СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ ЖАНЫ КЛИП \ 2021

  Рет қаралды 530,688

Diamond Studio

Diamond Studio

2 жыл бұрын

Сөзү Биримкул Алыбаевдики,
Обону Сыймык Бейшекеевдики
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо,
Калаарбыз да бир жерден учурашып.
Болуптур жигит шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп,
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду ушундай кеп.
Кете албай же жанынан же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
"Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам.
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына, деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе,
Эркектер эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сөөктү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да,
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө жарадым а.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөтүү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк жашыл жоолук салынганы,
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы.

Пікірлер: 505
@user-ik5qk6tp1z
@user-ik5qk6tp1z 2 жыл бұрын
Назира чыныгы актриса, кыргыздын чыгаан кызы деп айтсак болот.
@user-co6fm8po8b
@user-co6fm8po8b 2 жыл бұрын
Кандай соонун ыр экен ,журогум сыздап кетти угуп алып рахмат сизге Сыймык 🥰😒жашоонун чындыгы
@user-lk7nu5vo3d
@user-lk7nu5vo3d 2 жыл бұрын
Эн жакшы ыр башка ырларга караганда эн сонун кимге жакса лайк баскыла Сыймык байкебизге ийгилик👍👍👍👍👍
@gulyanaamatova7277
@gulyanaamatova7277 2 жыл бұрын
Абдан маанилуу ырларды ырдайтго негизиле ишинизге ийгилик!
@user-fd5vn9im8i
@user-fd5vn9im8i 2 жыл бұрын
Ырда клипта аябай маанилүү экен😭😭😭😭мен эч музыка угуп ыйлаган эмес элем
@user-xe4ox5tx3j
@user-xe4ox5tx3j 2 жыл бұрын
Ыйлабачы жаным 😀👍😘
@user-yi4rd3dp3h
@user-yi4rd3dp3h 2 жыл бұрын
Мен дегы 🥺
@user-pg6qm3xw8c
@user-pg6qm3xw8c 2 жыл бұрын
@@user-xe4ox5tx3j: 🙈🙈🙈🤣🤣🤣...
@bananaoreng6214
@bananaoreng6214 2 жыл бұрын
Менда ыйлагам биринчи укканда мен суйгон адам уксан деп сунуштады эле бир убакта 😢😢😢
@user-cg3yf8cg1t
@user-cg3yf8cg1t 2 жыл бұрын
Клипке да ырга, да соз жок! Азыркы замандын чындыгы тартылган! Азыр аялдар коп кордук корушот!
@gco2075
@gco2075 2 жыл бұрын
Зөөкүр акмактарды өлүм гана токтотот. Жакшы тартылган клип болуптур. Сыймык Бейшекеев менен Назира Айтбекова, талантыңызга таазим.
@user-wd7pm8cr8p
@user-wd7pm8cr8p 2 жыл бұрын
Азаматсынар!!!
@user-vn1yz8lm9u
@user-vn1yz8lm9u 2 жыл бұрын
Кудайым, эч бир аял заты кордолбосунчу 😢😢😢
@user-tc4qu5ox6d
@user-tc4qu5ox6d 2 жыл бұрын
Жакшы кылган аялдарды кыйнаган еркектер олсун
@user-fn6kt6np6q
@user-fn6kt6np6q 2 жыл бұрын
@@user-wd7pm8cr8p60
@elkaasaginbekova8468
@elkaasaginbekova8468 2 жыл бұрын
Мааниси терен журоко кирген ыр болуптур. Клип дагы мыкты тартылган . Рахмат сизге Сыймык Бейшекеев👍👏👏👏
@user-xw6xr6xl1c
@user-xw6xr6xl1c 2 жыл бұрын
Сыймык ишине ийгилик.Өмүрүн узун болсун.Эл журтуна кызматынды кыла бер,бактылуу бол бала бакыран менен,
@user-ek2zx9yy3v
@user-ek2zx9yy3v 2 жыл бұрын
22z22622wz2227s22z226s4zzz
@user-rw1mh3id4s
@user-rw1mh3id4s 2 жыл бұрын
Ошо роль ойногон актриса га ырахмат жеткире аткарыптыр 👍
@user-zm1on6rj8l
@user-zm1on6rj8l 2 жыл бұрын
Уц
@user-oi4mg9xo3b
@user-oi4mg9xo3b 2 жыл бұрын
Ак вщщщ3щцушкггкеннккпшэешэгге5ждеделе
@user-nu8fs9hx1w
@user-nu8fs9hx1w 2 жыл бұрын
Назирочка азаматсын, мыктылардын мыктысы болуп баратасын, коз тийбесин
@user-ri9re1gf6q
@user-ri9re1gf6q 2 жыл бұрын
Глобалдуу тема козголуптур бул ырда .Кыздарга коргонууну уйроткондун ордуна эркектерге тарбияны уйротуш керек.Ото коп катталып,канча кыздар зордуктоонун курмандагы болушууда.
