghhkfjdvjugjjg1742
@sghhkfjdvjugjjg1742 5 жыл бұрын
Аллахым баарыбыздын билип билбей кылган гунолорубузду кечир.
@саматэдилов-е3с
@саматэдилов-е3с 4 жыл бұрын
МУХАММАД САЛЛАЛЛАХУ АЛАЙХИ ВАССАЛЛАМ.саллалаху алайхи вассаллам,саллалаху алайхи вассаллам.
@anarbekkutuzov9109
@anarbekkutuzov9109 3 жыл бұрын
Аллах жалгыз Жана анын элчиси пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) га салаваттар болсун.
@МажитМожубаев
@МажитМожубаев 6 жыл бұрын
Аллах раазы болсун сезге ...рахмат
@БакытПаязов-ч2п
@БакытПаязов-ч2п 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун. Дагы көп видео чыгарып туруңуздарды суранат элек. Ушул каналдагы видеолорду көрсөм эле негедир маанайыбыз ачылып, өзүбүздү жакшы сезип калабыз. Жана таасирлүү да. Кайра кайра көргүбүз келет. Тезирээк чыгарып турсаңыздар деп айтаар элек. Окуп берген авторго да өтө чоң ыраазычылык билдиребиз. Аябай түшүнүктүү окуйт. Аллах ыраазы болсун.
@ИлимМурадбеков
@ИлимМурадбеков 6 жыл бұрын
Сизди жана бизди жараткан бардан жок жоктон бар кылган аллах сизден ыразы болсун 👍👍👍👍
@Kochmon-tv
@Kochmon-tv 6 жыл бұрын
Илим Мурадбеков
@НурканАманова-п9л
@НурканАманова-п9л 5 жыл бұрын
Аллахыма мин мэртебе шугур.
@МарленИшембаев-ц7п
@МарленИшембаев-ц7п 5 жыл бұрын
Алхамдулах лайлахи илилалох мухамадар расулулох
@mcSASKO
@mcSASKO 5 жыл бұрын
Аллохума солли ала сайидина Мухаммад салоллоху алейхи вассаллям
@erlanmiller313
@erlanmiller313 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун.1 же 5,аз мүнөттүк видеолорду да чыгарып турсаңар сонун болот.Биринчи адамда эффективдүү сөздөр,диалогдор жөнүндө видеолор болсо көчөдөн адамдарды Исламга чакырганга пайда берет деген ойдомун.1 жана 3, кыскасы бир күндө 1 эле адамга 600 мүнөттөн 3 мүнөт бөлүп динге чакырып койсок балким бир жылдан кийин 10 000 деген балким дүйнөдөн млн догон адамдар күн сайын чакырылып тураар.
@ГулмайрамКараева-с5е
@ГулмайрамКараева-с5е 5 жыл бұрын
Мухаммад пайгамбарыбызга уммот кылып,туура жолго салган Аллага чексиз мактоолор болсун
@myktybekaidarbekov3222
@myktybekaidarbekov3222 6 жыл бұрын
ото мыкты видео
@yasirasultanova4024
@yasirasultanova4024 6 жыл бұрын
Сооонун сабак болду
@БауржанБауржан-щ3и
@БауржанБауржан-щ3и 4 жыл бұрын
Бойдоксунбу
@ЖумагулСулайманова-г8о
@ЖумагулСулайманова-г8о 5 жыл бұрын
Аллах улук мээримду ырайымдуу
@milk__hiro5086
@milk__hiro5086 3 жыл бұрын
Ма ша Аллах Аллах Улук зат мухаммед анын элчиси
@БекНурдинов-б8ф
@БекНурдинов-б8ф Жыл бұрын
🥺❤️👳🧕💯❤️МАШ АЛАХ АЛАХ БАР МУСУЛМАН БИР ТУГАНДАР 🤲🏻☝️🤲🏻🤲🏻 ИШЕНГИЛЕ❤️❤️💯💯💯🧕👳
@АскатМаратов-к2й
@АскатМаратов-к2й 3 жыл бұрын
Бейиште бирге бололу Мусулман Бир тугандарым Алхамдулях
@ТилекТажибаев-в2к
@ТилекТажибаев-в2к 6 жыл бұрын
машаллах
@АлинаОрозматова-я6ь
@АлинаОрозматова-я6ь 2 жыл бұрын
АЛЛАХЫМ БЕЙИШТЕН КОРУУНУУ НАСИП КЫЛСЫН🤲
@РазакЖусупов
@РазакЖусупов 6 жыл бұрын
Аллохумма сали ала сайидина Мухаммад.
