Рет қаралды 378,296
Видео 27. 03. 2005-жылы тартылган.
2005-жылдын 24-марты көпчүлүк үчүн революция күн катары белгилүү. Акаев жана ошол кездеги өкмөт башчы өлкөнү таштап качып кеткен соң. Элди баштап кетээр бир дагы бийлик жок болчу. Аянта баш аламандык күч алып жатканда Жогорку Кеңештин эски имаратынын ичи да будуң чаң болуп, жаңы шайланып келген бир палаталуу парламент менен мурдагы эки палаталуу парламенттин ортосунда мандат талашуу күч алган. Ошол кездеги Жогорку Соттун судьясы Курманбек Осмонов. Жаңы палатага "мыйзамсыз" чечим чыгарып койгон. Ошондон улам Жогорку Кеңеш да жоголуп, Кыргызстан бийлиги жок калган.
Ошентип кызыл чеке талаштан улам жаңы шайланган бир палаталуу парламент жыйын өткөрүп, Текебаевди спикир кылып шайлашты. Текебаевдин спикерлигин ошол учурдагы саясий элита, бүтүндөй коомчулук тааныды. Албетте жаңы спикердин алдында бир эле максат бар болчу. Ал өлкөнү мыйзам талаасына алып кирип, мамлекетти стабилдештирүү керек болчу. Айрымдар 2005-жылы дагы "убактылуу өкмөт" иштегенин билбеген чыгаар. Парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев Бакиевди убактылуу премьер-министрлик кызматына сунуштаган.
Бирок Бакиев премьер болуп шайланган соң, качып кеткен президент Аскар Акаев Конституцияга ылайык президент болуп кала берген. Бирок Кыргызстан тез арада шайлоо аркылуу өзүнүн легитимдүү президентин шайлап алыш керек болчу. Айрым депутаттар саясий кризистен чыгуу үчүн Акаевге импичмент жарыялоону сунуш кылышкан. Бирок импичмент маселесин ишке ашыруу үчүн да жок эле дегенде 1 жыл убакыт керектелмек. Ошондо спикер Өмүрбек Текебаев жетектеген комиссия Москвага учуп барып, Аскар Акаевди өз арызы менен бийликти өткөрүп берүүгө көндүргөн. Ошентип, Өмүрбек Текебаев өлкөнү мыйзамдуу нукка буруп, мыйзамдуу бийликти орнотууга нар көтөргүс салым кошкон.
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!