@user-gr1uo3di6l
@user-gr1uo3di6l 2 жыл бұрын
Бир кучтуу такыба молдо аке айтканындай, бул дуйнодогу баардык ишке эркектер жоопкерчиликтуу деп, азыр эркек аты еле болбосо ото слабый болуп кетти 🤷‍♂️ окунучтуу отто🤦‍♂️
@user-yk1je1mk6x
@user-yk1je1mk6x 2 жыл бұрын
Талантын таазим инимОмурун узун болсун
@user-po5ix6uj6r
@user-po5ix6uj6r 2 жыл бұрын
Г
@gulnurabdykadyrova7299
@gulnurabdykadyrova7299 2 жыл бұрын
Ыр дагы клип дагы эң сонун чыгыптыр. Сыймык Назира азаматсыңар
@Karamonji
@Karamonji 2 жыл бұрын
Бул ыр 10, 15-жыл мурда эле чыкканда аябай жаккан.
@zaqwezaqwe5776
@zaqwezaqwe5776 2 жыл бұрын
Ырдыда сонун ырдаптыр Сыймык байкебиз,Назира актерлук чеберчилигин оркундой берсин
@user-uv8fl6mc2h
@user-uv8fl6mc2h 2 жыл бұрын
Сыймык байке мен сизди абдан жакшы көрөм баламдын атын сиздин атыңызды көйгөм
@user-hi7nf2gf5o
@user-hi7nf2gf5o 2 жыл бұрын
Ээх зөкүр эркек 😭канча аял азап тартып келет чынында. Сыймык аке мн ар дайым сыймыктанып келчү элек. Ар дайым ийгиликтерди жарата бериңиз.
@Karabaeva.meerima
@Karabaeva.meerima 2 жыл бұрын
Ыйладым Назира окшотуптур 😪Сыймык байке ыр сонун экен.
@user-ot4lg2pk8l
@user-ot4lg2pk8l 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев агайыбыз чыныгы ырчы ,клип ото маанилуу ,тарбиялык мааниси чон экен ,Назира ото сонун аткарыпсын
@kairunisasamshieva8540
@kairunisasamshieva8540 2 жыл бұрын
Эххх ыйман берсин ....зоокурлорду козубуз корбосун кулагыбыз укпасын..ырга клип эн сонунбаа
@sara_sara2937
@sara_sara2937 2 жыл бұрын
Назира эң мыкты актриса.Баары колунан келет.Эрки күчтүү.Зөөкүр да өтө жакшы аткарган.Таанышкан бала да мимика көз караш менен жеткизе аткарган.Сыймык жүрөккө жеткизе ырдап,клип менен жуурулушуп эле калган экен.Клипти ушундай тартса кана саны бар сапаты жок кылбай.Баарыңа чыгармачылык ийгилик!
@user-oh5cx3ro5k
@user-oh5cx3ro5k 2 жыл бұрын
Клип сонун.Сыймык байке унунузго береке.Коп коп клиптерди сизден кутобуз.Чыныгы жашоо,ушундай зокурлорго Аллахым ыйман берсин.
