Эрлан Андашев - Бөлүнбө (LIVE CONCERT)

  Рет қаралды 77,510

Эрлан Андашев

Эрлан Андашев

2 ай бұрын

Эрлан Андашев - Бөлүнбө (LIVE VIDEO)
Сөзү: Акбар Кубанычбеков
Обону: Эрлан Андашев
Режиссер: Умар Ка
Режиссёр жана монтаж Темирлан Жумабеков
Операторлор:
Асылбек Мейманов
Таалай Шабданов
Таалай Апиев
Куштар Осмоналиев
Калыс Кадыркулов
Баяман Осмонов
Асылбек Эсенгул уулу
Данияр Амантур уулу
кран : Эсенбеков Бектур
дрон : Данияр Арзыматов
Оркестровка: Нурмат Абдрахманов, Мирлан Ниязов
1. Музыканттар:
🥁 Бакыт Жумагулов
🪘Айзар Касымов
🪗 Руслан Исаков
🎸 Денис Калючий
🎹 Марат Жунушов
🎹 Мирлан Абдыраев
🎸 Эльдияр Бакчиев
🎼🎧 Эдиль Гайфулин
🎤 Айгуль Джумакунова
🎤 Юлия Арзыкулова
🎤 Канболот Эрбаев
🎤 Уларбек
Чолпон-Ата шаары. Ипподром
22 Июль. 2023 ж.
Ала-Тоонун боорунда,
Ак барс жатат карачы.
Ал тоолорду ээлеген,
Мен кыргыздын баласы.
Деген менен алыстап,
Бир туугандар арасы.
Таарынычты толтурган,
Көңүлдөрдүн жарасы.
Мекен деген жаштардын,
Кыркылууда канаты.
Бабалардын калтырган,
Кайда калды санаты?
Душмандашып бөлүндүк,
Таба албай арачы.
Качан туулат билбеймин?
Кыргыздын эр Манасы.
Кайырма;
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө.
Кыраандар канаты,
Канаты чабылды.
Караңгы түн болуп,
Калп жалаа жабылды.
Кыргызга күйгөндөр,
Душман деп табылды.
Тартуулап кетишкен,
Эгемен таңымды.
Аталар бейити,
Ааламга жаңырды….
Арнагын Мекенге,
Каныңды, жаныңды.
Жумшагын өсүүгө,
Бардык күч алыңды.
Бөлүнбөй сактагын!
Намысың арыңды!!!
Чоңдорго да айла жок,
Сөзү ширин балкытат.
Дагы канча билбеймин?
Хандын башын хан жутат.
Айыл, көчө, урууга,
Түрү менен бөлүндүк.
Дүйнө кезип чачырап,
Азайдык да, төгүлдүк.
КАЙЫРМА:
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө.
Коштогон азаптар,
Кор кылган сапаттар.
Кыргызды жок кылган,
Эки-үч адат бар.
Тариздеп карайын,
Баардыгын санайын.
Ачыгын айтамын,
Жектебе агайын!
Жүрөктү канатат,
Көңүлдө кара так.
Көпчүлүк негедир,
Көрө албас, ичи да
Тар болуп баратат.
Жаманын жок кылбай,
Баарына таратат.
Эл кайда баратат???
Кайда бара жатасың?
Хан кыргыздын тукуму?
Араздашпай алыстап,
Биригүүнүн учуру!!!
Ырылдашсак ырк кетип,
Душман күлөт табалап!
Аталардан таберик,
Ата Журтум - аманат.
КАЙЫРМА:
Бөлүнбөгүн эй тууганым бөлүнбө,
Бөлүнгөндөр бакыт таппайт өмүрдө.
Бөлүнбөгүн кыргыз калкы бөлүнбө,
Бөтөн элдер шылдың кылат сөзүндө.
