Рет қаралды 219,647
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарында анын тапшырмасы менен курулган жаңы паркты ачты.
Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну Мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.
Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан.