Рет қаралды 56
Прокуратура кызматы улуттук идеологияны жүргүзүүдө көч башында келе жатат.
Прокуратура кызматын кыдырып Манас айтуу жөрөлгөсү башка мамлекеттик мекемелерди да жандантып койду.
Манасчыга жигит чаптырып кадырлап күткөн окуяны өткөн доордогу манасчылардын мисалында угуп келсек бу сапар Кара-Кулжа районунун прокурору Кубат Абдымамбетов агабыз райондук таймашта отурсак бир баласын жиберип иш бөлмөсүндө Манас угайын дегени ич жылытты. Болбосо ага чейин байланышым жок эле. Же чалып такташкан деле эмесмин. Бул кылганы Манаска болгон сый-урмат деп билдим.
Жылуу кабыл алып, улуттун уңгусуна кайдыгер карабаган бардык район, шаар жана облустагы прокуратуранын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Калган кызыктуу окуяларыбыз менен тасмадан таанышыңыздар.
(Бу Нурбек жыргап ар кайсы прокуратурадан тыйын көрүп жүрөт дегендер үчүн тактап айтып коейун. Бир да прокуратурадан жатакана, тамак-аш же жана башка чыгымдарга акча каражатын сурабай чын дилден кыдырып Манасыбызды айтып, батабызды берип келдик.)