Түгөлбай Казаков Шуулдаба теректерим

  Рет қаралды 150,831

Түмөнбай КОЛДОШОВ

Түмөнбай КОЛДОШОВ

3 жыл бұрын

"ЭЛЕГИЯ" (Шуулдаба теректерим)
Сөзү Салижан Жигитовдуку,
Обону Түгөлбай Казаковдуку
Автор ырдайт.
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
Тоо койнунда кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк - уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
Каргадайдан бирге өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

Пікірлер: 251
@user-lv9yv2yz5w
@user-lv9yv2yz5w 3 жыл бұрын
Залкар инсан, нукура кыргыз Туголбай Казаков! Ден соолукта, узаак жашасын!
@user-zx4tw3nr4j
@user-zx4tw3nr4j 3 жыл бұрын
Туголбай,,аганын,,омуру,,Узун,,болсун,,ылайыи,эн,Кадырову,,,инсан
@user-gf3pz8dw8p
@user-gf3pz8dw8p 3 жыл бұрын
САДЫР МАРИПОВ ТУГОЛБАЙ КАЗАКОВТУ ТОШ БЕЛГИ БЕРИП КОЮШ СИЛЕРГЕ КЫЙЫНБЫ КАДЫР БАКТУУ КЫРГЫЗЫНАРДЫ СЫЙЛАП КОЙЗОНОР ЭЛ СУЙУНУП КАЛАТ ЭЛЕ
@TV-pt5qt
@TV-pt5qt 2 жыл бұрын
Ширина ВН
@user-tc8ob8ee4o
@user-tc8ob8ee4o 2 жыл бұрын
Домбырамен орындап тұр. Қазақ пен қырғыздың әндері де, музыкалық аспаптары да бір-біріне өте ұқсас. Өнер жағынан қазаққа қырғыздан жақын халық жоқ.
@user-dc3ik9lh2l
@user-dc3ik9lh2l 2 жыл бұрын
Керемет ыр, сөзүнө обону бап келген. Ырахмат Салижан агайга! Жаткан жери жайлуу болсун! Түголбай байке көп жашаныз! Ыйлаттыңыз!
@egemberdimoldotashov8999
@egemberdimoldotashov8999 2 жыл бұрын
Асыл адамдар. Туголбай байкеге омур тилейбиз. Алтын казына бар болун.
@abiibaabdi2999
@abiibaabdi2999 3 жыл бұрын
Атамдын тиккен теректерин эстеп ыйладым! Чындыгында башкача шуулдашчу!!!
@user-el7yg8xp9z
@user-el7yg8xp9z 3 жыл бұрын
Атадан калган эстелик .... Жел журсо ырдашат
@user-on3dk6le4z
@user-on3dk6le4z 3 жыл бұрын
Кыргызга бир келген залкар сизди сыйлаймын. Мен да атамдын теректерин эстеп ыйлап алдым
@user-fo3ew6tt9e
@user-fo3ew6tt9e 2 жыл бұрын
Иии айта корбонуз мендагы элестетип алып жаман болдум анда атамдын козу тируу болчу эх .
@user-fh7zq9do2t
@user-fh7zq9do2t 2 жыл бұрын
Бул ыр мен Кыргызмын деген инсандын жүрөгүнөн орун табат,мен бул ырды укканда башкача сезим менен угам. Түгөлбай баяке бар бол,арыба !!!
@user-xp7rn7jt8g
@user-xp7rn7jt8g Жыл бұрын
Откон мезгилди балалыкты еске салат..анда апам да таенем да бар.болчу ..эх апакелерим кандай сонун инсандар эленер ырды угуп силерди естеп ыйладым..эх.. Убакыттар кандай тез отуп жатат теректер шуулдап силерди еске салып.. Журок ыйлап дил ыйлап жатат..Жаткан жеринер жайлуу болсун алтын апакелерим ...!😥😥😥😥
@ankadana7686
@ankadana7686 3 жыл бұрын
Ушул ырды уккандан эч тажабайм.Атам Апам Байкем эсиме келип буулугуп ыйлап алам.Бар болунуз Туголбай агай.