@user-hl2eq4nh2d
@user-hl2eq4nh2d 2 жыл бұрын
Дуйнодо адам кейпин кийген акмактар коп ошолорго намысын тепсеткен кор болгон кыздарда коп ушунчалык дурогум сыздады мындай тагдырды эч кимге каалабайм Сыймык айланайын талантына таазим биздин балдарга чон адамдарга кудайым ыйман берсин
@user-uh3jn2xd4s
@user-uh3jn2xd4s 2 жыл бұрын
Амантур абдан жагат олоо жонокой жакшы бала
@user-dp1vz1oo2b
@user-dp1vz1oo2b 2 жыл бұрын
ОО КУДАЙ АЛСЫЗ АЯЛДАРДЫ,, ЗООКУРЛОРДОН"САКТАЧЫ 🙏🏻АЯЛ ЭНЕ, АЯЛ ЭЖЕ, АЯЛ ЖЕНЕ, АЯЛ КАРЫНДАШ, АЛ КЫЗ ЭКЕНИН ЭСТЕГИЛЕ, КАЙБИР ЭССИСТЕР.
@user-bd1ed8tm1p
@user-bd1ed8tm1p 2 жыл бұрын
Жүрөктү эзип жибере жаздады. Ыйман, ысапты жоготуп койгон кээ бир маң баш эркектер угушса эсине келишет беле? Каармандар образды ачып беришине албетте, коштогон Сыймыктын коңур үнү менен ырдын сөзүнүн мааниси төп келишип калыптыр.
@maksataikimsanova7460
@maksataikimsanova7460 2 жыл бұрын
Ото маанилуу ыр 🔥🔥🔥 Жашоодо ушундай да эркектер бар .
@user-oj4py7nz3w
@user-oj4py7nz3w 2 жыл бұрын
Сыймык мыкты ырчы Назира мыкты актриса экоо тен талантуу адамдар
@user-nu3hc3yv4q
@user-nu3hc3yv4q 2 жыл бұрын
Сонун аткарган Назира алтын актрисасын ырдын созу да обону сонун Сыймык агабыз да алтын бар болуңуздар 😘😘😘😘🤗🤗🤗
@user-hy6tt8px6j
@user-hy6tt8px6j 2 жыл бұрын
Назира азаматсын👍. Сонун аткаргансын сага кошулуп ыйлап да алдым 😭. Сыймык Бейшекеев сонун ыр , ар бир чыгарган ырыныздын мааниси терен , рахмат .
@meerimbaisalova8136
@meerimbaisalova8136 2 жыл бұрын
Аябай сонун тартылыптыр, Назира любой рольду жаны менен ойнот, талант деп ушу кызды айтса болот. Сыймык Бейшекевге соз жок, кандай сонун ырдайт.
@aidananurmatova531
@aidananurmatova531 2 жыл бұрын
Терең маанилүү ыр экен 👏🎶 . Ырды угуп алып бир ыйлап алдым 🥺😥😔 . Мындай маанилүү ырлар азыр аз . Клип дагы сонун болуптур,👏🥺. Азаматсыз Сыймык байке👏🥺
@IbrahimTurkhan
@IbrahimTurkhan 2 жыл бұрын
Сыймык мырзанын үнүнө баракелде. Мазмундуу ыр болуптур.
@user-qt5hg4rq8g
@user-qt5hg4rq8g 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшкеев мырзага таазим ушундай сонун болуптур
@gulnasesenamanova5633
@gulnasesenamanova5633 Жыл бұрын
Ыйладым журогум чыдабай акмактар аз болсун Назира супер! Сыймык соз жок азамат унуно береке!
