Президент С.Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына барды

  Рет қаралды 75,970

Ала-Тоо 24

Ала-Тоо 24

Күн бұрын

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына барды.
Мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкты.
Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге геологдордун божомолдору боюнча баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн.
Садыр Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.
Андан соң Президент Солтон-Сары кен жайында 1994-жылдан тартып Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан «Солтон-Сары кени» ишканасына барды. Ишкана «Кыргызалтын» ААК филиалы.
Мамлекет башчысына ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо иштеринин көлөмү, бюджеттик төлөмдөрү, иштетитлген инвестициялардын суммасы, инвестор-компания «Авелум Партнер» тарабынан пландалып жаткан кошумча салымдар тууралуу маалымат берилип, ошондой эле алтын чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлдү.
Азыркы учурда «Солтон-Сары кени» филиалы жана «Авелум Партнер» ЖЧК достук келишимдин негизинде Алтын-Төр тилкесинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.
«Кыргызалтын» ААК мамлекеттик компаниясын өнүктүрүү максатында Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга ага өлкөнүн аймактарынан кошумча кен жайларын иштетүү үчүн бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алар бир катар көйгөйлүү маселелери менен кайрылшыты, анын ичинде экология жана жол түйүндөрүнө тиешелүү.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарды кунт коюп угуп, аларга жооп берди.

Пікірлер
Нарын - тоо койнундагы шаар
36:26
Азаттык
Рет қаралды 391 М.
Кыргызстан жаңылыктары 21 00. Түз эфир
39:00
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 2,2 М.
How Much Tape To Stop A Lamborghini?
00:15
MrBeast
Рет қаралды 137 МЛН
Из какого города смотришь? 😃
00:34
МЯТНАЯ ФАНТА
Рет қаралды 1,5 МЛН
Нарын. Булганган дарыя, жарылган түтүктөр
20:24
Али Токтакунов
Рет қаралды 9 М.
АГА ХАНДЫ АЛКАГАН НАРЫН || ЫДЫРЫС ИСАКОВ
39:28
Ыдырыс Исаков - эркин журналист
Рет қаралды 217 М.
Трамп Украинаны Путинге жығып бермек / Әлем тынысы
40:14
Басты жаңалықтар / Новости Казахстана
Рет қаралды 127 М.
Ресей күш алды
8:48
Ойтүрткі
Рет қаралды 12 М.
ШАЙЛОО-2024: ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР АЙЫМДАР ҮЧҮН ОНЛАЙН-МЕКТЕП, 4-КҮН
1:58:47
Академия местного управления Центральной Азии
Рет қаралды 607
Солтон-Сары: эл эмнеге нааразы?
45:51
Азаттык
Рет қаралды 26 М.