Все права защищены
Copyright © Эрлан Андашев

Пікірлер: 162
@user-ut3tn2on7y
@user-ut3tn2on7y 2 ай бұрын
Кыргыз халкына жалынды салам. Ерлан. Андашев. бауырым чон рахмат! Игилик калаймын. 🖐️🙌🙌👋👋👍👍👍🙏🙏🌹🌹🌹🥀🎉🎈🌷🌷🌷♥️😘🇰🇿🇰🇿🇰🇿
@nurgulsagymbaeva8137
@nurgulsagymbaeva8137 2 ай бұрын
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@Erlan_Andashev
@Erlan_Andashev 2 ай бұрын
Чон рахмат 🇰🇬🇰🇿❤️
@user-ut3tn2on7y
@user-ut3tn2on7y 2 ай бұрын
@@Erlan_Andashev Эрлан. бауырым чон рахмат. 🖐️🙌👋👍👍🙏🙏🙏😘♥️🇰🇿🇰🇿🇰🇿
@basyzbek_baratov
@basyzbek_baratov 2 ай бұрын
Болунбогун Кыргыз калкым болунбо! Болунгондор бакыт таппайт омурдо 🇰🇬💪🏻
@Erlan_Andashev
@Erlan_Andashev 2 ай бұрын
🔥🔥
@millenniumsky9433
@millenniumsky9433 2 ай бұрын
Аябай таланттуу инсан экен. Бул чыгармасын коптон куттук эле, себеби жандуу ун менен уккан элек концертинде. Ошол концертте Эрлан мырза айтты эле, акча толоп келген сон, биз ошого жараша аракет кылып, фонограмма эмес жандуу ун и эч ким уга элек жаны чыгарманы укканга силер татыктуусунар деп. Эрлан мырза мен мындай концерт коргон эмесмин Кыргызстанда. Жандуу ун. Аура. Озу да адамды тартып турат. Уровень башка. Красава. Чынын айтканда, силердин концертинерден кийин, башка концертке киргин деле келбей калат экен. Келинчегим экообуз берген 5000 сомго татыктуу концерт коро алдык. Бир жери бизди окундурду. Гул алып албаганыбыз. Ойлодук эле, тологон 5000сомдун ичинде гулу деле бар деп. Корсо жанылышкан экенбиз. Кийинки концертинди чыдамсыздык менен кутобуз. И обязательно гул менен барабыз. Концертке коротулган акча, короткон убактыбызга окунбодук. Аягында кеткибиз келбей аран кеттик. Эртеси куну кайра баргыбыз келди чынында. Чоон рахмат. Ийгилик Эрлан мырза. Мы твои кумиры. Окуп жаткан элдер учун кыстырма - мен Эрлан мырзанын таанышы или тууганы эмесмин. Болгону куйорманымын. Это так для информации.
@user-jx6cf3qm5u
@user-jx6cf3qm5u 2 ай бұрын
Азаматсыз байкеси 2024 эн алдынкы ыр болот буйруса 👍👍👍👍
@Ormonovaibek
@Ormonovaibek 2 ай бұрын
Байкеси, атасы деп жубайлар күйөөсүн тергеп айтат!
@user-jr8oc5ji2q
@user-jr8oc5ji2q 2 ай бұрын
Ушул ырды журогунор менен уксанар Кыргыз элим болунбо. Бири бирнерди короалбастык кылбагыла ырыс алды ынтымак
@user-ub3pg1zl1e
@user-ub3pg1zl1e 2 ай бұрын
ЭРЛАН азаматсын Ырыскынды которо билген КЫРГЫЗДЫН жигитисин сага чыгармачылык
@behappy924
@behappy924 2 ай бұрын
КЫРГЫЗДЫ ТЕК ГАНА КЫРГЫЗ ЭМЕС, КЫРГЫЗГА ДУШМАНДАР ГАНА БОЛОТ. МЕН БӨЛҮНГӨН КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ ДЕП САНАБАЙМЫН. ДУШМАН ДЕП БИЛЕМИН. ОШТОН БААРЫҢАРГА АССАЛОМУ АЛЕЙКУМ.
@user-vn6bm1no1p
@user-vn6bm1no1p 2 ай бұрын
🤣🤣🤣
@user-pj6ev9hd8c
@user-pj6ev9hd8c 2 ай бұрын
Браво!!! Керемет ан, саттилик сизге!!! "Болингенди бори жейди" дейди казак, болинбеу керек, тамаша ан жаса бауырым!!! Казакстан актобеден
@user-ir5qv1xw6l
@user-ir5qv1xw6l 2 ай бұрын
Бөлүнбө Кыргыз Бөлүнбө, ✊🏻🇰🇬ДУХТУ КӨТӨРӨ ТУРГАН ЫР БОЛУПТУР.
