Рет қаралды 107,140
Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны жашына карабай көп болууда. Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев муну өнөкөт оорулары бар экенин билбей жүрө берген адамдардын көптүгүнөн көрөт. Ошондой эле коронавируска кайдыгер карап, илдет өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылып жаткан жарандар арбын экенин белгилейт. Ооруканалардагы азыркы абал, коронавирус менен ооруган адамдын өпкөсү, бийликтин кемчиликтери тууралуу Турдалиев "Азаттыкка" айтып берди.