@user-pv4bo2gr9b
@user-pv4bo2gr9b Жыл бұрын
Салижан агам жазган ыр бир адамды ойлондуруп коет айрыкча Туголбайдын аткаруусунда эки залкар бириккенде укмуш .Бир сыйлыкка татыктуу го деп ойлойм.
@user-is7ye3co9t
@user-is7ye3co9t 3 жыл бұрын
Кыргыз элинин сыймыгы ,бар болун агай .
@abvgdijzklmn2791
@abvgdijzklmn2791 3 жыл бұрын
Туголбай эшек айкырып чыгат кабырдан тенирчи тентек...
@zalkarbekabdiev494
@zalkarbekabdiev494 2 жыл бұрын
@@abvgdijzklmn2791 бул Адам сенин котуно кирип атабы. Айбан
@user-bi6gv2rx6d
@user-bi6gv2rx6d 2 жыл бұрын
@@abvgdijzklmn2791 д
@user-fu3wj7fp1j
@user-fu3wj7fp1j 2 жыл бұрын
Толуктагы теректер шуулдап турат ,бул ырды укканда менин журогум айылымда калган 1970 -79 жылдагы жаштыгымды сагынып ыйлайм го .. Адыл канттин ......
@user-yb7ec7lv2l
@user-yb7ec7lv2l 2 жыл бұрын
Уят эмеспи ошентип жазганын Бир Алла Таала билет Ким эмнеге ылайык экенин.Кайдан билесин мумкун Туголбой акенин Аллага жаккан иштери бардыр.Жакшы соз айтыш колундан келбесе эч болбосо жаман соз айтып элибиздин тируу залкарларынын Бии болгон Туголбай акебизди капа кылба Ким болсон да.
@keldibayalymkulov5365
@keldibayalymkulov5365 2 жыл бұрын
Эки залкар таланттардын дараметине жаралган шедевр , кайран гана Салижан Жигитов! Укмуш сөздөр, укмуш обон менен шайкеш болуп , жулунуно жетет го чиркин!!! Бар бол, Түгөлбай!!!
@umutkasymova3628
@umutkasymova3628 3 жыл бұрын
Мындай чыгармалар кокурогу таза адамдардан чыгат бар болунуз
@user-gw3lb8td3o
@user-gw3lb8td3o 2 жыл бұрын
Кыргыз Коммуз Казах Домбра БИР ТУГАН ...!!! Бар болындар !! Аман сау болындар !!!!
@user-vs2yb3oy2w
@user-vs2yb3oy2w Жыл бұрын
Жасыңыз Ұзақ деніңіз сау болсын!. Осылай Қырғызбен Қазақтың Алтын Көпірі болып жүре беріңіз
@zalkarbekabdiev494
@zalkarbekabdiev494 2 жыл бұрын
Туголбай байкенин ырын угуп чонойдук. Керемет саптар
@mobimobiev6358
@mobimobiev6358 Жыл бұрын
0
@user-vk1dt9yg1t
@user-vk1dt9yg1t 3 жыл бұрын
Сыйлайм,сыймыктанам Туголбай Казаков менен!
@user-pw9uv1vb7t
@user-pw9uv1vb7t 3 жыл бұрын
28 май 1951 . Т.Т. КАЗАКОВ. 70 ЖАШ. КУТМАН КУРАК. КУТТУУ БОЛСУН ., Бекем ! Денсоолукта болунуз ?!*
@user-el7yg8xp9z
@user-el7yg8xp9z 3 жыл бұрын
ТУГОЛБАЙ АГАБЫЗ БАТ ЭЛЕ ЖЕТИМИШТИН ЧАЙЫН ИЧИП АТЫПТЫР ...КУТ БОЛСУН ...БИЗ СИЗДИН "" ЖАМГЫРЫН,ЫЗ "" МЕНЕН ЧОН,ОЙДУК ...ЧОГУЛГАНДА ""ЖАМГЫР ТОКТУ "" ЫРЫН,ЫЗДЫ АЗЫРКЫ УБАККА ЧЕЙИН БААРЫБЫЗ ТУРУП АЛЫП ХОР ЫРДАЙБЫЗ ... БАР БОЛУН,УЗ !!!!!!!!