@meerimshamyrzaeva5836
@meerimshamyrzaeva5836 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеевтин ырлары укулуктуу жагымдуу ырлар
@user-bt3qs5ny5q
@user-bt3qs5ny5q 2 жыл бұрын
Эмнеге бизде ушундай мен аябай соонун ыр экен мен аябай ыйладым чыгарманызга таазим сизге иигилик Сыймык ага
@user-td8fp2uy8x
@user-td8fp2uy8x 2 жыл бұрын
Сонун актриса өзүнүн ролун жакшы аткарат С.Бейшекеев дайыма мазмундуу ырдайт👍👍👍
@user-xm1fw2me3f
@user-xm1fw2me3f 2 жыл бұрын
Керемет айтылған ән Керемет орындау
@user-ix2hk9gd9i
@user-ix2hk9gd9i 2 жыл бұрын
Назира азаматсың сени.жакшы көрөбүз сыйлайбыз,Сыймык сонун жүрөктү титрете ырдаптыр азаматсың,сыйлайбыз👋👋👋👋👋👍👍👍👍
@ainazaslanova4142
@ainazaslanova4142 2 жыл бұрын
Аябай соонун ыр болуптур.Клип да ырга топ келип адамды ыйлататго
@begiwjol3520
@begiwjol3520 2 жыл бұрын
Оа ыйлабай койо албайт экенсин
@user-ds6ev7ef4r
@user-ds6ev7ef4r 2 жыл бұрын
Ооба абдан жакшы ыр клип дагы жакшы экеен баарыбызды ыйлатты гоо
@user-cu8tx7pc8q
@user-cu8tx7pc8q 2 жыл бұрын
Эски ыр
@user-be7ro1ex3q
@user-be7ro1ex3q 2 жыл бұрын
Золотой голос деп ушуну айтыш керек. Ото маанилуу болуптур ыр👍👍👍
@user-fi1zr6du6s
@user-fi1zr6du6s 2 жыл бұрын
Назира рольунда ушундай болсо да жашоондо андай болбосун 😘
@user-iq2ss9um4i
@user-iq2ss9um4i 2 жыл бұрын
Журоко жеткен ыр экен.Козго жаш алат экенсин.Чыгармачылык ийгилик сизге.
@aselseitbekova1646
@aselseitbekova1646 2 жыл бұрын
Мааниси терең кино экен. Бизде мыйзам чындап иштебейт, болбосо самозащита кылсаң камалбашы керек эле.
@user-be7ro1ex3q
@user-be7ro1ex3q 2 жыл бұрын
Назира Айтбекова такая одна у нас клипте да кинодо да супер ойнойт👍👍
@dinakakochkorova3031
@dinakakochkorova3031 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев. Башкача ырчыда озу, Соонун чыгыптырго. 👍🎶🎤🎤🎤😃
@user-gg6sz1sp3h
@user-gg6sz1sp3h 2 жыл бұрын
Сонун чыгыптыр азаматсынар ,
@ny.6495
@ny.6495 2 жыл бұрын
Чоочун шаар чоочун аял. Бул ырды кооп жыл мурун уктум эле. анда мен мектемте окуйт элем аябай жаккан көз алдыма ушул тасманы элестетип, көзүм менен көрбөсөм да элестетип угар элем ийгиликтүү клиптерден болсун. Назира Айтбековага сөз жок сиз чыныгы талантсыз.
@user-ql1kt3zh7q
@user-ql1kt3zh7q 2 жыл бұрын
Соонун клип, Назира аябай жакшы аткарыптыр. Сыймык байкебиз👍
@user-oc1yz8fu9k
@user-oc1yz8fu9k 2 жыл бұрын
😭😭😭кан какшаган тагдырлар канчасы талкаланды эхх жашооо ...
@user-cu6bl8lc7h
@user-cu6bl8lc7h 2 жыл бұрын
Сыймык азаматсын онорун оссун 👍👍ийгилик сага
@user-ld1et7fy4g
@user-ld1et7fy4g 2 жыл бұрын
Плакать очень хочется 🥺😢 а ведь правда. Не дай бог чтобы с какой либо девушкой так поступили🙏 эх, а ведь таких мужчин много, и женщин которые столкнулись с такой тиранией тоже много!😢
@user-bv3fp6bi3b
@user-bv3fp6bi3b 2 жыл бұрын
Акыркы кундору мен Сыйиыкты ушунчалык сыйлап калдым просто ырчы талантуу адам катары. Без понтов делает свои дела очень грамотно. Канча ырчылар журот понтавать етип даже Бек. Он всегда скромно тихо. Иштерине ийгилик Сыймык еч качан оруба.
