Рет қаралды 412,920
“Башыма пакет кийгизип, түнү менен уруп-согуп чыгышты. Акыры алар койгон кылмышты мойнума алдым”. Кыргызстанда “милициядан кордук көрдүм” деп акыйкат издеген ондогон адамдардын окуясы ушинтип башталат. Бирок, эгемен өлкө тарыхында укук коргоо кызматкерлери “кыйноо” беренеси менен жоопко тартылган 2-3 гана учур бар. Берүүдө Жалал-Абад облусундагы үч окуяны көрсөтөбүз. Баса белгилеп кетүүчү жагдай: өз чындыгын айтып жаткан бул адамдардын кылмышка тиешеси бар же жок деп так кесе айта албайбыз. Аны сот чечсин. Программанын максаты укук коргоо органдарындагы кылмыштын бетин ачам деп кылмышка барган системаны көрсөтүп берүү.