@user-fq7ph3tv5y
@user-fq7ph3tv5y 3 жыл бұрын
Туголбай Казаков кайталангыс талант кадырлуу инсан биз сизди жакшы коробуз кыргыз эли
@user-mv2dy9rp2g
@user-mv2dy9rp2g 3 жыл бұрын
О́му́ру́ңо́ кудайым береке берсин у́ну́ң дагы би́йи́к оболой берсин🙏🙏🙏👍👍👍👍🙏
@nookatdefault507
@nookatdefault507 2 ай бұрын
Созу менен обону дал келген Салижан авам ырды уккан сайын атам апам аваларым туугандарымдын элеси Колдугумдум жыты жыты жыттангандай болуп ар дайым жашып алам ТУГОЛБАЙ агай узак жашан
@user-vc6bc4yp4v
@user-vc6bc4yp4v 3 жыл бұрын
Менин атам да жаш кезинде терек отургузган экен, алар карыган кезинде абдан чон болуп осту. Балалык кезибизде шуулдаган унун угуп чонойдук. Эми атам да жок теректери да жок. Бул ырды угуп ыйладым. Рахмат сизге Туголбай ага.
@SS-cl1mf
@SS-cl1mf 3 жыл бұрын
Салижан Жигитов менин кошунам эле...Кайран киши.Теректердин шуулдаганын өзү да укпайт эми... Кайран киши...
@user-nr9fy7qv4k
@user-nr9fy7qv4k 12 сағат бұрын
Бар болуңуз.Шуулдаба теректерим.Апам ,атам, инимди эстеп ыйлап алдым.
@nurgulsamyrbekova2805
@nurgulsamyrbekova2805 3 жыл бұрын
БАР БОЛУНУЗ АМАН БОЛУНУЗ кыргыз эли сизди жакшы корот. биздин мандайыбызда АманЭсен журцнуз
@moldalyosmonov9689
@moldalyosmonov9689 2 жыл бұрын
Рахмат Туко сизге узун омур тилеп ишинизге ийгилик каалаймын. Сиз тууралуу жакшы создорду укканмын. Ырамтылык акедосум, бир тууган дай жакын сырдаш агам Рыспай Жана Давлет аркалуу сизди тааныдым. Ар дайым жакшылыктын арасында болунуз. Молдалы.
@meerimr9036
@meerimr9036 3 жыл бұрын
Кыргыздын залкарларынын бири. Бар болунуз Туголбай ага!
@user-hl3ru6hp6k
@user-hl3ru6hp6k 3 жыл бұрын
Мен сыйлаган инсан, бар болунуз, коп жашаныз,
@user-jn4ck8lt5j
@user-jn4ck8lt5j 10 ай бұрын
Түгөлбай ага, сиз Кыргыз улутунун сыймыгысыз! Сиздин жүрөк титиреткен, жүлүнгө жеткен, көңүлдү көкөлөтүп, сезимдерди козгогон не бир укмуш керемет чыгармаларыңызды бала кезден угуп чоңойдук. Сизге өмүр, ден соолук каалайм. Үнүңүз чанда кездешчү үн. Сахнага чыгып, эл алдында ушундай керемет ырларыңызды ырдай бериңиз, жарата бериңиз. Элиңиз сизди кадырлап сыйлап, сыймыктанабыз. Сизди өмүр бою кумир тутуп келатам. Бар болуңуз, аман жүрүңүз.
@user-re1cf2hs8e
@user-re1cf2hs8e 2 жыл бұрын
Түгөлбай чоң талант көп жаша, ушундай адамдын узун өмүрлүү болушун тилейбиз.
@user-mo5ii8jt8v
@user-mo5ii8jt8v 3 жыл бұрын
Бар болунуз Түгөлбай ага.талантынызга таазим этем.кыргыз маданиятында эбегейсиз зор ордуңуз бар инсансыз.сиздей залкарлар менен замандаш болгонубузга сыймыктанам.
@user-qs5hw2zy3g
@user-qs5hw2zy3g 3 жыл бұрын
Туголбай залкар адам.Бар бол, аллахым узун омур берсин.Ар бир кыргыздын журогундо аздектелип жашайсын рахмат.
