Рет қаралды 315
Ошентип @muslimevents.kg менен биргеликте эки күндүк кайрымдуулук жарманкебизди өткөрдүк, анын максаты - үйсүз калган жана көчөдө түнөгөн Палестинанын тургундарына жылуу жууркан сатып алуу үчүн каражат чогултуу.
Жарманкеге ата мекендик өндүрүш товарлары, зергер буюмдар, аксессуарлар, балдардын жана өспүрүмдөрдүн кийимдери, табигый кам көрүү косметикасы, тиричилик буюмдары жана башка көптөгөн нерселер коюлду. Көптөн күткөн «Тилектештик. Палестина” кийимдери жана жоолуктары жарык көрдү, аларды @ummastore_kg баракчасынан алсаныздар болот. Биздин өнөктөшүбүз, жаңы халал кофейнясы @savanna.coffee жарманкенин бардык конокторун таттуулар, даамдуу чай менен кубандырды жана бардык менюга 5% арзандатуу берди!
Жарманкенин ар бир катышуучусуна, алыстан келген конокторго, досторубузга жана жазылуучуларыбызга, банкасын алып келген балдарга, жеринде материалдык, ошондой эле моралдык жана маалыматтык колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз🤲🏻
Каражат чогултуу уланат. Азап тарткан палестиналыктарга жардам колун сунуп, аларга жылуулук жана үмүт тартуулоого салым кошуңуз.
🇦🇪Реквизиттер:
О деньги: 0703302080 A.K
Оптима банк: 4169585349744937 S.K
Эльсом: 0707200093 К.А
Мбанк: +996 700 117 738 И.А
Байланыш үчүн телефон: + 996 707 200 093