СУУЧУЛДАРДЫН ТЕРЕҢДИКТЕГИ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДАГАН БАРОКАМЕРА АЛЫНДЫ

  Рет қаралды 127

МЧС Кыргызстана

МЧС Кыргызстана

2 ай бұрын

15.05.2024
Бүгүн,15-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан (ТИКА) Мобилдик Барокамераны салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы өттү.
Суучулдардын барокамерасын кабыл алуу иш-чарасына Өзгөчө кырдаалдар министри генерал майор Бообек Ажикеев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын Төрагасы Серкан Каялардын жана куткаруучулар курамы катышты.
Өз сөзүндө министр Б. Ажикеев: “Биздин суучулдар Ысык-Көлдө, ири дарыяларда издөө, авариялык-куткаруу, суу алдындагы техникалык иштерди 10 метрден 50 метрге чейинки тереңдикке кирип, жүргүзүшөт. Суу алдындагы басым, дем алуу чөйрөсү, жылуулук алмашуу, кысуу жана башка таасирлер суучулдардын ден соолугуна көйгөй жаратпай койбойт.
Дал ошол кесиптик оорулардын коркунучун азайтууга, өмүр коопсуздугун сактоого арналган бир дагы суучулдук барокамера бизде жок эле.
Бүгүнтөн тарта Суучулдардын коопсуздугун камсыз кылуучу, биз каалаган, эң негизги жабдык - барокамералуу болдук! Мындан сырткары буга чейин Түркия тарап кайтарымсыз негизде “Дельта” катерин берген эле.
Бул үчүн сиздерге Кыргыз куткаруучуларынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылыгымды билдирем”-, деп баса белгиледи.
ТИКАнын Төрагасы Серкан Каялардын Кыргыз куткаруучуларынын Түркиядагы жер титирөөдө көрсөткөн баа жеткис эмгегин дагы бир ирет сыймыктануу менен айтып, ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы кызматташуусу мындан ары да жогорку деңгээлге чыгат деп ишеним артты.
Ал эми ӨКМдин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборуна комплекстүү изилдөө, суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүүдө жана издеп-куткаруу иштеринде суучулдардын өмүр коопсуздугун сактоо үчүн барокамера эң зарыл болуп келген.
Маселен суучул-куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүүдө 10 метрден 50 метрге чейинки ар кандай тереңдиктерге чумкушат. Буга байланыштуу суу алдында иштеген суучулдар барокамеранын жардамына түздөн-түз муктаж болушат. Анткени суу астындагы абанын басымынан кийин адамдын нормалдуу дем алуусун калыбына келтирүү зарыл.
Баса белгилей кетсек, Кыргыз Мамлекетинин тарыхында ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суучулдарынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле суучулдарды дарылоо жана кесиптик ооруулардын коркунучун азайтуучу барокамера болгон эмес.
Суучулдук барокамеранын жоктугу өзгөчө суу алдындагы татаал шарттарда адамдын физиологиялык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп, суу тереңдигинде иштеген адамдын кесиптик жаракат алуу коркунучу бар. суучулду сууга чөмүлткөндө ага суунун басымы ар бир он метр тереңдиктеги сайын болжол менен 0,1 МПа жогорулайт, буга атмосфералык басым да кошулат (эскертүү: 10 м тереңдиктеги басым жер бетиндегиден эки эсе жогору).
Буга байланыштуу барокамеранын болушу иштеген суучулдардын эмгегин коргоонун жана коопсуздугунун милдеттүү элементи болуп саналат. Ар бир сууга чөмүлгөндө адам организмине суу алдындагы тыгыз басым, гипербарикалык дем алуу чөйрөсү, инерттүү газдардын биологиялык таасири, жылуулук алмашуу, кысуу жана декомпрессия жана башкалар таасир этет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Пікірлер
Ыкчам чыгарылыш | 21:00 | 04.08.2024
31:27
Ала-Тоо 24
Рет қаралды 6 М.
EVOLUTION OF ICE CREAM 😱 #shorts
00:11
Savage Vlogs
Рет қаралды 10 МЛН
World’s Largest Jello Pool
01:00
Mark Rober
Рет қаралды 104 МЛН
Ip Man 2 | The Boxing Competition
15:57
Cinewatch
Рет қаралды 6 МЛН
Левитация возможна.
14:32
Необычное В Мире
Рет қаралды 331 М.
Спасатели завершили свою миссию и вернулись домой.
0:55
Қызылорда облысы ТЖД
Рет қаралды 124
Fighting scene, Donnie Yen vs Darren Shahlavi/Ip Man vs Twister
11:54
Fierce Fights with ASARGAS
Рет қаралды 74 МЛН
EVOLUTION OF ICE CREAM 😱 #shorts
00:11
Savage Vlogs
Рет қаралды 10 МЛН