РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ - Сагындым туулган жер сени - караоке

  Рет қаралды 203,824

Ыркесе

Ыркесе

2 жыл бұрын

🎵 Рыспай Абдыкадыровдун "Сагындым туулган жер сени" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Автордун аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ - Сагындым туулган жер сени ырынын үнү жок (минус) варианты • Сагындым туулган жер с...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #караоке_тексти_менен #karaoke_kg #yrkese
======================================================
-- "Сагындым туулган жер сени" --
Сөзү : Б.Алыбаев
Обону : Р.Абдыкадыров
Аткаруучу: Рыспай Абдыкадыров
---------------------
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Сары оору болуп ансызда, э-э-эй,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Калдайган сары талааңда, а-а-ай,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денемде,
Сезимди бийлеп келесиң.
Сел жүрүп дайым денеде, э-э-эй,
Сезимди бийлеп келесиң.
Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
Тыйылбай такыр кусалык, э-э-эй,
Тынчыбай койду санаалар.

Пікірлер: 77
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Рыспай Абдыкадыровдун “Сагындым туулган жер сени” ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫
@user-uy4gh6my5s
@user-uy4gh6my5s Жыл бұрын
да
@user-ry3wr9pc5n
@user-ry3wr9pc5n Жыл бұрын
Кыргызча ырларды кутобуз 👍👍👍👍👍👍👍
@user-wg7gk1qw8l
@user-wg7gk1qw8l Жыл бұрын
2222⅔2²2²²2²²🎃🎃🎃🎄
@user-xj8ro7uv7d
@user-xj8ro7uv7d 6 ай бұрын
❤❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉👍👍👍👍👍👍👍
@user-wq7zp7vt9u
@user-wq7zp7vt9u 19 күн бұрын
Аман эсен иштеп келип алгыла ишинерге ийгилик туугандар
@user-om3xd2nq2n
@user-om3xd2nq2n 22 күн бұрын
Рыспайдын ырларын укканда көңүлүм ачыла түшөт. Ырларын кыргыз көбү билет демек . Рыспай тирүү.
@mirahon9589
@mirahon9589 Жыл бұрын
Рысбай Абдыкадыровдой артист, ырчы, обончулар 1000жылда келе турган таланттар
@user-uc2ht2ym9j
@user-uc2ht2ym9j 2 ай бұрын
❤❤
@user-zq5rd4yr6d
@user-zq5rd4yr6d Жыл бұрын
Ырчы деп ушул агабызды айтам мен!!!👍👍👍💪🥰
@user-co7zn8ip6y
@user-co7zn8ip6y 10 күн бұрын
Рыспай Абдыкадыровдун ырлары кулактын эмес журоктун ырлары.
@user-ns2mw3pc5k
@user-ns2mw3pc5k Жыл бұрын
Кандай Гана керемет аткаруучулук талант! А обонучу!
@user-il9wb5jx3i
@user-il9wb5jx3i Жыл бұрын
Ошо
@Roza-fm3pw
@Roza-fm3pw 6 ай бұрын
Биздин Шопенибиз!!!
@user-wv5il9hq2j
@user-wv5il9hq2j Жыл бұрын
Мындай ырчы , мындай ыр 1 эле жаралган. Ырысбай аке чыныгы улуу (гений) инсан. Рыспай Абдыкадыров - ырдын пири. Ал эми, бул сагындым туулган жер сени деген ыр. Бүт классикалык ырлардын төрөсү деп айтар элем.
@user-rl7hu3pv4m
@user-rl7hu3pv4m Жыл бұрын
Гоп жылдар бироонун элинде бироонун жеринде гопчулук жердештер мигрант болуп журобуз .Ушул ырды ар дайым эртен менен бир угуп анан ишке жономой адатка айланткамын .Туулган жерге болгон суйуу сагынуу ар бир мигрант болуп жургон жердештеримдин ушул ырды укканда журогу аркылуу откозсо керек деп ойлойм.Ырысбай агабыздын жаткан жери жайлуу болсун .Ырысбай агабыздай ыр менен мекенге болгон суйуусун айткандыгы ар бир эле ырчынын ушундай денгеелде колунан келе бербесе керек
@karalevakoreleva
@karalevakoreleva Ай бұрын
😢😢😢😢😢😢😢мен да угуп отуруп ыйлап алдым
@user-xk5sm6hh5k
@user-xk5sm6hh5k Ай бұрын
Гоп жылдар гопчулук г деп кыйынсынбай эле коп жылдар копчулук деп к менен эле жазабергилечиле туугандар Кыргыз деп эле жазылатго Гыргыз эмес.
@user-rw7ur1gg8f
@user-rw7ur1gg8f Жыл бұрын
Мен азыр Россия жергесиндемин. Угуп олтуруп туулган жерлеримди коз алдымдан откордум. Рыспай агабыздын жайы жанната болсун.
@kanybekmatsakov6667
@kanybekmatsakov6667 3 ай бұрын
Ырыспайдын ыры калды, бул дуйнодо..!!!. Кыргыз бар ырдалаберет!!!.
@user-uc2ht2ym9j
@user-uc2ht2ym9j 2 ай бұрын
🎉😢
@user-vo8ju2wh9x
@user-vo8ju2wh9x Жыл бұрын
Мекенимди сагындым, ырды угуп козумо жаш алдым
@user-gi6zo7us1j
@user-gi6zo7us1j 6 ай бұрын
Мен дагы,торт жыл болду бара албай журом Мекениме,ооба сагындым тууган жер сени деп ушкуруп алам,аман эсен жетеличи Мекенибизге
@user-gb3wg3jl9p
@user-gb3wg3jl9p 3 ай бұрын
Ажап бобтур😂😂
@tohrjonkockorof357
@tohrjonkockorof357 10 ай бұрын
Ырысбек.Легенда Кайра Кайра угам Тойбойм Браво ❤❤❤❤❤
@user-oz9nj1ig7j
@user-oz9nj1ig7j 7 ай бұрын
Атын туура жазсаң.
@user-so6pv5dh4s
@user-so6pv5dh4s 5 ай бұрын
Рыспай акемин ыры менен өстүм. Акардеонду мынчалык ойногон инсанды көрбөдүм. Жаның жаннаттан болсун аке!
@gulnaraeshanova6890
@gulnaraeshanova6890 3 ай бұрын
Бул ырды ар Бир мигрант журогу менен кабыл алса керек, себеби: алыста жургондо билинет, туулган жердин кадыры!❤
@user-go3rq7cv8c
@user-go3rq7cv8c 2 ай бұрын
Кыргызстанда жургондо угуп журогум менен сезбептирмин , Москвада журуп угуп сагынычым кучоп атат
@user-cv4hg6dt4q
@user-cv4hg6dt4q 2 жыл бұрын
Туулган жериримди сагындым,эн сонун,ыр.
@ilgod7099
@ilgod7099 Жыл бұрын
Сагындым туулган жеримди❤
@user-zx4ry7ol3k
@user-zx4ry7ol3k 2 ай бұрын
Аруагыннан айналайын Рысбай ага кандай керемет олен жаткан жериниз жумсак жайлы болсын сиздей Адам мын жылда Бир туылатын шыгар сиздин олендеринизге мын тагзым!!!
@mayrakarabekova2249
@mayrakarabekova2249 Жыл бұрын
Эң мыкты 👍
@user-dr3lc3fd5c
@user-dr3lc3fd5c Жыл бұрын
Туулган жерди сагындым.
@user-qd3zj3rm1g
@user-qd3zj3rm1g 2 жыл бұрын
Текста за душу берут...
@user-uc2ht2ym9j
@user-uc2ht2ym9j 2 ай бұрын
❤❤😂😂🎉😢
@user-md9yr1ed1k
@user-md9yr1ed1k Ай бұрын
Манас соонун ыр екен
@user-oz9nj1ig7j
@user-oz9nj1ig7j 7 ай бұрын
Эмне деген жагымдуу чыгарма.жуз жылда бир келген талант.азыр бул ыр кайрадан жашарып,жаш муун ырдап келе жатат.Рысбай аке ырлары менен Элдин жүрөгүндө жашайт.
@user-ww7pv8gn2n
@user-ww7pv8gn2n 12 күн бұрын
Кандай сонун укулуктуу ун просто ыйлагым келет
@AskiArsenal
@AskiArsenal 7 ай бұрын
Талантынзга таазим Рысбай Абдыкадыров😢
@user-yz6se1kv1f
@user-yz6se1kv1f 5 ай бұрын
В 1967 году увидела его по телевизору,рыжый мальчик!