@user-cz2os7ns8p
@user-cz2os7ns8p 3 жыл бұрын
Шуулдаба терегим теректерим Шуулдасан ыйлагым келет.менин.🤦🤦🤦 Кыргыздын сыймыгы мактанаары , жопжонокой кыргыз уулунун образы ушул. Туголбайда бар , тарыхта из калтырган.эл.уулун козу барда баркына жетип баалап алалы Кыргыз бийлиги ,.болгон болгон наамды козу.тируусундо.берели ,.АК адал.эмгек жасады 🙌🎂👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬,.
@user-dw7jx1dz3h
@user-dw7jx1dz3h 3 жыл бұрын
Озунуздун ырлар жыйнагынызды чыгарсаныз журналистик менен чектелбей ырдап чыксаныз сизди элиниз сагындык аман болунуз талантынызга мин ирет тазим
@user-lk9wi7ff9q
@user-lk9wi7ff9q Жыл бұрын
Талантынызга береке
@user-kt2fn5es7m
@user-kt2fn5es7m Жыл бұрын
Онорунузго таазим !
@user-tf5vq2fe6s
@user-tf5vq2fe6s 2 жыл бұрын
Учурдун залкарларынын сап башында ушул киши.Жараткан ден соолук, узак омур берсин.Уй-булосунун камын корбогон эркектер коп кыргызда, а бул киши бутундой кыргыздын кечээки,бугунку, эртенкиси учун жан дуйносун кыйнап келет.
@Shanyl_Kozhobekova
@Shanyl_Kozhobekova 9 ай бұрын
Керемет ыр! Жакындарымды эстеп, козумо жаш алдым. Туголбай Мырза бар болунуз!
@user-ls9ex7sn1g
@user-ls9ex7sn1g Жыл бұрын
Ракмат унузду уккандан тажабайбыз! Ырдап эле ден -сооолукта журуунуз!
@Elina_akmatova
@Elina_akmatova Жыл бұрын
Туголбай ага 100 чыгып, эки дуйнодо бактылуу болунуз, Сиздин ырларынызды элиниз, сагынып кутуп келет, ырданыз, унунуздун тембири ушунчалык угумдуу да жагымдуу, сиздин унунуздой ун уга албадык, Канча обончу ,ырчы чыгып жатат, сиз легендасыз, ыр жанрында да, алып баруучулукту да сонун алып барасыз, чыгыныз эл алдына, кутобуз
@alieraliev9510
@alieraliev9510 3 жыл бұрын
Туголбай Токтогулович сиз эски обончулардан деп эсептеймин. Менин жашым 63 жашка чыгып калды., мен сиздин ырларыныз менен жашап келем. Сиз ушул курагынызда элге бир отчеттукпу же кандай десем, иши кылса 1- 2 сааттык концертиниз уюштуруп белек кылбайсызбы.
@user-hl3ru6hp6k
@user-hl3ru6hp6k 3 жыл бұрын
Мен да ошентип ойлойм, концертин берсе жакшы болот эле, негизи бир сырдуу инсансыз
@user-ib2hk1zl8i
@user-ib2hk1zl8i 3 жыл бұрын
Бар болунуз
@user-rz3ek7ef2j
@user-rz3ek7ef2j 3 жыл бұрын
Журокту козгой турган ыр да. Амандыкта бар болунуз агай.
@bars_1955
@bars_1955 4 ай бұрын
Бар болуңуз Түгөлбай ага.Биздин замандын залкары.
@user-lx5ix3hp3w
@user-lx5ix3hp3w 3 жыл бұрын
Талантыңызга МИҢ ТААЗИМ!!!🌺🌹⚘🌷🥀💐🌹🥀🌺🌷⚘💐🌸
@user-do7uj5pn6g
@user-do7uj5pn6g 2 ай бұрын
Салижан Жигитов тируу болсо дагы канчалаган мазмундуу тексттер жаралмак.
@user-ho5pf4uv4i
@user-ho5pf4uv4i 2 жыл бұрын
Шуулдаба . шуулдаба теректерим.атамды эстеп ыйладым...
@shekerbekaliev2985
@shekerbekaliev2985 9 ай бұрын
Оо,Туголбай абанын домбура черткенин коргон эмесмин! Азаматсыз,бар болунуз!