@user-yp4xh6go7l
@user-yp4xh6go7l 2 жыл бұрын
Сонун Назира суул
@bematalipova2006
@bematalipova2006 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев сиздин дагы коп жаны ыр жаны клип кутобуз Ыр манилуу клипда сонун
@asemaraimova7435
@asemaraimova7435 2 жыл бұрын
👍 мааниси ото чон азыркы заманга сабак
@kalievatotugul3300
@kalievatotugul3300 2 жыл бұрын
Назира ушундай сонун аткарыптырсын супер аманэсен бактылуу бол Сыймык ыларын ушундай маанилуу бир сонун кино коргондой болосун маанисин тушунуп уккан кишиге бар бол
@user-gb2rn5nc8n
@user-gb2rn5nc8n 2 жыл бұрын
Сонун ыр экен майнилу
@Anonim-ka
@Anonim-ka 2 жыл бұрын
Козумо жаш алдым. Мыкты аткарышыптыр баары.
@user-dt5bk6rc9d
@user-dt5bk6rc9d 2 жыл бұрын
Созу,обону,клип баары сонун болуптур,Назира жакшы аткарган молодец 👍😘
@user-tf9ef9du5m
@user-tf9ef9du5m 2 жыл бұрын
Арак ичкен байке чын актёрбу эн мыкты аткарган килипти аткарып жатып суйлогон созу барго 1 бутулкага аткарам деген сонун аткарган
@user-gc3lz8zx8d
@user-gc3lz8zx8d 2 жыл бұрын
Ырды да клипти да ото маанилуу таасирдуу аткаргансынар рахмат чоон ушундай мыкаачы адамдардан сактасын Аллахым.
@user-oc1yz8fu9k
@user-oc1yz8fu9k 2 жыл бұрын
Рахмат силерге тагдырды суроттогон замандашым ,талантынарга таазим...бул тагдыр ...
@user-ik5qk6tp1z
@user-ik5qk6tp1z 2 жыл бұрын
Ушул киши аябай талантуу, эн мыкты инсан. Билинбей баш аягы корунбой мелмилдеп аккан колдой болгон адам. Бар болунуз, ар бир чыгармасы маанилуу.
@janaraalieva8802
@janaraalieva8802 2 жыл бұрын
Сыймык байке ишинизге Ийгилик каалайм♡ өтө маанилүү ыр экен,
@user-gu4jd2yt7b
@user-gu4jd2yt7b 2 жыл бұрын
Ото кучтуу клип болуптур👍👍👍👍👍👍
@user-kz4xk3ge2j
@user-kz4xk3ge2j 2 жыл бұрын
Обдан жакшы чыгарма болуптур Бир кундо он он беш жолу угам Рахмат сизге Сыймык байке
@RayRay-vz4ge
@RayRay-vz4ge 2 жыл бұрын
Эн мыкты клип болуптур. Назира эн мыкты аткарыптыр
@user-kl7zi9ld8e
@user-kl7zi9ld8e 2 жыл бұрын
Эх соонун зордуктаган зөкүрлөр болбосунчу
@user-hm4us4rz2e
@user-hm4us4rz2e 2 жыл бұрын
эч кандай жаман комментарий жок экен кандай Гана сонун ыр
@user-mr4hj2gl8z
@user-mr4hj2gl8z 2 жыл бұрын
Ушундай сонун ыр сонун клипкке тескери жазгандар акмакчылык болотго азамат сыймык назира актер амантур болуш керек рахмат ыйлап кордум таасирдуу тарбиялуу ыр журоктту эзет .
@user-jh2ow9rr5i
@user-jh2ow9rr5i 2 жыл бұрын
Азаматсынар :унуно береке
@user-ee9ht2jz1k
@user-ee9ht2jz1k 2 жыл бұрын
Азаматсыңар,талантынарга таазим! Зөөкүрлөргө өлүм ак, канча кыздын тагдырына балта чаап жатышат,энесин, эже-карындашын ойлонбогон акмактар. Ыйлабай көрө албайсың...
@user-ot2dw7vv2g
@user-ot2dw7vv2g 2 жыл бұрын
Тим эле денени титиреткен ыр экен клип да мыкты болуптур
@user-eg7wl9fq5j
@user-eg7wl9fq5j 2 жыл бұрын
Назира Сыймык байкебиз соонун клип
@user-zv9ut7bq3f
@user-zv9ut7bq3f 2 жыл бұрын
Мындай кайгылуу клиптерди,, ырлардан кинолордон гана королу,,,комуздун уну мн ыр сонун чыгыптыр👍талантынызды кыргыз эли баалайбыз,,,чыгармачылык ийликтерди дагы да каалаймын,,талантыныз дагы да ташкындай берсин,,, Айтбекова эжебиз да берилип мыкты аткарыптыр.
