Рет қаралды 32,352
Сузак районунда сынак менен 5 жылга дайындалган 2 мектеп директору көп өтпөй иштен алынды. Кызматтан алуу жаатында эки тараптуу кайчы пикирлер бар. Аны менен катар Жалал-Абад облусунда учурда, директору жок 83 мектепте окуу процесси уланууда. Бош турган кызмат орунга буга чейин 3 ирет сынак өттү. Алардын арасында сынактан өтпөгөн 54 талапкер кайрадан 4-айланпага катышууга ниеттенүүдө. Адистер сынак менен келген айрым директорлор өз функционалдык милдеттеринен кабарсыз келүүдө дешет. Мындан улам билим берүү жараяны көп учурда үзгүлтүккө учурап жатат.