@user-yh8zh7eg9w
@user-yh8zh7eg9w 2 жыл бұрын
Туголбай байке сиздей адамдарды жуз жыл омур берсе кандай сонун болор эле аман.болун
@user-zu1hm2ce6u
@user-zu1hm2ce6u 3 жыл бұрын
Түгөлбай ага бар болуңуз аргендей үнүз эчкачан өчпөсүн.Сиздин теректериңиз жүрөгүмдү эзип кетти.Жараткан алла сизге узун өмүр берсин!
@user-em7gw8tw1p
@user-em7gw8tw1p 3 жыл бұрын
Бар болунуз Туголбай байке!
@user-ge9qr5zv6p
@user-ge9qr5zv6p 3 ай бұрын
Коп рахмет сизге.Жасыныз жузге келсин.
@Bektenbek
@Bektenbek 3 жыл бұрын
Агай бар болуңуз, кадырлуу карылык каалайм,сизден көп сабак насаат алып калышыбыз керек, кыргыз үчүн жан үрөп көп эмгек жасап келесиз,канчасы орундалган болсо ошол сиздин тарыхый салымыңыз
@user-zz2sf7bv3p
@user-zz2sf7bv3p 2 жыл бұрын
Түгөлбай байке аман болуп,узакбактылуу Кылым карытыныз( ˶ ❛ ꁞ ❛ ˶ )( ˘ ³˘)♥
@mastanovkiyamidin6427
@mastanovkiyamidin6427 2 жыл бұрын
Тугалбай ака,Кыргыз менен Казактын сыймыктын!!!!!!!
@aishadjaparova6986
@aishadjaparova6986 3 жыл бұрын
Унунузго береке кайталангыс талант сага таазим бар бол башка ырларында озун аткаруунда ущуну каалайт кыргыз элин
@jumakanmamatova9564
@jumakanmamatova9564 2 жыл бұрын
Атамдын эккен теректери эске келди атин арман озу жок козго жаш айланды, атамдын жаткан жайы жанннатта болсун Аллахым бейишин берсин
@user-ot8ir4hc7r
@user-ot8ir4hc7r Жыл бұрын
Өмүрүңүз узун болсун!Атамды эстедим,анын тигип кеткен теректери шуулдап турушат
@user-bx4jk2jj2z
@user-bx4jk2jj2z 3 жыл бұрын
Туголбай балам жаша .бар бол бай бол Ден соолукта болунуз
@user-it5ov2dm2i
@user-it5ov2dm2i Жыл бұрын
Ушул ырды укканда атамды эстеймин Салижан таганын жээниМамат атам дагы коп теректеоди эккен дыйкан болгонжаткан жерлери жайлуу топурактары торко болсун
@user-zq1fr3iq3m
@user-zq1fr3iq3m 3 жыл бұрын
Сиздин ырларынызды угуп чонойдук Туке. Аман болунуз. Сиз менен сыймыктанабыз.
@user-cv9wr1mi2t
@user-cv9wr1mi2t 3 жыл бұрын
Ушундай залкар адам менен замандаш болгонума сыймыктанам бар болун
@saikaltyledabilova7484
@saikaltyledabilova7484 Жыл бұрын
КУРБАЛДАШЫМ, ЗАМАНДАШЫМ МЕНИН СУЙУКТУУ ЫРЧЫМ АМАН БОЛЧУ!! ОШТО АСАНГАЛЫЙ АГА МЕНЕН ТОКОН АКЕ БОЛУП ЭГИН ТАЛААДА ЫРДАГЫНЫЗ ЭЧ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ! ЖОЛДОР ОТТУ ЖЫЛДАР ЗАКЫМДАП УЧУП 70 КЕ КЕЛДИК!! СИЗГЕ ОМУР ТИЛЕЙМ!!
@saikaltyledabilova7484
@saikaltyledabilova7484 Жыл бұрын
👍👍👍👍👍❣❣❣❣🤩🤩🤩🤩
@user-iv6ow7gn9o
@user-iv6ow7gn9o 3 жыл бұрын
Кыргыз эли сиз менен сыймыктанат
@user-ge8sk6ge6x
@user-ge8sk6ge6x 3 жыл бұрын
Туголбай бар бол ден соолук каалайм таазим талантына
@user-el7yg8xp9z
@user-el7yg8xp9z 3 жыл бұрын
Туголбай байкенин ырларын кобуроок чыгаргыла ... рахмат!!!
