Жүрөктө жаз - Үнү жок (минус) кыргызча караоке тексти менен

  Рет қаралды 299,108

Ыркесе

Ыркесе

Күн бұрын

🎵 Тургунбек Бекболотовдун сөзүнө жазылган Намат Накешовдун "Жүрөктө жаз" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минус) варианты тексти менен.
🎤"Жүрөктө жаз" ырынын уну бар (Лира Райымбекованын откаруусунда) варианты • ЛИРА РАЙЫМБЕКОВА - Жүр...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Намат Накешовдун өздүк ютуб каналы: / @namat_nakeshov
#ыркесе #НаматНакешов #ЛираРайымбекова #журоктожаз #yrkese
======================================================
- Жүрөктө жаз ----
Сөзү: Тургунбек Бекболотов
Обону: Намат Накешов
Аткаруучу: Лира Райымбекова
------------------------------
Асылзатым, азабым да жыргалым,
Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.
Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,
Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.
Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,
Андан бери өттү жылдар бир далай.
Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,
Келе атабыз сезимдерди булгабай.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.
Жароокерим, жыргалым да азабым,
Капилеттен түшкөн эле назарым.
Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,
Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным, көкүрөктө от жагып,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз.

Пікірлер: 34
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Наамат Накешовдун "ЖҮРӨКТӨ ЖАЗ" ыры тексти менен, кыргызча караоке үнү жок минусовка варианты. Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫
@gulpanaabdrasulova982
@gulpanaabdrasulova982 Жыл бұрын
Гулнур Сатылганованын үнүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун Биз экөөбүз ырын суранам. Бул жактан жоголуп кетти, таппай жатам
@АйсалкынТаштанбекова-и1ж
@АйсалкынТаштанбекова-и1ж 2 ай бұрын
😊😊​@@gulpanaabdrasulova982
@АйперимЭркинбеккызы
@АйперимЭркинбеккызы 2 жыл бұрын
Жакында эле ушул минуска голос тушуруп ырдап журом,соонун чыгарма мага аябай жагат
@МинураТураева-ь5к
@МинураТураева-ь5к Жыл бұрын
Сонун ыр. Сөзү да , обону да төп келишкен. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
@БактыгулБайтикова-ф9с
@БактыгулБайтикова-ф9с Жыл бұрын
Сонун ыр,сонун аткаруучу.
@MoldaalyUstamov
@MoldaalyUstamov 5 ай бұрын
Ушул ырдын обону эң эле мыкты ,угуп тойбойсун!!!!!
@abaialim7326
@abaialim7326 5 ай бұрын
Мага ушул ыр Абай жагат унуно береке
@КалияДолдоева
@КалияДолдоева 2 жыл бұрын
Сонун рахмат.Жамал Абдукеримова аткарган серенаданы минусовкасы берсенер зор болот эле.
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Сунушуңуз кабыл алынды
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Сиз сураган ырдын караокеси каналга жүктөлгөн
@АльбинаЖылдызбеккызы-р4в
@АльбинаЖылдызбеккызы-р4в Жыл бұрын
Кайырмадагы экинчи сап аягы дүйнө мас бы же дүйнөм аз бы
@АлтынайОторбаева-д7э
@АлтынайОторбаева-д7э Жыл бұрын
Дилбар райымбекова аткарган омур керемет деген ырдын минусовкасын чыгарып бергилечи
@myrzarakhmatov6365
@myrzarakhmatov6365 Жыл бұрын
Намат Накешов агабыз кай жактын кулуну? Баракелде. Деги эле тойбойм ушул ырды угууга...
@МирзатМамытович-м9н
@МирзатМамытович-м9н 2 жыл бұрын
Намат акенин бул ырын Лира эже анча жеткире алган Эмес ийинине а вот ошол эле Таластын Чолпонбай айылынан Гулира Сыйдалиева келтиргенда
