Рет қаралды 14,407
Рахат Аманованын жаңы эле басылган китебинен дагы бир чыгарманы окудум - «Күмүш кемер». Аңгемеде кемердин символикалуу жүгү, озуйпасы бар, кайнатасынан «небереме» деп атап берип жиберген аманаты. Бирок тагдыр дегениңдин өзүнүн көздөгөнү бар турбайбы. Ошентсе да чыгармадагы башкы ой ал деле эмес - адамгерчилик, мээрим, кечиримдүүлүк, адам менен адам ортосундагы назик мамиле. Дал ушуларды улук тутуп жазылганы байкалды. Күнүлөшүнө карата зөөкүрлүк менен кайдыгерликти келин да, күйөөсү да, туугандары да сезген жок. Бирок Бүбү энеден бала сурап барган келин кийин эмне үчүн өзгөрдү? Чындап эле анын жүрөгүндө башка адамга, күйөөсүнүн биринчи майып аялына жылуулук орнодубу же бул «тагдырдан өзүнө бала сураган соодасыбы»? Көп ойго сала турган чыгарма экен. Угуңуздар!