Рет қаралды 7,687
Подкасттыбыздын жаңы чыгарылышында биз көрүнүктүү кинорежиссёр Темир Бирназаров менен маек курдук.
Маектин жүрүшүндө кыргыздын иденттүүлүгүнүн терең жана актуалдуу маселелерине токтолобуз. Кыргыз тилинин маданий мурасты сактоодогу жана улуттун өз тагдырын өзү аныктоодогу негизги мааниси тууралуу кеп кылабыз.
Коногубуз кино пропаганданын күчтүү куралы болоорун СССРдин мисалында айтып берет. Экран аркылуу коомдук пикирге кандайча таасир этип, кандайдыр бир стереотиптерди жана идеологияларды калыптандырууга болорун талкуулайбыз.
Подкастта Темир Бирназаровду Орусия кара тизмесине эмне үчүн киргизгени тууралуу жана буга кыргыз тилибиздин кандай тиешеси бардыгы тууралуу да сөз болмокчу.
Булар подкасттыбыздын кезектеги чыгарылышынан бизди күтүп жаткан нерселердин бир аз гана бөлүгү. Чыгарылышка көз чаптырып, угуп Темир Бирназаров менен жаңы көз караштарды жана идеяларды табыңыз. #темирбирназаров #иденттүүлүк
#деколонизация #колониалдыктүшүнүктөр #эркиндик #энетил #кыргызфильм
00:00-00:48 Тизер.
00:49-1:10 Саламдашуу.
1:11-12:16 Улут катары өксүгүбүз аябай чоң.
12:17-17:25 Орусияда кара тизмедемин.
17:26-19:12 Мырктардын аркасынан улут кармалып турат.
19:13-20:12 Союз учурунда эле жакшы экен десе, күйүп кетесиң да.
20:13- 25:33 Орусча билбесең киши катары көрчү эмес.
25:34-36:14 Кино бул пропаганданын күчтүү куралы.
36:15- 40:26 Кино менен туризм, экономиканын байланышы.
40:27-43:33 Кытайдагы кыргыз маданияты.
43:34- 45:44 УТРК орустардын киносун коюп атат.
45:45-47:04 Тил маселесин айта берип тажадым.
47:05-51:50 Кыргызча анан англисче үйрөнгүлө.
51:52-52:58 Коштошуу.
#темирбирназаров