Рет қаралды 77,245
New TV Патруль. Комментарийсиз видео.
Автор: Илязбек Балташев.
Бишкекте автоунаасынын терезесин караңгылатып алган айдоочуларга карата Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен ЖКККБ кызматкерлери биргеликте рейд уюштурду. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Бузуулар боюнча кодекске ылайык, маңдайкы терезелерин караңгылатып алгандарга чараны Транспорт министрлиги көрөт. Буга чейин бул милдет ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында болчу.