@JANYARYKable
@JANYARYKable 4 жыл бұрын
_Саллаллооху алейхи ва саллам_
@ЖумагулБорончиева-н7у
@ЖумагулБорончиева-н7у 6 жыл бұрын
Мусульман болуп торолгонумо мин мертебе бактылуумун.Аллахтын керемети чексиз.
@13marllen
@13marllen 6 жыл бұрын
Жакшы экен мага тез тез чыгарыныздарчы
@dinaraabdurahmanova3141
@dinaraabdurahmanova3141 5 жыл бұрын
ООО Кудуреттуу Аллахым ыйманыбыз бекем болсун жана бактылуулукка жетеле.....
@dastanshamshiev9842
@dastanshamshiev9842 6 жыл бұрын
Рахмат сизге ото таасирдуу экен рахмат дагыда кобойтурунуз ушунда видеороликтерди ишинизге ийгилик Аллах рразы болсун
@ТуркбаеваТурдубу
@ТуркбаеваТурдубу 2 жыл бұрын
Кереметтуу Аллахка мактоолр болсун ылайым оомин.Пайгамбарыбыз Мухаммад саллолоху алейху Вассаламга мактоолр болсун ылайым оомин.Аллахым жумулай журтубузду Аллахым мееримине алган болсун ылайым оомин
@ЗамирбекЭгембердиевич-ы5й
@ЗамирбекЭгембердиевич-ы5й 4 жыл бұрын
Аллага чексиз мактоолор болсун, Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В.) салам салаваттар айталы,саллолаху алейхи йа расуралла.
@АбдиашимАбдисайитУулу
@АбдиашимАбдисайитУулу 6 жыл бұрын
МаашАллах Аллах ыраазы болсун.
@АйчурокКадырова-у7н
@АйчурокКадырова-у7н 3 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун ! САЛЛАЛЛАХУ алейхи ва салам!
@КызжибекМамадиярова-х3м
@КызжибекМамадиярова-х3м 2 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун Бейиш Нуру жамаатына ,ишиниздерге ийгилик, уну соонун укулуктуу ,тушунуктуу,кайра кайра угам 👍👍👍
@УларканАлибаева
@УларканАлибаева 6 ай бұрын
Аллахыма шүгүрлөр болсун бизди мусулман кылып жаратканына чексиз мактоолор болсун.Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.га Саламдар жана салаватар болсун чексиз чексиз Салаваттар саламдар болсун.Амиин Амиин Ажимайин
@СубаханАЛЛАХ-е8ж
@СубаханАЛЛАХ-е8ж 4 жыл бұрын
Акыркы пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Вассаламга салам жана салаваттар болсун.АЛЛАХ жалгыз
@ХасанСапихов
@ХасанСапихов 6 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун сизден ,ото жеткиликтуу айтылган,дагы да коп коп чыгарып турун ушундай видеолорду
@ДинараАскаралиева-с7в
@ДинараАскаралиева-с7в 4 жыл бұрын
Алахым озуно сексиз шугур болсун 😭😭
@АскатКыдыров-ш9х
@АскатКыдыров-ш9х 3 жыл бұрын
Мухаммад саллалоху алейку вассаламга саламдар жана салаваттар болсун
@ЧынгызИсаев-б7в
@ЧынгызИсаев-б7в 6 жыл бұрын
Пайгамбарыбыздын шапаатына насип кылсын АЛЛАХ
@zholdoshbekmantekov9051
