Рет қаралды 17
Өлкөнү кыдырып, шаарды аралап бара жатып, көптөгөн тарыхый объектилерди жана эстеликтерди көрөбүз. Бирок аталган эстелик кимге жана кандай салымдары үчүн тургузулганы тууралуу көпчүлүк маалыматка ээ эмес. Жогорудагы суроолорго жооп берүү жана тарыхыбызды кайра барактоого мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максатында, @aibek_kyshtobaev агабыз менен биргеликте @este.kg долбоорун баштаганбыз.
Долбоордун алкагында, Este.kg Бишкек шаарында жайгашкан эстеликтердин алдына же тарыхый объектилердин жанына QR-коддорду орнотот.
Каалаган адам өз смартфону аркылуу аталган коддорду сканерлеп, эстелик тууралуу ыкчам жана толук маалымат ала алат.
Аталган жаңылык ар бир кыргызстандык үчүн пайдалуу болот деп үмүттөнөбүз!
ESTE.KG - ата-баба мурасын эсте сакта!