Рет қаралды 78,357
Дастандын негизги идеясын табиятка болгон аяр мамиле, ар бир жаратылган жандыктын убал-сообу барын, кокус жаңсак иш жасап алсаң, акыры кесепетин тартып калары түзөт. Окуя да мына ошол жагдайга жараша өнүгүп жүрүп отурат. Тактап айтканда, Таластын көкүрөк тарабында кытай деген уруу жашаганы, мына ошол кытайдын ичиндеги Карыпбайдын жалгыз уулу Кожожаш кыл мерген болуп, элин кайберендин эти менен бакканы, кийин Каракожо кандын кызы Зулайкага үйлөнгөнү, акыры алганынын кой-айына көнбөй, Сур эчки менен Алабаш текенин тукумун түгөл кырып, Сур эчкинин каргышына калып, аскага камалып өлгөнү туурасында ырааттуу баяндалат
ДОСТОР КАНАЛГА ЖАРДАМ БЕРИШ УЧУН СИЗ ЖОН ГАНА ПОДПИСАТЬСЯ дегенди басып конгуроочону кагып койосуз!
#Самат #КӨЧӨРБАЕВ
1983-жылы 22-ноябрда Манас районунун Арал айлында жарыкка келген. Окуучулук курагында эле КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиевдин манасчылык ийриминен таалим алып, бир катар кароо-сынактарга катышып жүргөн. 2001-2006-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтундагы «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасында Замирбек Үсөнбаевдин дастанчылык классынан окуган. Учурда өзү аяктаган институттун (учурда университет) «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын башчысы, «Устатшакирт» салттык музыка борборунун көркөм жетекчиси.
Эл арасына негизинен манасчы катары таанылган Самат Көчөрбаев элдик дастандарды жайылтуу жана жаштарга маданий-эстетикалык тарбия берүү багытында иш алпарып келет. 2010-жылы КР Маданият жана маалымат министрлигинин ардак грамотасы, 2011-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, 2013-жылы «Кыргыз тили» төш белгиси, 2016-жылы КР Президентинин ардак грамотасы сыяктуу бир катар сыйлык-наамдардын, көптөгөн республикалык, эл аралык кароо-сынактардагы байгелүү орундардын ээси. Бир катар алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдө өткөн маданий иш-чаралардын катышуучусу.
«КОЖОЖАШ»
1938-жылы Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы вариант басмадан жарык көргөн. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Алымкулдун вариантынан тышкары Төлөмүш Жээнтаевдин, Сулайман Конокбаевдин айтуусундагы варианттар да сакталуу. Негизги вариант катары Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы дастан таанылган. Ошондой эле Кыргыз радиосунун Алтын фондусуна Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусундагы айрым үзүндүлөр жазылып алынган.
Баштапкы айтуучусу деп Токтогул Сатылгановду эсептешет. Токтогулдан Алымкул, Калык Акиевдер үйрөнүп, Алымкулдан уулу Замирбекке өтүп, учурда Замирбек Үсөнбаевдин шакирттери тарабынан аткарылып келет. Үн тасмага Самат Көчөрбаевдин аткаруусундагы Алымкул Үсөнбаевдин варианты жаздырылды.
Дастандын негизги идеясын табиятка болгон аяр мамиле, ар бир жаратылган жандыктын убал-сообу барын, кокус жаңсак иш жасап алсаң, акыры кесепетин тартып калары түзөт. Окуя да мына ошол жагдайга жараша өнүгүп жүрүп отурат. Тактап айтканда, Таластын көкүрөк тарабында кытай деген уруу жашаганы, мына ошол кытайдын ичиндеги Карыпбайдын жалгыз уулу Кожожаш кыл мерген болуп, элин кайберендин эти менен бакканы, кийин Каракожо кандын кызы Зулайкага үйлөнгөнү, акыры алганынын кой-айына көнбөй, Сур эчки менен Алабаш текенин тукумун түгөл кырып, Сур эчкинин каргышына калып, аскага камалып өлгөнү туурасында ырааттуу баяндалат.
Самат Кочорбаев, Самат Манасчы, Самат сур эчки, Самат дастан
#САМАТ_Кочорбаев #Самат #Дастан #Сур_Эчки #JKU