@user-ux6ys9wm6j
@user-ux6ys9wm6j 7 ай бұрын
Сонун ырчы деп ушундай агабызды айтыш керек 🥰🥰
@somebody-nd3yh
@somebody-nd3yh Жыл бұрын
Эн сонун ыр😊😊😊😊😊😊😊😃😃😃😃
@user-dn4jl4uv2z
@user-dn4jl4uv2z Жыл бұрын
🎵🎶💪🏼👍👏
@tottoraliazinbaev2432
@tottoraliazinbaev2432 2 ай бұрын
Рыспай агабыздай обончу композитор канчалан ырларга обон чыгарган качалан студентерди окуткан доцентке 60 жашка чыкканда эл артисин берген акмактарга да ракмат.азыркы учурда 2 ырга обон чыгарганга жаш болсо да эл артисин берип жатышат анаын эмгегин карабайт канча акча бергенин карашат эх дуйно курусун ушул маданиятты да карупсия баскан.
@user-ee6pr9lu2e
@user-ee6pr9lu2e 3 ай бұрын
❤сонун ыр
@user-sq9pf8cn9x
@user-sq9pf8cn9x 8 ай бұрын
Эх рыспай бир кэлдинда биркэттин арман дунуйо баарыбыз барабыз сэн жака бирок ай ай ай
@user-xj8ro7uv7d
@user-xj8ro7uv7d 6 ай бұрын
МЕН Р АГАЙДАН ДАВЛЕТ ЖЕНЕ МЕНЕН ЧОГУУ ОКУП ИШТЕП БААРЫ КОЗ АЛДЫМДА 😢😊 УЛУУ ЗАЛКАР ЭЛЕ 😮 БИР КЫЛЫМДА БИР ЖАРАЛАТ ЭКЕН ДА😮 БАЕЛДИН ЫРДАП ЧЫККАНЫ СОНУН БОЛДУ ЖАШ ТАЛАНТТАР ТИРИЛТИП КОЙГОНУ МЕНИ КУБАНТАТ!!❤❤🎉🎉😊😊
@user-uc4dp4pk1g
@user-uc4dp4pk1g 6 ай бұрын
1985-жылы Фрунзеге комадировкага барган эле менин жолдошум,Кыргызстан гостиницасында жатабыз,иштен келсек очеред адам коп дейт мен чочуп кетип эмне болуп жатат десем Рыспай ага ушул жерде экен азыр ырдайт тамактанып жатат дешти ,жанындагы комнатада жатат элек.бир мезгилде ырдап калды чымыгдын уну угулат тынч,Башкириядан келген адам экоо жатышчу ,ошол башкир айтыптыр да страшно пиет,а отлично поёт песню деген экен,музыкада тил жок да ичсе ла мас болчу эмес экен,кадимктдей ырдай берчу экенда ыраматылык
@jaina5904
@jaina5904 8 ай бұрын
Сагындым туулган жерим сени❤🇰🇬
@alixanaidar-uc7oi
@alixanaidar-uc7oi 7 ай бұрын
Талантты Таш жарат Деген Рысбай болсо керек
@user-xx9xr4je8b
@user-xx9xr4je8b 2 ай бұрын
Станбул дан салам
@user-mc4ie7tu7n
@user-mc4ie7tu7n 2 ай бұрын
👍👍👍
@user-yg5yt5mb3w
@user-yg5yt5mb3w 11 ай бұрын
Бул ыр азыркы мигранттарга чыгарган экенда акабиз
@kimsmith8505
@kimsmith8505 7 ай бұрын
What a beautiful song! I wonder what is it about!
@oigonupjasha1342
@oigonupjasha1342 4 ай бұрын
Song about missing his homeland , his eternal love .
@user-ii1ud2ih1b
@user-ii1ud2ih1b 4 ай бұрын
Композитор обончу Рысбай агабыз чыныгы талант эмгеги синир арлак наамды козу откондо берилген эх ащы комозитор эмес эки ырды коштосо эмгек минир .наам плат 😊
@user-ww7pv8gn2n
@user-ww7pv8gn2n 12 күн бұрын
Азыркы ырчылар рыспайдын обонуна жетпейт акча бербесен озун да ачышпайт азыркы ырчылар ырларын бизнеске алмашып аоышкан бир ыры 500 доллар
@CholponAbdibalieva-nj7qd
@CholponAbdibalieva-nj7qd 3 ай бұрын
Жакшы ыр экен
@user-zs4eo8hs3l
@user-zs4eo8hs3l 2 ай бұрын
Залкар адам
@user-lb5ee1cy1u
@user-lb5ee1cy1u 15 күн бұрын
Коп деп жаз гоп дебей.Сабатуу бололу балдар!!!!!