@user-ur3fm5tz2k
@user-ur3fm5tz2k 3 жыл бұрын
Эң сонун, агай талантынызга таазим. Бар болуңуз.
@user-xj2fj6hm1f
@user-xj2fj6hm1f 3 жыл бұрын
Аман болунуз агай кайталангыз талант биздин балалык суйуубуздун бары сизде
@nisanarkozieva3135
@nisanarkozieva3135 3 жыл бұрын
Туголбай онорунуз орго чыга берсин,кудайым колдоп коп жашаныз. Ата энениз бейиштик болсун.
@kalyssheyshekeev1654
@kalyssheyshekeev1654 2 жыл бұрын
Биздин Замандын Залкары Аман болунусчу ырынызды тажаба
@buka1756
@buka1756 Жыл бұрын
Талантына таазим Кыргыз элине олбос очспос ырларды тартуулаган
@user-px5gx7wq2o
@user-px5gx7wq2o 3 жыл бұрын
коп жашан агай ото соонун чыгарыпсыз сизге чоон рахмат
@user-km2zn4xm2x
@user-km2zn4xm2x 2 жыл бұрын
Ттүгөлбай ава бар болуңуз. Ден соолукта,чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.
@user-tt8zx1kf6y
@user-tt8zx1kf6y 3 жыл бұрын
КӨП ЖАШАҢЫЗ ТҮГӨЛБАЙ АГАЙ
@user-qf9ei4ub6m
@user-qf9ei4ub6m 3 жыл бұрын
Бактылуу өмүр сүрүнуз.Бар болуңуз агай.
@user-ux7gf5ie9t
@user-ux7gf5ie9t Жыл бұрын
Бар болунуз! Аллахым сизге ден соолук, омур берсин!
@umarstanov6891
@umarstanov6891 2 жыл бұрын
Супер...мааниси менен кандай Гана соонун ыр..кайталангыс талант туголбай атабыз...
@user-io5fq4cq6k
@user-io5fq4cq6k 3 жыл бұрын
БАА ЖЕТКИС ТАЛАНТЫНЫЗГА ТААЗИМ. СИЗ БУЛБУЛУМДУ УГУП ЫЙЛАДЫМ ДЕДИНИЗ ЭЛЕ... МЕН ДА ШУУЛДАГАН ТЕРЕКТЕРИНИЗДИ ЫЙЛАП УГАМ..
@user-yx6vy6cr8y
@user-yx6vy6cr8y 3 жыл бұрын
Менин атам да кооп терек отургузган.Ушул ырдагыдай шуулдап турушат.Коздон жаш тегеренет.Бейишин берсин атамдын🤲 Бар болгула биздин очпос таланттар,ишиниздерде коптогон ийгиликтер болсун!
@user-mn5hz1rn3e
@user-mn5hz1rn3e 3 жыл бұрын
Менин атам экен теректери шшулдап кошок айткандай туйулат😪откондорду жайын бейиштен болсун
@user-hl2ll3ro3w
@user-hl2ll3ro3w 3 жыл бұрын
Оомиийн
@user-el7yg8xp9z
@user-el7yg8xp9z 3 жыл бұрын
Аталарыбыздын----энелерибиздин жаткан жери жайлуу , топурагы торко болсун
@user-hp7zp7ks8m
@user-hp7zp7ks8m 3 жыл бұрын
Талантынынызга таазим
@user-hu9xc6jw5k
@user-hu9xc6jw5k 3 жыл бұрын
Агай талантынызга таазим, бар болуңуз!!!
@bermetbaiyshova7673
@bermetbaiyshova7673 Жыл бұрын
Керемет ыр, керемет аткаруу!!! Кулак менен эмес жүрөк менен тыңдадым...
@user-ni4md9hh1l
@user-ni4md9hh1l 2 жыл бұрын
Талантыңызга таазим этем! Жаратканым ден-соолук, өмүр берсин! Бар болуңуз агай!
@user-pt1vm7zt4q
@user-pt1vm7zt4q 3 жыл бұрын
Агай 70 жаш кутман курагыныз кутту болсун!Омурунуз узун,конулунуз ар дайым куунак болуп,Аллатаалам канча омур берсе ошону мындан дагы жемиштуу,ийгиликтуу отонуз.Дагы-дагы кыргызга щедевр болгон музыкаларды талыкпай жазып, артыныздан келе жаткан жаштарга улгу болуп журоберишинизди тилеймин.
