"Санат" Токтогул Сатылганов.Асылбек Маратов...

  Рет қаралды 155,781

Асылбек Маратов

Асылбек Маратов

Күн бұрын

«Санат»
Аргымакты «жаман» деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды «жаман» деп,
Тууганды кайдан табасың?
Ак саманды «жаман» деп,
Чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү «жаман» деп,
Көптү кайдан табасың?
Жарма чайды «жаман» деп,
Этти кайдан табасың?
Акындарды «жаман» деп?
Кепти кайдан табасың?
Агарган карда көп жүрсөң,
Көзүң бир күн карыгат,
Агайындан чет жүрсөң,
Көңүлүң бир күн тарыгат.
Тууганына батпаган,
Душманына жалынат.
Болбос жаман арамза
Болумсуз ишке малынат.
Кийинкисин ойлобой,
Кишинин көөнүн калтырат
Жакынына жакпаган.
Жат кишиге жагынат.
Ханды кудай урарда
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай урарда
Дөөлөтүнө мас болот.
Кышты кудай урарда
Күн жылымдап жаз болот.
Эрди кудай урарда
Элүүндө жаш болот.
Жалпы жылдыз чогулса,
Жарым шоола айдай жок,
Тогуз улак бириксе,
Баасы жалгыз тайдай жок.
Карандай чайды көп ичсең,
Бир кесим казы майдай жок.
Өңкөй бөздүн сапаты
Бир кийимдик шайдай жок,
Бычак берсең, кындап бер,
Кындап берсең, чындап бер,
Берекесиз байлардан
Бейпил менен күн кетер.
Жумуш кылсаң, мууда кыл,
Иштеп кетпе илдекер,
Кара санап бирди алсаң,
Колуңуздан миң кетер.
Чечилишип сырдашсаң,
Көкүрөктөн муң кетер.
Баарың болсо бир ооздуу,
Душманың кантип былк этер?
Булут кетсе асмандан,
Күн ачылып жылт этер,
Ажалың жетип, күн бүтсө,
Кайран башың шылк этер.
Ак бараңдын кундагын,
Аталбасаң сунбагын,
Эрмин десең душмандан
Эки көзүң жумбагын.
Өтүп кеткен иш үчүн
Өкүнүп балаң урбагын.
Көпкөн жигит көп сүйлөйт.
Чечен жигит эп сүйлөйт,
Билбестерге жыйында
Бир сүйлөөгө кеп тийбейт,
Жөн жүрбөгөн жигиттер
Көрүнгөндөн тепки жейт.
Ким көрүнгөн кекенип
«Ушунуку өттү» дейт,
Көз карашың бузулса,
Көргөн адам «көптү» дейт.
Сүт табакты жибитет,
Айран тамса иритет.
Пайдасы жок кеп айтып,
Маңыз сөздү чиритет.
Күлө сүйлөп үйүңө
Күндө кирген күл ичет.
Эки дүлөй кошулса,
Бир - бирине күлүшөт.
Жинди менен жоолошпо,
Суу куйбагын толбоско,
Акмак болуп кетесиң,
Ачууланба болбоско.
Үгүт айтып чарчаба,
Айткан акыл конбоско.
Жолдош болсоң куу менен,
Өмүр өтөр доо менен.
Жыкмайынча качпагын,
Беттешип калсаң жоо менен,
Суктанбагын сулууга,
Уят айтпа улууга.
Тамаша айтсаң билбеске,
Тар жерде катуу сындырат,
Жамандардын адаты -
Жалган сөздү чын кылат.
Көптү көргөн адамдар
Көңүлүңдү тындырат.
Бекерчиден безе кач,
Ушакчыдан көчө кач!
Кызыктырып кыйыкты,
Кыйын жерге жибербе,
Билбестерди коркутуп,
Алдоо менен имербе,
Жаңшап турган Токоңдун -
Насияты силерге.
Жаның менен акыл айт
Жакшы айтканың билерге.
Колуңдан келбес жумушту
Оюң менен бүтүрбө,
Алыстан келер коноктун
Кабарын укпай күтүнбө.
Айталбаган сөз үчүн
Оозуңду бекер ачпагын,
Мактаганга март болуп
Оокатыңды чачпагын.
Колдон келер иш болсо,
Коркуп бекер качпагын.
Мурунку жаман ишиңди
Кийинки жерге таштагын.
Жолдош болбо коркокко,
Жүк артпагын торпокко,
Иш кылдырба чоркокко.
Күлүк минсең күүлөнүп,
Эки жагың каранба, -
Көйрөң атка коносуң
Көрүп калган адамга.
Сурап ичкен тамагың -
Суу ичкен менен барабар,
«Сук» атанып айлыңа
Суук болбо, жаш балдар!
Күлүк менен жарышпа,
Билимдүү менен алышпа.
Кейбир кылат өзүңдү
Кеп салбагын маңызга.
Көңүл калар кеп айтпа
Оору менен картаңга,
Жанын сатат кээ адам
Жарым чөйчөк талканга.
Бузук менен муңдашпа,
Уятсыз менен ымдашпа,
Болбос ишке кийликпе,
Момундук жөнү бир башка…
Алың менен күч керек
Азык оокат тыңдашка.
Акылсызга сөз айтып,
Акмак менен сырдашпа.
Аялыңды жек көрүп,
Жамандыкты ырбатпа.
Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү - эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!

