Рет қаралды 2,082
Сергек Токтолбеков & Каныкей Бектурова «Эгиз кайрык»
Сөзү, обону:Чыңгыз Турдубеков
«Эгиз кайрык»
Нечен айрылыштар турса да,
Биз ээрчишип тагдыр жолунда.
Чалкыганда түйшүк агымы,
Бир кемеде сүзүп толкунда.
Канчалаган күчтөр болсо да,
Сезим күчтүү өмүр жолунда.
Кайырма:
Махабатта сүзгөн кайыктай,
Биз ээрчийбиз бакытты жандай.
Даңазалап ак сүйүүбүздү,
Ырлардагы эгиз кайрыктай.
Жансын биздин сүйүү жалындай.
Түбөлүкө бир кол кармашып
Жетелеген сенсиң бакытка
Бактылуулар бирге жанашып
Сүйүү шамы жансын дайыма
Канчалаган күчтөр болсо да
Сезим күчтүү өмүр жолунда.