@zholdoshbekmantekov9051 6 жыл бұрын
Allahümme Salli ve Sellim alâ Seyyidinâ Muhammedin ve alâ âli Seyyidinâ Muhammed
@pianotube7725
@pianotube7725 6 жыл бұрын
Рахмат силерге көп нерсени алдык бардык видеолордон
@shshjdhddc1013
@shshjdhddc1013 5 жыл бұрын
Аллахым пайгамбарыбыздын,шафоаты насип кылсын,сенин рахматындан умут кылабыз.😰😰😰
@АхунжанКаракозов
@АхунжанКаракозов 3 жыл бұрын
Аллага чексиз мактолор Болсун Пайгамбарыбызгс Салам саллаваттар болсун
@МамбеталиефОмуш
@МамбеталиефОмуш 3 жыл бұрын
Оо жараткан аллахым билип билбей кылган куноолорубузду озун кечир аллахым данк
@myxammedalialibaev5309
@myxammedalialibaev5309 6 жыл бұрын
Аллаху Акбар баарыбызга Аллах ыйман ынсап хидаят берсин 😢😢😢😢
@Monikess
@Monikess 2 жыл бұрын
Мусулман болуп торолуп жашап жатканыма Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун.
@blatnoikreek6260
@blatnoikreek6260 4 жыл бұрын
Пайгамбар Мухаммад с.а.в га Салам салаваттар болсун
@МужикЕсть
@МужикЕсть 5 жыл бұрын
Аллахым Мухаммад пайгамбарыбыздын шафаатына Насип кылсын амиинь
@ariitolonov7699
@ariitolonov7699 4 жыл бұрын
ИншаАллах Аллах разы Болсун Бир туганым
@ДуйшобайКурбанали
@ДуйшобайКурбанали 4 жыл бұрын
Алла ыраазы болсун сизден...саллаллааху.алейхи.васаллам,,,,
@ИльясЭсенкул
@ИльясЭсенкул 6 жыл бұрын
Салаллох Алейку Вассалам
@ДамираАрстанбекова-ц8д
@ДамираАрстанбекова-ц8д 5 жыл бұрын
МААШАЛЛАХ
@rahmatulloaitiev6688
@rahmatulloaitiev6688 4 жыл бұрын
Лаиллаха ИллаЛЛох Мухамаду РасуллоЛлах
@ТеирбекТургунов
@ТеирбекТургунов 6 жыл бұрын
Аллах ыразы болсун.кана эми жалган жашоодо да,бейиштеги адамдардай болуп жашазак.атинай ыйманыбыздын аздыгы.
@БекмурзаАйтиев-н2с
@БекмурзаАйтиев-н2с 5 жыл бұрын
МААШАЛЛАХ АЛЛА ЫРАЗЫ БОЛСУН БИЗГЕ ЖЕТКИРГЕНИНЕРГЕ
@sanjarbekabdibayituulu4095
@sanjarbekabdibayituulu4095 6 жыл бұрын
Аллоху акбар
@УмутКадырбеккызы
@УмутКадырбеккызы 3 жыл бұрын
Ас саляму алейкум Уа Рахматуллохи уа Баракатуху 🤝🏻🤝🏻🌹🌸Аллахым ыраазы болсун 🤲🏻🤲🏻Аллахтын(чексиз шүгүрлөр чексиз мактоолор болсун 🤲🏻🌸) өкүмүн, Пайгамбарыбыз (САВ) дын сүннөтүн аткарууга Аллахым насип кылсын🤲🏻🤲🏻🤲🏻Ин Шаа Аллах 🤲🏻🤲🏻 Лаа Илааха Илаллох Мухаммад расулуллах 🌸🌸🌸🌹 Лаа хавла вала куввата илла биллах🌸🌸🌹🌹 Лаа Илааха илла анта субханака инна кунту миназоолимиин🌸🌸🌹🌹 Субахаан робиял Алла🌸🌸🌹🌹 Субахаан алиюл азиим🌸🌸🌹🌹Аллохумма солли Алла Мухаммадан ва аала али Мухаммад 🌸Камма солайта алла Иброхиима ва аала али Иброхиим иннака хамидум мажид🌹Аллохумма баарик алла Мухаммадан ва аала али Мухаммад камма бароокта алла Иброхиима ва аала али Иброхиим инакка хамидум мажид 🌸🌸🌹♥️