@user-jt2xy1zi6t
@user-jt2xy1zi6t 2 ай бұрын
Соонун ыр болуптур Кыргыз эли учун чыкан ыр экен 👍
@user-gb5pv8ys3n
@user-gb5pv8ys3n 2 ай бұрын
Эрлан Андашевтин ар бир чыгармасы хит болот го алга Кыргыз элим буйруса онугуп осуу жолундабыз баардык тармактан жылыш болуп атат
@user-ie3ov3ry4r
@user-ie3ov3ry4r Ай бұрын
Кыргыз элим Эрлан байкенин ырларынан рекорт койолучуу болушунча лайк басалы. Суйуу ырын уккандар копбу же Мекенди суйгондор кобу далилдейличии❤🇰🇬
@user-wt5vo7sc4u
@user-wt5vo7sc4u 2 ай бұрын
Кыргыз экениме чексиз шугурлор болсун. Себеби ушундай кучтуу эрлан андашевдей ырчвлар бар. Шугур шугур шугур
@user-ql2uv3dh2b
@user-ql2uv3dh2b 2 ай бұрын
ВАЙ МОЛОДЕЦ ЭРЛАН ЫРЫНДЫН МАНИСИ БАР ЧЕП БАШКАЛАРГА КАРАГАНДА АЗАМАТ ИЙГИЛИК 👍🏻👍🏻👍🏻💪💪💪🤝🤝🤝💥💥💥💥🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-ec8zu8bb9z
@user-ec8zu8bb9z 2 ай бұрын
Сонун ыр болуптур эрлан байке ишинизге ийгилик Уй булолук бакыт
@user-tq8ph2oi4r
@user-tq8ph2oi4r 2 ай бұрын
Башталалек го ыры
@user-yz1me5nz4f
@user-yz1me5nz4f 2 ай бұрын
Эрлан Андашев молодец. Биз кубанычтабыз, сага ийгилик...
@botcomputer5390
@botcomputer5390 2 ай бұрын
Болунбойлу!!! Элибизден ынтымак кетпесин!!! Терен ыраазычылык билдиребиз!!!
@user-io5vl3jg5q
@user-io5vl3jg5q 2 ай бұрын
ALGA KYRGYZ АЛГА КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬
@user-ie3ov3ry4r
@user-ie3ov3ry4r Ай бұрын
🇰🇬😍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬😍🇰🇬😍🇰🇬. Соз жок таланттуу элдин уулдарынан таншыган таланттар чыгабереттура азаматсыз мекенчил анан өзгөчө термин. Бирик кыргыз! Улутчул дешет билбеген улутун кимдер сүйбөгөн. Кыргыз деп жашап дүйнөдө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн! Алга Кыргызстан жаша Кыргыздар 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@Venera1991-ob4dh
@Venera1991-ob4dh Ай бұрын
Эң сонун. Талантынызга таазим кылам. Ийгилик гана тилейм эң сонун ыр жана сөздөрүндө кандай гана чоң маани. Кыргызым бөлүнбө
@user-ls2bp4lk8u
@user-ls2bp4lk8u 2 ай бұрын
Керемет ыр болуптур 🎉❤
@Mari-ik1lk
@Mari-ik1lk 2 ай бұрын
Эрлан азаматсын балам онорун оркундой берсин, жылдызын бииктен жансын,ыр сонун жазылыптыр.
@user-ps8du2op8r
@user-ps8du2op8r 2 ай бұрын
Лайк баскыла туугандар бекерго
@user-kz3di1rz7z
@user-kz3di1rz7z 2 ай бұрын
Керемет ыр жаша Кыргызым болунбо Кыргызым алгалай бер особер Кыргызым❤❤❤❤❤
@user-kr9cy5ce1g
@user-kr9cy5ce1g 2 ай бұрын
Манас айткандай эле болду мага,азаматсыз,чарчабаныз шоу дуйнодо осо бериниз❤
@urmanalieva1717
@urmanalieva1717 2 ай бұрын
Молодец мага жакты Мааниси дагы вокал, музыка баары сонун 🥳🥳🥳🥳👍👍👍👍👍🙌🙌🙌🙌👏👏👏👏👏👏👏💪💪💪🧠🧠🧠🧠🧠🧠🧠🤩🤩🤩🤩🤩🤩
@user-jp5tf7bj4n
@user-jp5tf7bj4n 2 ай бұрын
Сооону ыр 🎉🎉🎉Мыкты ырчы Эрлан байке👍👍👍👍
@user-oy5xh2im7o
@user-oy5xh2im7o 2 ай бұрын
