Эрнис Турсунов. "Ак көпөлөк" | Аудио китеп

  Рет қаралды 16,312

Төрөкул Дооров

Төрөкул Дооров

Күн бұрын

Эрнис Турсунов. "Ак #көпөлөк"
Акын, прозаик, драматург жана белгилүү котормочу Турсунов Эрнис Нурдинович 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Нурдин Серкебаев Кыргызмамбастын директору болуп кызмат аткарып, ошол кездеги китепке суусап турган кыргыз элине алгачкы китептерди, окуу китептерди чыгаруунун үстүндө иштеген. 1938-жылдагы кандуу репрессия Нурдин Серкебаевди да жөн койгон эмес, ал жалган жалаага кабылып, 28 жаш курагында атууга кетет. Анын сөөгү кийин Ата-Бейиттен табылган. Эрнистин экинчи атасы Кененбай Турсунов партиянын Ысык-Көл обкомунун бөлүм башчысы, Ысык-Көл, Тоң, Тогуз-Торо райкомдорунун биринчи катчысы кызматтарында иштейт. Өз атасынан жаш калган Эрнисти экинчи атасы жана энеси Сабира Телтаева-Турсунова жогорку билимдүү адамдар болгондуктан,уулуна жакшы тарбия беришип, анын илим-билим алышына камкордук кылышкан. Эрнис Турсуновдун акындык шыгы эрте ойгонуп, адабият дүйнөсү менен жашынан таанышып, зээндүү өсөт. Ал эң алгачкы чыгармасын он эки жашында жазат. 1948-жылы анын "Ак-Сууга саякат" деген чакан аңгемеси, "Тынчтык үчүн" деген биринчи ыры 1950-жылы чыккан. Студенттик кезде жазган "Гүл" деген ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. "Достук сыры" прозалар жыйнагы 1957-жылы жарык көргөн. Эрнис Турсунов Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университетти бүтүрөт. Ал окуусун бүтүргөндөн тартып маданият, искусство жаатындагы кызматтарда иштейт. Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орун басары, Кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Тажикстан жана Кыргызстан мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, "Мектеп" басмасында улук редактор, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, кыргыз телерадиокомитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы кызматтарын аткарып келген. Эрнис Турсунов акын жана прозаик гана болбостон драма жанрында да абдан ийгиликтүү жана жигердүү иштеди. Анын калеминен чыккан "Айчырайлуу кыздар", "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр", аттуу драмалык чыгармалар жазылып жана театрдын репертуарына зор салым кошуп келди. Анын "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагун", аттуу опералык либреттолоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка жазышкан, анын обондуу ырлары да арбын болгондуктан ушу аталган композиторлор анын ырларына обон да жазышканы белгилүү.
#Эрнис Турсунов абдан таланттуу жана ошонусуна карата өтө талыкпай көп изденип, көп окуган инсан. Анын чыгармаларын окуган окурман Турсуновдун стилиндеги чилистендик жагдайды дароо эле байкайт. Анын ар тараптуу билимге ынтызарлыгы жана куйма кулактыгы өзгөчө котормо адабияттарынан көрүнүп турат.Чындыгында да Эрнис Турсунов эч нерседен тартынбаган, эгер кези келсе тилинен да колунан да келе турган көйкашкалыгы бар адам эле. Анан ошого жараша кажыбас кайраттуулугу, майтарылбас күчтүү эрки жана шер мүнөзү менен айырмаланып туруучу. Аны менен ар ким эле тил табышып, көзүнө тик багып карап, теңата болуп кете алчу эмес. Ошондой мүнөзүнө карабай абдан сезимтал жана боорукерлиги байкалып турса да, кырс мүнөздүү, чукул кыялдуу бирок да абдан назик, сулуу, мыкты сапаттарга өтө изгилик менен мамиле кылып, андай сапаттарга же чыгармаларда кезиккен таамай саптарды, таасын образдарды, ошондой мүнөздүү чыгармачылыкка өткөрө баа берип баалай биле турган, калыстыгы да бар болучу.
(Адабиятчы-илимпоз, котормочу Рахима Сыдыкованын макаласынан үзүндү. Аны толугу менен мына бул жерден окусаңыз болот; adabiyat.kg/er... )
Эрнис Турсуновдун башка чыгармаларында угам десеңиз:
• Эрнис Турсунов | Ажал ...
• Эрнис Турсунов | Рахма...
• Эрнис Турсунов | Отузд...

Пікірлер: 25
Эрнис Турсунов | Эргеш аке | аудио китеп
37:04
Төрөкул Дооров
Рет қаралды 15 М.
He bought this so I can drive too🥹😭 #tiktok #elsarca
00:22
Elsa Arca
Рет қаралды 62 МЛН
Angry Sigma Dog 🤣🤣 Aayush #momson #memes #funny #comedy
00:16
ASquare Crew
Рет қаралды 51 МЛН
Келечектен кабар берген  Калыгул Олуя
14:26
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Рет қаралды 161 М.
116. Мен жана дүйнө (кыргыз тили)
24:25
ҮМҮТ ЖЫЛДЫЗЫ
Рет қаралды 456
Далдалчынын уулу (аңгеме) /Абдиламит Матисаков / Үнкитеп
32:45
Жүрөк муздаган күн. Санжи Туйтунова. Аңгеме
7:32
Чолпон Качкынбековна
Рет қаралды 30 М.
Элмирбек Иманалиев  акыркы ырлары
48:47
Менден Ал
Рет қаралды 2,3 МЛН
He bought this so I can drive too🥹😭 #tiktok #elsarca
00:22
Elsa Arca
Рет қаралды 62 МЛН