@user-bl4hg5le2j
@user-bl4hg5le2j 2 жыл бұрын
Сөздөрүнө төп келген мыкты клип болуптур 😢 ыйлабай да коё албайсың эхх... Аллахым кыздарыбыздын намысын сактасын 🤲 Ушул көйгөйлөргө чекит коюлса жакшы болот эле... Бир жаза колдонуп ушундайларды азайталычы оо элим! Митингге эмнеге чыкпайсынар ушул тууралуу... Анан кайдагы бир пайдасыз жегичтерди колдоп чыгасыңар... 😣 Же бир балаңарды тарбиялай албайсыңар! Кароосуз калтырбай эркелетпей эле тарбиялагылачы балаңарды, кызыңарды! Намыс деген барбы кичине.. Бирөөнүн убалынан көз жашынан корксонор боло! Канчалаган кыздар ушинтип азап тартып жүрөт билбейбиз да! 😐😤 Айбандар ээк
@user-gz3nx7gz1m
@user-gz3nx7gz1m 2 жыл бұрын
Кыргызча ыр такыр укчу эмес элем соонун ыр экен азыркы заманга тиешелуу
@musl1ma478
@musl1ma478 2 жыл бұрын
Яхши кушик екан санатигизга омад
@user-qi5un3xn9t
@user-qi5un3xn9t 2 жыл бұрын
Сыймык таасирлүү ырларды ырдайт азаматсың мындайлар турмушта көп эле болуп атат го
@user-sy5jn4ku3z
@user-sy5jn4ku3z 2 жыл бұрын
Назира эже талантынызга таазим♥️
@user-tm3qc6tv5l
@user-tm3qc6tv5l 2 жыл бұрын
Азамат клип ырга топ келиптир булбулдай унун очпосун турмуштан алынган ыр клип сонун😘😘😘
@user-mv3nv8yw7h
@user-mv3nv8yw7h 2 жыл бұрын
Сыймык Назира абдан сонун болуптур ырыда клибида Дагы дагы ушундай журок козгогон чыныгы жашоодогу ырлардан чыгара бергиле
@hdgfgf6898
@hdgfgf6898 2 жыл бұрын
Маладец сыймык укан сайын укун келет корунбой кеттинго даагы сонун ырларды чыгарчы турмуштан алып
@user-jo6sk6pb4d
@user-jo6sk6pb4d 2 жыл бұрын
Мыкты актриса,мыкты аткаруучу,мыкты дастан!
@user-he7eh5on6r
@user-he7eh5on6r 2 жыл бұрын
Вааау созу аябай кучту экен🤔
@user-sk6pf4qo5x
@user-sk6pf4qo5x 2 жыл бұрын
Соз жок ийгилик байке
@user-qn3dw6xp8r
@user-qn3dw6xp8r 2 жыл бұрын
Назира мыкты аткарыпсын супер😘
@user-kq3by7it7p
@user-kq3by7it7p 2 жыл бұрын
Аябай маанилуу ыр екен Рахмат
@user-mq9wp7bl5n
@user-mq9wp7bl5n 2 жыл бұрын
Сонун ыр тагдырда бар нерсе актёрлор жеткизе ойноптур😭😭😭😭
@jaskaabdumalikova1258
@jaskaabdumalikova1258 2 жыл бұрын
Назира сага беш деген баа бердим журоко гана жеткире ойноптурсун сени коруп ыйладымго сага кудайымдан ден соолук узак омур бак таалай сурап кеттим иштеринде ийгилик мындан да бийиктей бер синдим 😘
@user-ls2jl8fr3j
@user-ls2jl8fr3j 2 жыл бұрын
Жоолук соонун жарашат экен соз жок ырга клипке
@rahatrahat3714
@rahatrahat3714 2 жыл бұрын
Клип, мазмун, ойногондор баары эн сонун
@user-qb8lf9ys2n
@user-qb8lf9ys2n 2 жыл бұрын
Жакшы клип экен мына аткарган бала красапчикго
@user-dk6tl3os7i
@user-dk6tl3os7i 2 жыл бұрын
Сыймык байкенин ырлары негизги өтө маанилүү жана уккулуктуу. Кыргыз ырчыларынын эң эле жакшы ырдаган ырчылар Бек байке андан кийинкиси Сыймык байке 👍👍👍👍👍👍
@user-lx7xl4is9t
@user-lx7xl4is9t 2 жыл бұрын
Аябай соонун чыгыптыр.