Ото талантуу адамда сонун чыгармаларды ырдайта жарашаат озуно
@user-mk9vy7cc7b
@user-mk9vy7cc7b 2 ай бұрын
Азаматсын Эрлан алгалай берсин арбир талант чыгармаларын, Жакшы маанилуу жаратыпсын
@user-yh1fr9sh5c
@user-yh1fr9sh5c 2 ай бұрын
Игилик бир тууганым 🤲🇰🇬
@user-ir5qv1xw6l
@user-ir5qv1xw6l 2 ай бұрын
Тата Улан экөө дуэт Аткарганда мындан да соонун болмок 🇰🇬✊🏻
@user-vz2bf3et8f
@user-vz2bf3et8f 2 ай бұрын
Эрлан ден соолукта өтө сонун ырдапсын 🎉
@ParrreLimon-ci9kf
@ParrreLimon-ci9kf 2 ай бұрын
Соонуууун 🤝🌺❤️💕👆🤲👆🤲🤝
@user-dg2xi5zj7z
@user-dg2xi5zj7z Ай бұрын
🎉🎉🎉🎉ЖИНДИИ ЫР ЭКЕН ЖУРОКТУН КЫЛЫН ЧЕРТКЕН РАХМАТ оркунун тууга жетсин 🎉🎉🎉
@user-ol2zr6mb7l
@user-ol2zr6mb7l 2 ай бұрын
Катуу Эрлан качает качает ❤❤❤❤ базар бар бар Алга менин Кыргыз журтум
@seinekochorova5195
@seinekochorova5195 2 ай бұрын
Азаматсын Эрлан тынчтык ынтымак кк ушундай кыйын заманда
@mansurgaparov
@mansurgaparov 2 ай бұрын
Алга зор болуптур Бомба
@SagynbekCharbav
@SagynbekCharbav Ай бұрын
Бала легенда болуп калды бул уравин браво
@Dokturbekovna-fi3mo
@Dokturbekovna-fi3mo Ай бұрын
Жакшы болуптур Кыргызстана алга 🎉🎉🎉🇰🇬🇰🇬🇰🇬😇😇😇
@timakekas
@timakekas 2 ай бұрын
Эрлан сила дон
@user-ke1tz3fp6j
@user-ke1tz3fp6j 2 ай бұрын
Алга Кыргызстан ❤❤❤
@user-vj8ri7zv5u
@user-vj8ri7zv5u Ай бұрын
Эрлан Азамат! Эң сонун ыр болуптур! Башыңда түлкү тебетей, бутуңда кончтуу өтүк оюу түшүрүлгөн жана колуңда камчы болгондо накта кыргыздын баатыр жигити болуп калмак экенсиң.
@user-jd1eg1eq5t
@user-jd1eg1eq5t 2 ай бұрын
Молодец эн сонун алга Кыргыз
@user-dd3oj6yf1b
@user-dd3oj6yf1b 2 ай бұрын
Ким видиосун тартса ото Жогорку денгээлде тартыптыр
@user-nd8cm2pe9c
@user-nd8cm2pe9c 2 ай бұрын
Улак оюну болгондо коюш керек ушул ырды
@Bolot-ed2km
@Bolot-ed2km Ай бұрын
бойго чыкканда ушул ыр менен чыккыла спортчулар ❤
@klaraosmonkulovaosmonkulov6996
@klaraosmonkulovaosmonkulov6996 2 ай бұрын
Азаматсын Эрлан....Ыр сонун.
@user-zn2dk7ef1m
@user-zn2dk7ef1m 2 ай бұрын
Эрлан, эн мыкты ырчы! Азаматсын, эн керемет ыр экен. Алла колдосун сени,кыргыздын азаматы 👏👍
@Kaku-ci4bf
@Kaku-ci4bf Ай бұрын
Азаматсын!
@azirethadiev1385
@azirethadiev1385 2 ай бұрын
Красный васток Алга 🔥🔥🔥🔥🔥
@user-pv1bv8wu2o
@user-pv1bv8wu2o 2 ай бұрын
Азаматсын чыгармачылыгына албан,албан ийгилик,денсоолук👏🏻🤲👍
@nurzada0910
@nurzada0910 5 күн бұрын
Крассавчик
@user-qt9mw6bl1o
@user-qt9mw6bl1o 2 ай бұрын
Алгаа🎉🎉🎉🎉🎉🤩🤩🤩😍😍
@user-mj6gn8uo3x
@user-mj6gn8uo3x Ай бұрын
Красавчик
@user-wk8hk7vm7e
@user-wk8hk7vm7e 2 ай бұрын
Супер песня 🎉🎉🎉
@user-dz4ej3mj2r
@user-dz4ej3mj2r 2 ай бұрын
Эрлан Азаматсын
@user-zc6tx3gc3o
@user-zc6tx3gc3o 2 ай бұрын
❤❤ супер,
@user-cm6eq6ie1f
@user-cm6eq6ie1f 2 ай бұрын
Азаматсын Эрлан эн соонун !!! Атагын дуйножузуно тарасын!!!