Пікірлер: 47
@БактыбекАлыкулов-м7ч
@БактыбекАлыкулов-м7ч 3 ай бұрын
Кайран Током, акыйкаты гений инсан болгон экен.Айткандары азыр да актуалдуу.
@ишенбекКачкынбеков
@ишенбекКачкынбеков 2 жыл бұрын
Асылбек байке өнөрүңузго даңк! Төкмөлүктун бийик ашууларын багынта бериңиз! Ар убакта оору сыркоодон оолак болуп, биз окшогон кыргыз жаштарынын көрөңгөсүно көрк кошуп жүрө бериңиз,биз сиз менен сыймыктанабыз! Ушунунуздан жазбаныз сизге алкыш !
@aziyatakbaeva3274
@aziyatakbaeva3274 2 жыл бұрын
Кандай Гана акы́л создор,а́яба́й туура айтыптыр.Ойлоп корсон чынле .,..,.А́йталбаган со у́чун оозу́нду Бекер ачпагын
@БерметАсанова-ш5б
@БерметАсанова-ш5б 2 жыл бұрын
Жараткан Аллах колдосун жаман создордон сактасын оомин 🤲 онорун оркундой берсин менин суйуктуу акыным
@Tchaikovsky1877
@Tchaikovsky1877 2 ай бұрын
Миленько 🥰
@jenichjenich6131
@jenichjenich6131 17 күн бұрын
Ийгилик коштосун аман бол
@Nur-76
@Nur-76 2 жыл бұрын
Залкарлардын ырларын ушинтип ырдап, эске салып турсаңар. Биз бала чакта бир эле радиону укчубуз (Кыргыз радиосун). Ошол аркылуу тарбияланып, көкүрөккө сиңирип, таасирленип жашаганбыз. Мындай санат-терме, насыят ырларынын мааниси терең, азыр да актуалдуу, ошон үчүн дайыма ырдалып туруш керек деп эсептейм. Рахмат!
@Janarbek312
@Janarbek312 Жыл бұрын
👍👍👍👍
@МахабатНеукулова
@МахабатНеукулова Жыл бұрын
😊З😮😅зэххзщх
@КимЧенЫн-ж9ж
@КимЧенЫн-ж9ж 2 жыл бұрын
Молодец досум Аске Токтогулдун Арзыматты очургон ырын жуктосон жакшы болот эле
@МелисЖусубалиев-ъ2м
@МелисЖусубалиев-ъ2м 18 күн бұрын
Аске чыгармачылык ийгилик
@ЭмилбековКубанычбек
@ЭмилбековКубанычбек 2 жыл бұрын
Ханды кудай ураарда оз элине кас болот Байды кудай ураарда доолотуно мас болот Кышты кудай ураарда кун жылымдап жаз болот Эрди кудай ураарда 50сундо жаш болот
@ЫрсалатКадыркулова
@ЫрсалатКадыркулова 10 ай бұрын
😊 Йй1
@bakytchytyrbaev37
@bakytchytyrbaev37 2 жыл бұрын
Мыкты аткарыпсың, Асылбек, рахмат! Обону текстин ээрчип, маани өзгөргөндө, кошо өзгөрсө кандай болмок деп ойлоп койдум...
@Баку-у9ц
@Баку-у9ц Жыл бұрын
Керемет соз, керемет обон. Абдан сонун.
@ilgizkudaibergenov6153
@ilgizkudaibergenov6153 2 жыл бұрын
Бар бол асылбек
@ЖыргалЖолон
@ЖыргалЖолон 2 жыл бұрын
Класс
@ФерузаАбазова-д4ж
@ФерузаАбазова-д4ж Жыл бұрын
🔥🔥🔥Баракелде Үнүңүзгө береке😍
@asylbekakyn
@asylbekakyn 2 жыл бұрын
Чооң рахмат бар болуңуздар...
