Рет қаралды 25,278
Бүгүн көпчүлүк үчүн татаал жана сезимтал темалардын биринде кеп кылдым. Атап айтканда, депрессиядан өзүбүзгө-өзүбүз кантип жардам берип чыга алабыз, бул учурда эмнелерди билүү маанилүү жана эмнелер бизге көмөкчү боло алат деген суроолордун айланасында окуган маалыматтарыма, жеке тажрыйбама таянып маалымат бөлүштүм.
Стресс, кризис, депрессия сыяктуу менталдык жабыркоого адам сөзсүз маани берип, өзүнө жардам бериши керек деген ойдомун.
Азыр ушундай абалда болгон окурмандарымды бек кучактап, бул видеом бир аз болсо да пайдасы тиер деген ниетимди билдирем.
Урматым менен,
Сапаргүл.