@nurlan5862
@nurlan5862 2 ай бұрын
Азамат! Бөлүнбө КЫРГЫЗ! Бөлүнгөндү бөрү жейт!
@user-fn6zp2jz9n
@user-fn6zp2jz9n Ай бұрын
Кана эмесе Ковёрчулар ырдап коргуло❤❤❤
@zoripaslan3609
@zoripaslan3609 Ай бұрын
Он лучше чем Атабеков, во всех аспектах, дерзай красава!
@user-uq3hh1yk6c
@user-uq3hh1yk6c 2 ай бұрын
Эрлан мындай чыгарчы клип жок эле бул ырынды бул ырынды суйуп калдым
@user-lc5yo9hn4u
@user-lc5yo9hn4u Ай бұрын
Реально болунбо Кыргызстан
@user-fr8oy4rz2m
@user-fr8oy4rz2m 2 ай бұрын
Куч биримдикте!!!
@user-dt5cj9cp9w
@user-dt5cj9cp9w 2 ай бұрын
Соонун ыр экен молодец Эрулан👍👍👍🔥🔥🔥🔥🔥
@user-fn5lc9us9q
@user-fn5lc9us9q 2 ай бұрын
Просто огонь бомба❤❤❤❤❤❤❤
@Adiko_0114
@Adiko_0114 2 ай бұрын
Чын эле кыргызым болунбойлу !Баарыбыз сураша келсек биртууганбыз !Элибизге ынтымак болсун !Баарынарды жана арбиринерди жакшы кором мекендештерим!
@user-sr7dv5xz2j
@user-sr7dv5xz2j 2 ай бұрын
Талантына на таазим❤
@user-wt5vo7sc4u
@user-wt5vo7sc4u 2 ай бұрын
Маладец Эрлан Андашев 🎉🎉🎉🎉
@user-yx5of3ox7z
@user-yx5of3ox7z 2 ай бұрын
Привет , отличный голос браво ❤
@user-wo4zh3sb5t
@user-wo4zh3sb5t 2 ай бұрын
Эрлан азаматсын! Чыгармачылык ийгиликтер жарала берсин!Бекем ден соолук,узун омур тилейбиз. Дагы,дагы сонун ырларды жаратмандык менен тартуулай бер,Кыргыз элине.Ишин жемиштуу болсун!Бугунку патриоттук ырын,элди ойлондурду.Алыста журосун аман бол!Уй булондун,ата-энендин кучагында.АДАМКЕРЧИЛИКТУУ БОЛ!
@user-sp2xm1bq6i
@user-sp2xm1bq6i 2 ай бұрын
Азаматсын 🎉🎉🎉🎉🎉эн сонун 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-vp7xv4fk6n
@user-vp7xv4fk6n 2 ай бұрын
Кыргызстаным ❤🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-nn1up6zx4u
@user-nn1up6zx4u 2 ай бұрын
❤❤❤❤Мына талант сонун❤❤❤❤❤
@user-ql3yp1mk3c
@user-ql3yp1mk3c 2 ай бұрын
Сонун ырдайт Эрлан алгалай бер,молодец
@user-ky2qu4vo1z
@user-ky2qu4vo1z 2 ай бұрын
Эрлан талантуу сыйлыка татыктуу жигит 👍🥇
@user-yd1dt8hp5k
@user-yd1dt8hp5k 2 ай бұрын
Кыргыз болгонума кудайга шугур, ынтымактуу болуп онуголу кыргыз элим ❤🎉
@user-wi8si7by2m
@user-wi8si7by2m 2 ай бұрын
Болунбош керек! Бирок нарындыктар жапайы, таластыктар опкосу жок болот!
