Рет қаралды 1,972
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды.
Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Мухаммед Аль-Жассерге салам жолдоп, Ислам өнүктүрүү банкынын 50 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин, ушул жарым кылымдын ичинде ИӨБ дүйнөдө кадыр-барктуу, аброю бийик каржы институтуна айланып, мүчө-өлкөлөргө колдоо көрсөтүү менен алардын өнүгүшүнө талыкпастан салым кошуп келерин баса белгиледи.
Президент Кыргызстан глобалдык чакырыктарга карабастан, акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын ырастады. 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы триллион сомдон ашты, бул өлкө үчүн тарыхый окуя болду жана экономикалык өсүштө маанилүү прогрессти күбөлөндүрүп турат.
Мамлекет башчысы ИӨБ менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн олуттуу жыйынтыгы катары “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасы саналарына басым жасады, анын алкагында калкты турак жай менен камсыздоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 млн АКШ доллар бөлүп берет. Бул каражатка болжол менен 1800 үй-бүлөнү социалдык турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Бул өңүттө ал ИӨБга “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча долбоорго финансы институтунун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүү өсүшүн канааттануу менен белгиледи.
Ал Кыргызстан өзгөчө табиятынан улам жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ экенин баса белгилеп, ири долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мухаммед Аль-Жассер ошондой эле кичи ГЭСтерди куруу, адам ресурстарын өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорлорду каржылоону кароону сунуштады.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга кошкон олуттуу салымы үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди “Достук” ордени менен сыйлады.
*****
Президент Садыр Жапаров принял президента Исламского банка развития Мухаммеда Аль-Джассера
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 июня, принял президента Исламского банка развития (ИБР) Мухаммеда Аль-Джассера.
Состоялся обмен мнениями по вопросам дальнейшего углубления двустороннего сотрудничества и реализации совместных проектов.
Глава государства, поприветствовав Мухаммеда Аль-Джассера, поздравил с 50-летием Исламского банка развития.
Садыр Жапаров подчеркнул, что Кыргызстан придает первостепенное значение сотрудничеству с ИБР, который за эти полвека стал признанным и уважаемым финансовым институтом в мире, вносящим вклад в развитие стран-участниц путем оказания поддержки.
Президент констатировал, что Кыргызстан в последние годы демонстрирует стабильный рост экономики, несмотря на глобальные вызовы. В 2023 году валовой внутренний продукт превысил триллион сомов, что стало историческим событием для страны и свидетельствует о значительном прогрессе в экономическом развитии.
Глава государства акцентировал, что важным результатом двустороннего взаимодействия с ИБР стала реализация программы «Мой дом - 2021-2026», в рамках которой для обеспечения населения доступным жильем Исламский банк развития выделит Кыргызстану 79 млн долларов США. На эти средства планируется обеспечить социальным жильем порядка 1800 семей.
Вместе с тем, Садыр Жапаров отдельное внимание уделил реализации крупных проектов в сфере энергетики. В данном контексте он предложил ИБР рассмотреть возможность участия финансового института в проекте строительства ГЭС «Камбар-Ата-1».
В свою очередь, президент Исламского банка развития Мухаммед Аль-Джассер выразил благодарность за теплый прием и с удовлетворением отметил уверенный рост экономических показателей страны.
Он подчеркнул, что благодаря уникальной природе Кыргызстан обладает большим потенциалом развития зеленой энергетики и выразил готовность к дальнейшему углублению сотрудничества в реализации масштабных проектов.
Мухаммед Аль-Джассер также предложил рассмотреть финансирование проектов по строительству малых ГЭС, развитию человеческих ресурсов, сокращению бедности и поддержке социально уязвимых семей.
В завершение встречи Президент Садыр Жапаров за значительный вклад в социально-экономическое развитие и повышение уровня благосостояния Кыргызской Республики наградил Мухаммеда Аль-Джассера орденом «Достук».