Рет қаралды 10,688
Инстаграм:
324studio_?igsh...
Телеграм:
t.me/marsel324
t.me/marsel324
t.me/marsel324
Аткаруучу: Сиренгүл Бахтиярова
инстаграм: sirengul_bahtia...
Сен болсоң тоонун улары,
Мен болсом аккан булагы.
Булактан улар суу ичсе,
Таркайбы жандын кумары?
Жаз айы, жамгыр төккөндө,
Жаз айы, сулуу көктөмдө,
Элжиреп кетти жүрөгүм,
Алгачкы жолу өпкөндө.
Сен болсоң көлдүн кайыгы,
Мен болсом анын балыгы.
Кайыкка балык жанашса,
Болбостур анын айыбы.
Узасаң болду алыска,
Жарасаң болду намыска.
Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн,
Өптүрүп койчу карызга,
Сүйдүрүп койчу карызга.
#кыргызчаырлар #ырлар #кыргызырлары #суйдурупкойчукарызга #324студио #сиренгулбахтиярова