@user-xy1kh8ih9h
@user-xy1kh8ih9h 2 ай бұрын
Өзүң жапайы
@adylchynarbekov916
@adylchynarbekov916 2 ай бұрын
Укмуш ыр экен чынын да спортчулар учун
@UrokTupim
@UrokTupim 2 ай бұрын
Мыктысын Эрлан ырларың жакшы ырдайсың сонун
@user-ou4fh9ex9j
@user-ou4fh9ex9j 2 ай бұрын
Кудай сактасын бөлүнгөн дөн
@user-me8ey4bc8m
@user-me8ey4bc8m 2 ай бұрын
Красавчик жарайсын керемет
@user-qu1mj1xy9g
@user-qu1mj1xy9g 2 ай бұрын
Керемет чыгарма
@user-ib6gn5dw8n
@user-ib6gn5dw8n 2 ай бұрын
Алгааа Эрлан Андашев сонун ыр екен
@nurbek3024
@nurbek3024 2 ай бұрын
Молодец
@omalbonu7857
@omalbonu7857 2 ай бұрын
Биримдикде биздин куч! ❤🎉
@adylchynarbekov916
@adylchynarbekov916 2 ай бұрын
1:22 жери музыкасы жакты духту которот го чиркин
@mir9282
@mir9282 2 ай бұрын
Өтө сонун ыр болуптур. Эми Туран жөнүндө ушундай кылып ыр чыгар тууган
@user-sq4rk5mx3k
@user-sq4rk5mx3k 2 ай бұрын
Хип Хоп айтып салыптырсызго азаматсыз Болуп жаргандарга тийешелуу Ыр экен
@user-dh8rk2wf1f
@user-dh8rk2wf1f 2 ай бұрын
Болунгонду Бору жейт
@user-bk9sg2fz9r
@user-bk9sg2fz9r 2 ай бұрын
Эрлан красавчик экенсин
@zhannamusaeva9544
@zhannamusaeva9544 2 ай бұрын
🎉🎉🎉🎉❤Молодец ар бир ыры хит,мааниси терен тарбиялык мааниси чон ырлары.👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻Ийгилик
@user-pj6lz1yn8e
@user-pj6lz1yn8e 2 ай бұрын
АЛГААААА КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬 ☝️ 🇰🇬
@user-yi3wu2kt9t
@user-yi3wu2kt9t 2 ай бұрын
Ваууу 🎉🎉🎉🎉 бомбааа
@user-zf2vl1zj9n
@user-zf2vl1zj9n 2 ай бұрын
Соонун ыр болуптур🎉🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉
@user-ok8cc6rf9u
@user-ok8cc6rf9u 26 күн бұрын
Эрлан Андаш Тата Улан экоо Бир аламбы ?
@user-rt7xf4ow7k
@user-rt7xf4ow7k 2 ай бұрын
отто Соонун ❤❤❤
@maralim892
@maralim892 2 ай бұрын
Ваууу❤
@AkbarjonAkbarjon-um1xr
@AkbarjonAkbarjon-um1xr 2 ай бұрын
Отто сонун маладец нукыра патриот кыргыздын жигитиго алга
@user-ik8os4ct5h
@user-ik8os4ct5h 2 ай бұрын
❤❤❤🎉🎉🎉😊Эн сонун ун,эн сонун аткаруу!!!🎉🎉🎉❤❤❤ Омурун узуун болсун, Аллахым колдосун сени❤❤❤🎉🎉🎉
Эрлан Андашев - Ырлар жыйнагы
30:25
НОТА МЕДИА 🎶
Рет қаралды 294 М.
Эрлан Андашев - Кыргыз жери  [LIVE CONCERT]
4:00
Эрлан Андашев
Рет қаралды 39 М.
Do you have a friend like this? 🤣#shorts
00:12
dednahype
Рет қаралды 43 МЛН
Pray For Palestine 😢🇵🇸|
00:23
Ak Ultra
Рет қаралды 29 МЛН
Эрлан Андашев  - Ашыгым / OST  БирКүнТүн
3:06
Эрлан Андашев
Рет қаралды 38 МЛН
Мирлан Баеков, Бек Борбиев - Жаз айым / 2022
4:32
Мирлан Баеков
Рет қаралды 119 М.
Эрлан Андашев - Сүйө албаймын  [Жаңы клип 2024]
2:39
Эрлан Андашев
Рет қаралды 514 М.
Эрлан Андашев - Кыргыз жери / Жаны 2022
3:53
Эрлан Андашев
Рет қаралды 297 М.
Sadraddin - Если любишь | Official Visualizer
2:14
SADRADDIN
Рет қаралды 66 М.
Jaloliddin Ahmadaliyev - Yetar (Official Music Video)
8:28
NevoMusic
Рет қаралды 2,8 МЛН
Diana Ismail - Kezdeser (Official Music Video)
4:01
Diana Ismail
Рет қаралды 837 М.
aespa 에스파 'Armageddon' MV
3:33
SMTOWN
Рет қаралды 22 МЛН
Nursultan Nazirbaev - Gul Gul (премьера песни) 2024
2:37
Nursultan Nazirbaev
Рет қаралды 154 М.