@venerasagyndykova7502
@venerasagyndykova7502 2 жыл бұрын
Лира жеткире ырдаган үчүн элге сиңди да ичи тарлыктын эмне кереги бар ...Ойлонуп сүйлөсөңүз...колуңуздан келсе ырдап чыгыңыз келбейби анда жакшы каалоо тилек айтып коюңуз ...
@МирзатМамытович-м9н
@МирзатМамытович-м9н 2 жыл бұрын
@@venerasagyndykova7502 Намат аке менин акем болот а биринчи ошол ырды таркатыш учун биринчи Гулира эжебиз ырдап чыккан анан Лира эже ырдап чыкты болгону Лира эже таанымал киши ошондуктан силер тушунбой эле Лира элге синирди деп атасынар
@МирзатМамытович-м9н
@МирзатМамытович-м9н 2 жыл бұрын
Намат аке мн Гулира экоо дом культурада чогу иштешет ошону билип анан сен суйло да болгон чындык ошондой болгону Гулира эже атактуу Эмес да а биздин тушунук ошондой калыптанып калган хоть ырдай албаса да таанымал анан Ичи таарлык дейсинер ишенбесен экоонун Тен версиясын угуп корсон кимдин уну , аранжировкасы кандай экенин тушуносун
@АйжанМырзалиева-э5э
@АйжанМырзалиева-э5э 2 жыл бұрын
@@МирзатМамытович-м9н Гулира эже ырдаган ыр барбы мен укпапмын чыгарып корбойсуздорбу экоонун кимиси жакшы ырдаганын билелик . Мага Лира эженин ырдаганы аябай жагат унуну назин кубулжуп турат. Сизге чын ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм!
@МирзатМамытович-м9н
@МирзатМамытович-м9н 2 жыл бұрын
@@АйжанМырзалиева-э5э Гулира Сыйдалиева суйуу казалы деп жазсаныз ютубда бар
@ФаридаИбираева
@ФаридаИбираева Жыл бұрын
Себелейт муздак жамгыр Кишимжан ырдаган ырдын караокесин суранабыз
@ЖузумканКубанычова
@ЖузумканКубанычова 2 жыл бұрын
👍👏🤲
@НазгульСарбаева-н9в
@НазгульСарбаева-н9в 2 жыл бұрын
Фарида Карбосова ырдаган "дагы дагы "деген ырдын караокесин чыгаргылачы
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
макул
@НазгульСарбаева-н9в
@НазгульСарбаева-н9в 2 жыл бұрын
@@Yrkese 🙏👍
@НаргизаПарманова-ф3о
@НаргизаПарманова-ф3о 2 жыл бұрын
Турмуш деген ушундай деген ырдын караокесин чыгаргылачы
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Сунушуңуз кабыл алынды
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Ыр каналга жүктөлгөн
@ШайыргулНурматова
@ШайыргулНурматова Жыл бұрын
Ат башымдын боогачын сенин болоюн деген ырдын караокесин чыгаргылачы сураныч .
@АйымИсакбекова
@АйымИсакбекова 2 жыл бұрын
Каримова ырдаган Тушумдо деген ырдын минусун чыгарып берип койгулачы🙏🏻
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
кезекке койдук
@nurzatbektemirova4862
@nurzatbektemirova4862 2 жыл бұрын
👍👍👍флешкага жазып бересиңерби?
@kalbuibraimova6076
@kalbuibraimova6076 11 ай бұрын
Сонун, ушул ырды дайыма ырдайым, суйуп ырдап журом
когда не обедаешь в школе // EVA mash
00:57
EVA mash
Рет қаралды 3,1 МЛН
Spongebob ate Patrick 😱 #meme #spongebob #gmod
00:15
Mr. LoLo
Рет қаралды 16 МЛН
Самое неинтересное видео
00:32
Miracle
Рет қаралды 2,9 МЛН
28.09.2024 Күндеми | Жума жыйынтык || Регион ТВ
42:40
Телеканал Регион
Рет қаралды 2,1 М.
Орук зарга кетели - КАРАОКЕ
3:53
Mashrapov Seyit
Рет қаралды 941 М.
Ыссык кол бизге ортомчу  Гулбу Ороскул кызы . краоке минус
3:39
Кыргызча караоке ырлыры
Рет қаралды 32 М.
Гулжигит Сатыбеков кош бол караоке
4:13
Mashrapov Seyit
Рет қаралды 600 М.
Элера Кабылжан кызы - Муңайба Адеми | OST Х/Ф “Карындаш”
2:50
когда не обедаешь в школе // EVA mash
00:57
EVA mash
Рет қаралды 3,1 МЛН