@alex_mahoun7958
@alex_mahoun7958 2 жыл бұрын
Мыкты акынсын байкебай
@Tabyldy_
@Tabyldy_ Жыл бұрын
Болгонун болгондой айтыган ❤❤❤❤❤❤❤
@Журсун-й4н
@Журсун-й4н Жыл бұрын
Токтогул атандын эмгегин кайрадан элге тартуулап.жакшы маанай тартуулап жатасын.Токтогулдай залкар бол.Талантын озгочо. бапестеп багып ал.
@aiskakojomkulova8400
@aiskakojomkulova8400 2 жыл бұрын
💋💋💋👍👍👍❤️
@АльбинаТолонбаева-г1к
@АльбинаТолонбаева-г1к Жыл бұрын
Сонун❤
@СейтекМусаев-ч7х
@СейтекМусаев-ч7х Жыл бұрын
👍маладес
@ALI1K_____100k.
@ALI1K_____100k. Жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@Bektursun_KGZ
@Bektursun_KGZ Жыл бұрын
Жакшы 🙂
@mumtaz4435
@mumtaz4435 10 ай бұрын
👏👏👏👏
@ruslanabdyldaev7375
@ruslanabdyldaev7375 2 жыл бұрын
Алымкул Үсөнбаев акындын обону го. Токтогул акындын обону башкача элего.
@Раяна-ф3н
@Раяна-ф3н 7 ай бұрын
Тексттин берип койгулачы
@benstambekov8572
@benstambekov8572 Жыл бұрын
Комуз черткенди үйрөткөн курсуңуз барбы?
@faridaaidarbekova6139
@faridaaidarbekova6139 11 ай бұрын
Үнүңө береке👏👏👏
@AidanaSmanalieva
@AidanaSmanalieva 9 ай бұрын
СУРОО. Токтогул Сатылганов композитор катары кайсы кууну чыгарган?
@АсалханБаймурзаева
@АсалханБаймурзаева 4 ай бұрын
Мен да ошону издеп аткам адабияттан😄
@ИсаМирланбекуулу
@ИсаМирланбекуулу 2 жыл бұрын
Кайран Токон
@aiskakojomkulova8400
@aiskakojomkulova8400 2 жыл бұрын
Залкар акынчик
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 10 ай бұрын
0:16 2:54 3:26 4:01
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 9 ай бұрын
0:16
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 9 ай бұрын
2:54
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 9 ай бұрын
3:26
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 9 ай бұрын
4:01
@РулькаСвиная
@РулькаСвиная 9 ай бұрын
3:06
@hanzohattori9025
@hanzohattori9025 Жыл бұрын
Ай баракелде, азамат, жакшы аткарыптыр!
Жеңижок "Балалык" (Көкө уулу Өтө)Асылбек Маратов
8:18
Асылбек Маратов
Рет қаралды 127 М.
А ВЫ ЛЮБИТЕ ШКОЛУ?? #shorts
00:20
Паша Осадчий
Рет қаралды 8 МЛН
Electric Flying Bird with Hanging Wire Automatic for Ceiling Parrot
00:15
Аалы Туткучев Ким эле кыргыз, ким болду
12:39
Бактыбек Аликеев
Рет қаралды 189 М.
ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ - БЕШ КАМАН
5:23
ЭлТР Билим Илим
Рет қаралды 95 М.
Алымкулдун термеси.
7:21
ЧЫҢГЫЗХАН КОЖОШ
Рет қаралды 165 М.