@hakergamer8482
@hakergamer8482 2 жыл бұрын
Авва сизге ден соолук бир ууч кыргыз эркектери туз суйлойт ошолордун биринчи сабында ушул киши деп ойлойм коп жашаныз уйбулонор мн аманчылыкта
@ainagulabdykazakova4706
@ainagulabdykazakova4706 3 жыл бұрын
Бар болунуз кыргыз элинин сыймыгы .
@user-lx8yq6lr7s
@user-lx8yq6lr7s 2 жыл бұрын
Атакемди эстеп ыйладым😓. Аллахым бейишинен орун берип, кабырын нурлуу кылсын🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@mobishop2280
@mobishop2280 3 жыл бұрын
Кыргызымдын сыймыгы ,нукура талант Эл уулу Т.Казаков!
@user-yf4to4ul8s
@user-yf4to4ul8s 2 жыл бұрын
Шуулдаба терегим теректерим шуулдасан ыйлагым келет менин а силер жатасынар кайрандарым укпастан теректердин шуулдаганын,,кандай гана журокко жеткизе ырдаган ээ коп жашан Тугол байке
@altynaltyn2422
@altynaltyn2422 2 жыл бұрын
Туголбай ага замандын залкары. Абдан сыйлайм!!!
@user-dk6fy9wt9l
@user-dk6fy9wt9l 3 жыл бұрын
Арман ыры ар Бир башта бар Салижан бейшите бол. Туголбай о́мурдо бол
@user-pg4px2rj8q
@user-pg4px2rj8q Жыл бұрын
Агай ушул ырдасныз ыйлагым келет Каракол айыл Бут эсиме тушот озгочо балалыгым ак кайын тикен кундор айдыралиев сонун кептерге тоибосун наакыл кепди сагындык
@user-el7yg8xp9z
@user-el7yg8xp9z Жыл бұрын
Караколдук Иманалиев Ажыканга салам айтам . Атасынын аты Касым болуу керек эле . Чолпон - атадан ЭСЕН.
@user-yg6xf7gu1y
@user-yg6xf7gu1y 3 жыл бұрын
Туголбай талантына таазим Караколдун теректерин бир эстеп койчу биз учун дагы эле баягыдай красава
@user-lv9yv2yz5w
@user-lv9yv2yz5w 2 жыл бұрын
Ден соолукта бактылуу карылыктын дооорун берсин тенир!
@AzizaToktogonova1424
@AzizaToktogonova1424 9 ай бұрын
Кыргыздын тарыхын толуктаган залкар кулуну сизсиз.Бар болунуз.Талантынызга таазим
@user-wm8xw7xm9b
@user-wm8xw7xm9b Жыл бұрын
Азаматсыз Түгөлбай Казаков агай,көп жашаңыз
@user-uy3st7gj8q
@user-uy3st7gj8q 3 жыл бұрын
Бар болунуз агай,коп жашаныз💐👏👏👍👍. Атамдын эстедим😥😥😥тиккен бак дарак,алма орукторунон 1 чоон туп жангак калды.Атам тиккен жангак деп уйго барган сайын колокосундо отуруп эс алып келем😢😢😢
@user-kd6vx9lo8i
@user-kd6vx9lo8i 3 жыл бұрын
Атамды эстетим......😥😢😢😥..... Денсоолукта аманесен болгула чыгармачылык ийгилик! Арыбагыла ♥️ Кыргызбыз деп 🇰🇬 бийик которуп жургон арнамыстуу инсандар коп болсун 🙏
@user-ke6ho9xt3u
@user-ke6ho9xt3u 3 жыл бұрын
Талантынызга таазим,бар болунуз
@79.6
@79.6 2 жыл бұрын
Абдан соонун соз жок аткарууда,ыйлап жыргап эргип уктум,мындай эч Ким ырдай албаса керек,бар болунуз агай🤲🏻😘💐👏👍
@kairatomurbaev1122
@kairatomurbaev1122 3 жыл бұрын
Мени эле айтып ырдап аткандай.эрте менен а там эккен теректер шамалга шуулдап турчу эле😢
@kubanychbekjumanazatov4052
@kubanychbekjumanazatov4052 2 жыл бұрын
Чыныгы журокту кого тарган чыгарылыш мааниси ото терен.