@ajarbubusatybaldieva8439
@ajarbubusatybaldieva8439 2 жыл бұрын
Назира азаматсың соонун аткарыпсын
@user-qg1rt5pp9c
@user-qg1rt5pp9c 2 жыл бұрын
Ото таасирлуу клип Назира чыныгы актриса деп сени айтса болот
@user-qx1wc9bo7p
@user-qx1wc9bo7p 2 жыл бұрын
Балдарыбызга туура тарбия берели агайын
@akylbek55
@akylbek55 2 жыл бұрын
Сонун клип болуптур. Ыр мурда чыккан эле мындан коп жыл мурда касетадан кайра кайра укчу элек.
@zhinarazhinara4400
@zhinarazhinara4400 2 жыл бұрын
Аябай сонун ыр жашоодон алынган 👍👍👍👍
@begaisamatova119
@begaisamatova119 2 жыл бұрын
Клиби сонун чыгыптыр мен бул ырды коп укчуумун Сыймык байке ишинизге ийгиликтер болсун
@aalamsarybaev
@aalamsarybaev 2 жыл бұрын
Сонун клип болуптур,👍👍👍👍👍👍
@user-ne8zv1ej8m
@user-ne8zv1ej8m 2 жыл бұрын
👍👍👍😢😢😥😥
@begimaichyntemirova
@begimaichyntemirova 2 жыл бұрын
Мааниси терен экен, чындыкка дал келиптир😓😓😓😩
@E1zaanna00
@E1zaanna00 2 жыл бұрын
😍😍😍❤️Назира Айтьекова ✅✅✅👍🏻
@user-ri1xh2yg6k
@user-ri1xh2yg6k 2 жыл бұрын
Эн сонун, алтын унунузго береке Сыймык байке👍🏻
@taalaigulashymova5046
@taalaigulashymova5046 2 жыл бұрын
Сыймык аке талантына таазим
@user-vt1uz4so2u
@user-vt1uz4so2u 2 жыл бұрын
Соонун маанилуу азыркы турмуштан алынган
УЛАН ОСМОН УУЛУ ЖУРОК СЫРЫ ЖАНЫ КЛИП
3:32
КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ - Сыймык Бейшекеев
12:01
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 1,7 МЛН
Amazing weight loss transformation !! 😱😱
00:24
Tibo InShape
Рет қаралды 66 МЛН
Playing hide and seek with my dog 🐶
00:25
Zach King
Рет қаралды 36 МЛН
小蚂蚁被感动了!火影忍者 #佐助 #家庭
00:54
火影忍者一家
Рет қаралды 28 МЛН
WORLD'S SHORTEST WOMAN
00:58
Stokes Twins
Рет қаралды 125 МЛН
Сыймык Бейшекеев : “ Аялды талкуулаган эркекти “сайпана” дешкен”
1:05:55
Азамат Токтокадыров - Соолуган гүлдөр
3:39
Азамат Токтокадыров
Рет қаралды 7 МЛН
Роза Аманова Ооган ыйы
8:05
Уланбек Сейталиев
Рет қаралды 4,8 МЛН
Аскат Мусабеков ырлар жыйнагы
51:09
Askat Musabekov
Рет қаралды 608 М.
САМАРА САБИРОВА ЖАНЫ КЛИП 2022
3:12
Seyit Production
Рет қаралды 2,7 МЛН
Улан Осмон уулу _Доке.Суйоо беремин.Суйкум элем .Ден соолук🎙️🎙️🎙️
13:41
ЖИКА ТВ каналы 40тыс.подписчиков
Рет қаралды 264 М.
Вся страна в очередях, а ты без очереди...
0:52
МиRRные Чувства
Рет қаралды 7 МЛН
Гномы против Квадроберов
1:00
Макс Рэйн
Рет қаралды 3,5 МЛН