Рет қаралды 684
Евдокия Пасько Ысык-Көлдүн жээгинде дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Согуш башталганда 22 жаштагы кыз өз ыктыяры менен фронтко барган. Ал учурда аялдарды аскерге жибербегенге аракет кылышкан, бирок фронтто абал өтө оор эле. Мындан улам кыздардан турган учуучу полк түзүлгөн.
Алар жыгачтан жасалган кичинекей У-2 самолеттору менен учуп турушкан. Гитлерчилер алардан коркуп, "Түнкү жезкемпирлер" деп атап алышкан. Анткени күндүз бул учактарды тапанча менен атып түшүрүп коюшмак. "Жүгөрүчүлөр" түн ичинде коркунуч жаратып, душманга байкатпай учуп барып, өйдөдөн жүз килограммдык бомбаларды таштап турушкан.
Ал эми биздин жоокерлер учкуч кыздарды эркелетип “чабалекейлер” деп коюшчу. Кыздар эң кооптуу жерлерге азык-түлүк жана курал-жарак жеткирип да турушкан. Евдокия Паськонун айтымында, учакка парашют салгандын ордуна жигиттерге 20 килограммдан ашык курал-жарак алып алышчу.
Көптөгөн учкуч айымдар Жеңиш күнүнө жетпей калган. Чыйрак, кара тору Евдокия Пасько 800дөн ашык ирет учуп, тобокелдиктерге карабай аман калган. Ал Кыргызстандан Советтер Союзунун Баатыры наамын алган жалгыз аял болуп калды.