@jalilmamadaliev5125
@jalilmamadaliev5125 3 жыл бұрын
Талантынызга таазим...
@user-sl8de6uo2y
@user-sl8de6uo2y 2 жыл бұрын
Мына Элиталар !!!
@user-sm2oo9du3o
@user-sm2oo9du3o 3 жыл бұрын
Туголбай агай. Сиз эн ак конул, эн эле журогу таза, назик адамсыз. Сизге окшогон адамдарды кыргыз кылып жаратканына, биздин сизге замандаш болуп жашап жатканыбызга, сиздин чыгармаларыныздан дем-куч алып жатканыбызга, конулубузду тазарткан чыгармаларыныз учун Адлага шугурлор айтам. КОП ЖАШАНЫЗ! БАР БОЛУНУЗ!
@nazgulnurkulova4836
@nazgulnurkulova4836 3 жыл бұрын
Шуулдаба теректер теректерим Менин да асылдарым теректин шуулдаганын укпай кара жерде жатышат кайрандарым
@kairatomurbaev1122
@kairatomurbaev1122 3 жыл бұрын
Алла сабыр берсин
@reslev5574
@reslev5574 3 жыл бұрын
Бар болунуз, аман болунуз сизге ден соолук ишинизге ийгилик сиз менен сыймыктанабыз.
@user-pn5cw5zr2x
@user-pn5cw5zr2x 2 жыл бұрын
Баракелде!! Ден соолукта аман болуңуз, Үнүңүз эч өзгөрбөптүр. БАЛИ!!! (Кипрден)👏🏽👏🏽👏🏽
@user-gf3pz8dw8p
@user-gf3pz8dw8p 3 жыл бұрын
ТУГОЛАЙ КАЗАКООВ БИЛИМДУУ КАДЫР БАРКТУУ ИНСАН БИЙЛИК ТОШ БЕЛГИ БЕРИП КОЙСОНОР СИЛЕРГЕ АКЧА ЭЛЕ КЕРЕК
@izabellafiasko
@izabellafiasko 4 ай бұрын
Менин да атакемди эстетип жиберди Атакемда шуулдаган теректерда жок ((
@ayanbek
@ayanbek 10 ай бұрын
Бир күнү ыйлабай уга алаармын ушул ырды. Кыйын го. Үйдө да атам тиккен терек үнү угулаар эле шуулдап. Турат али терек, атам жок.
@user-hj2dh2uq1k
@user-hj2dh2uq1k 11 ай бұрын
Ырларыныз тээ балалык ойно кезге, балалык наристе ууз суйууго алып барып бир жашартып келет...
Асанкалый Керимбаев - Шуулдаба теректерим
9:12
Сейтек Абдылдаев
Рет қаралды 21 М.
Дүйшөн Керимов: Салижан Жигитовдун сагынткан сабактары.
22:49
Мурас-Наследие предков
Рет қаралды 6 М.
Sprinting with More and More Money
00:29
MrBeast
Рет қаралды 24 МЛН
Cat story: from hate to love! 😻 #cat #cute #kitten
00:40
Stocat
Рет қаралды 13 МЛН
"Сен сүйгөн обон"
31:45
Түгөлбай Казаков
Рет қаралды 50 М.
Тоо гүлдөрү"Т.Казаков
3:37
Bakytbek Kurmanaliev
Рет қаралды 190 М.
Түгөлбай Казаков - Илястын ыры
3:11
Сейтек Абдылдаев
Рет қаралды 25 М.
aespa 에스파 'Armageddon' MV
3:33
SMTOWN
Рет қаралды 22 МЛН
Body
2:38
Asik - Topic
Рет қаралды 307 М.
Amre - Есіңде сақта [Album EMI]
2:16
Amre Official
Рет қаралды 135 М.
Asik - Body (Lyrics Video)
2:42
Rukh Music
Рет қаралды 673 М.
Жандос Қаржаубай - Не істедім?!
2:57
Sadraddin & IL’HAN - Aman bolşy suigenim | Official Visualizer
3:09