Рет қаралды 70,908
Бүгүн, 6-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов МУУКга суракка келип, ал жактан саат 18:15те чыкты. Ага учкай суроолорду берип, жооп алып калдык. Учурда сөз болуп жаткан, өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 миллион доллар жөнүндө суроого ал 700 миллион доллар эмес, 7 тыйынга тиешеси жок экендигин жана Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн Айэркен Саймаитини тааныбасын айтты. Сурак бүткөнчө эч жакка кетпесин жана ага жалган жалаа маалымат таратып, аброюна шек келтирген журналист Али Токтакуновду жана экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергендигин билдирди.