Рет қаралды 1,823
Химия дисциплинасынан Фя 7-21 тайпасына "Химиялык реакциялар" деген темада санариптик технологияларды колдонуу менен сабак өтүлдү. Алгач "Миллионерлер викторинасы" боюнча суроолор берилип, студенттердин темага чейинки билимдери тастыкталды. Андан кийин жаңы теманын максаты талкууланып, тема боюнча түшүнүк берилди. Химиялык реакцияларды башка кубулуштардан айырмалоо максатында LearningApps программасы менен тапшырма аткарылды.
learningapps.org/watch?v=pbgghoid321
Билимдерин бышыктоо үчүн топтордо химиялык тажрыйбаларды жүргүзүшүп, химиялык реакциялардын жүрүү белгилерин далилдешти. Алган билимдерин текшерүүдө Socrative программасында тесттик тапшырма аткарышып, жыйынтыктарын убагында көрө алышты.
b.socrative.com/teacher/#import-quiz/63046256
Үйгө тапшырма Pear Deck программасы боюнча түзүлгөн. Тапшырмаларды аткаруу боюнча түшүндүрмө берилип, студенттер кызыгуу менен аткарышты.
app.peardeck.com/student/taottbdof
"Изденүүдөн ийгилик жаралат" дегендей, баарыныздарга ийгилик каалайм!