@user-ih1ny2cy2c
@user-ih1ny2cy2c 3 ай бұрын
👏👏👏
@user-oh9cs1pz2e
@user-oh9cs1pz2e 3 ай бұрын
Ушул ырдын музыкасы ото жагат .Татаал но ото уккулукту.
@elizabeshubakova8587
@elizabeshubakova8587 3 ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@RusAkjolov-fw1df
@RusAkjolov-fw1df Ай бұрын
Добрый щщ щщщщ
@AliMuhammad-yf9sm
@AliMuhammad-yf9sm 11 ай бұрын
Козго жаш кылгыратго
@somebody-nd3yh
@somebody-nd3yh Жыл бұрын
Мен да
@user-iq2bv7dc6i
@user-iq2bv7dc6i 9 ай бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@user-iq2bv7dc6i
@user-iq2bv7dc6i 9 ай бұрын
👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
@gipartglobal1816
@gipartglobal1816 4 ай бұрын
Журокту тубундого чиркин туулган жэр
@user-wc1xx7qu3x
@user-wc1xx7qu3x 4 ай бұрын
Ето песни наверное для мигрантов каторые далеко от дома 😢😢😢
@bekboevasairabyby7377
@bekboevasairabyby7377 4 ай бұрын
Ры́сбайдын. Ы́рлары. Орг3штап. Агып. Чыккан. Б3ла4тын. ОЗУ. Рыспайдын. Кызы. Да. Атасындай. Сонун. Ы́рдайт. Небереси. Да. Кенч. Кыргыз. Элиндеги. 🌺🌹🥀🌺🌷🍁🪻🌹💐🍁🌷🌺🌺🌺🎤🇵🇼🪗🪗🪗
@user-mt3td9uh3e
@user-mt3td9uh3e 4 ай бұрын
Кайран залкар
@user-mm3kx9pb6m
@user-mm3kx9pb6m 4 ай бұрын
Айтылгыс соз не деген керет
@user-uq3tb8gy2j
@user-uq3tb8gy2j 4 ай бұрын
Емне барын лайк деп еле калгансынар
@AmanKohbai
@AmanKohbai 3 ай бұрын
Ырдын пири рысбай дегени жон эмеско
@user-qv8ru7ns1r
@user-qv8ru7ns1r 7 ай бұрын
👍
БАЙЕЛ ОРОЗМАТОВ “Сагындым туулган жер сени”
4:53
ЭлТР Билим Илим
Рет қаралды 481 М.
How many pencils can hold me up?
00:40
A4
Рет қаралды 12 МЛН
ХОТЯ БЫ КИНОДА 2 - официальный фильм
1:35:34
ХОТЯ БЫ В КИНО
Рет қаралды 1,7 МЛН
Super sport🤯
00:15
Lexa_Merin
Рет қаралды 16 МЛН
Trágico final :(
01:00
Juan De Dios Pantoja
Рет қаралды 30 МЛН
Рыспай Абдыкадыров "Издейм сени"
4:11
Асанкалый Керимбаев - Ак булуттар
6:30
Тилек Стамов
Рет қаралды 4,8 МЛН
Рыспай Абдыкадыров   Сагындым туулган жер сени
4:03
Кыргызча ырлар
Рет қаралды 124 М.
Жаныш Кочкоров "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"
5:14
Гулсина Чотонова
Рет қаралды 500 М.
Қайдағы махаббат
3:13
Adil - Topic
Рет қаралды 90 М.
Dastan Orazbekov & Ayree - Ómir
3:06
AYREE
Рет қаралды 78 М.
Body
2:38
Asik - Topic
Рет қаралды 204 М.
Қайрат Нұртас - Қоймайсың бей 2024
2:20
Kairat Nurtas
Рет қаралды 578 М.
JONY - Реки вели (mood/lyric video)
2:37
JONY
Рет қаралды 595 М.
Asik - Body (Lyrics Video)
2:42
Rukh Music
Рет қаралды 504 М.