@ТынчтыкЗаитов-б8ф
@ТынчтыкЗаитов-б8ф 6 жыл бұрын
Аллах ыразы болсун, озумо жакшы бир сабак болду . Чындыгында ааламдын мырзасы САВ бизге идеалдуу бир улгу
@aydanazakirova4849
@aydanazakirova4849 5 жыл бұрын
Оо жаратканыбыз билип билбей кылган кунобузду кечириниз
@БауржанБауржан-щ3и
@БауржанБауржан-щ3и 4 жыл бұрын
Амиин,бойдоксунбу
@jaidarabdraimova167
@jaidarabdraimova167 12 күн бұрын
Алахумма солли ьала Саййидинна Мухаммед. ❤
@maryamwsupova4406
@maryamwsupova4406 3 жыл бұрын
Аллахым ыраазы болсун амин,коп пайда алдым
@БишкекКаракол-я6и
@БишкекКаракол-я6и 6 жыл бұрын
АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ болсун. Жакшы чыгарыптыр.
@ЗинагулСайдалимКызы
@ЗинагулСайдалимКызы 5 жыл бұрын
Мухаммад (С.А.В) омур баяны боюнча толук чыгарыныздарчы билип алалы иншааллах
@baiastanmatkarimov4669
@baiastanmatkarimov4669 5 жыл бұрын
АЛЛАХЫМ ЫРАЗЫ БОЛСУН
@SAIDA-zh8lo
@SAIDA-zh8lo Жыл бұрын
Аябай сонун айтып берди,жан дуйнөм сонун болуп калды
@muslimraiimov
@muslimraiimov 27 күн бұрын
Аллах Таала ыраазы болсун сизден Бейиш нурунун автору 👏🏻 ☝🏻
@ryskeldijusupov8625
@ryskeldijusupov8625 6 жыл бұрын
Видео учун чон рахмат
@khanimaykazibekov1540
@khanimaykazibekov1540 3 жыл бұрын
Лаилаха иллаллах е аллахым чексиз мактоолор болсун баарыбызга ыйман нысап берсин
Осмон РА ким болгон?
1:05:23
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 240 М.
Мухаммед савдын балалык чагы...
9:14
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 235 М.
💩Поу и Поулина ☠️МОЧАТ 😖Хмурых Тварей?!
00:34
Ной Анимация
Рет қаралды 1,9 МЛН
SHAPALAQ 6 серия / 3 часть #aminkavitaminka #aminak #aminokka #расулшоу
00:59
Аминка Витаминка
Рет қаралды 1,6 МЛН
escape in roblox in real life
00:13
Kan Andrey
Рет қаралды 85 МЛН
Поветкин заставил себя уважать!
01:00
МИНУС БАЛЛ
Рет қаралды 6 МЛН
ХАЛИД БИН ВАЛИД
37:59
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 171 М.
سورة البقرة كاملة رقية للبيت, علاج للسحر - القارئ علاء عقل Sourate Al-Baqara
3:52:00
ABDULLOH DOMLA MUSO ALAYHISSALOM QISSASI
3:50:33
ISLOM VA SUNNAT
Рет қаралды 2 МЛН
Ифк окуясы
34:38
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 75 М.
Мухаммед САВдын апасынын каза болушу...
8:43
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 168 М.
💩Поу и Поулина ☠️МОЧАТ 😖Хмурых Тварей?!
00:34
Ной Анимация
Рет қаралды 1,9 МЛН