Түпкү атабыз Түлкү баатыр

  Рет қаралды 4,719

Жумгал KG

Жумгал KG

Жыл бұрын

Үчүкө, Түлкү (болжол менен 17-кылымдын экинчи жарымында жашап өтүшкөн) - кыргыздын оң канат урууларын бийлеген баатырлар. Көбүнчө Жаңыл мырзага байланыштуу уламыштарда айтылат. Кыргыздын генеол. санжыраларында Манап бийден Сүтөй, андан Сарысейит, андан Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене деген 4 бала болгону жана Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөнгө чейин кыргыз элин Үчүкө, Түлкү бийлегени айтылат. Бул экөөнүн тукумунун көбү кийин кыргызды бийлеп өткөн. Үчүкөдөн Маматкул бий, андан бир туугандар Темир, Болот; Болот бийден Эсенкул баатыр, андан Ниязбек бий, андан Ормон хан; Түлкүдөн Тынай, андан Атаке баатыр, андан Карабек, андан Жантай, андан Шабдан баатырлар чыккан.
Айт уулу Түлкү баатыр болжол менен 1705-1710-жылдары туулган. Жаштайынан кыргыз-калмак согуштарына активдүү катышып, көрсөткөн эрдиктеринен улам элдик баатыр аталган. Мындан тышкары, жаш чагында чоң атасы Итэмген баатырдын жолун жолдоп, жолборс чаап, кыргыздын жолборс чапкан саналуу баатырларынын катарын толуктаган. Бийликти атасынан мурастап калып, узак жылдар бою Жумгалда саяк уруусунун башкы бийи болгон.
Айтылуу Санчы сынчыга кыргыздан кыз сынатып, мыкты уулдарды төрөп бере турган 13-14 жаштардагы кызды алган. Сынчы Түлкү баатырга баатыр уулдарды төрөп бере турган кызды көптөгөн аймактардан издеп жүрүп, акыры Тогуз-Тородон тапкан. Ал Түлкү баатырга кызды мындайча сынап берген: “Баатыр, Кудай берет деген ушул. Издегеним табылды. Бул кызды: “ ургаачынын өөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок”- деп айтабыз. Байкасаң жатканында эки колу тизелеринен билегине чейин ашып калат. Бул тирикарак кызды аялдыкка алсаң, андан: эч нерседен коркпогон , элеңдеп жортпогон, көзү чаар, өңү заар көк жал туулат. Ач арстан, баш койкоӊ туулат. Кийинки туулган экөөнүн тукуму, мурунку экөөнүн тукумуна букара болот. Жергеси көбөйүп бир өзөнгө ээ болот”.
Сынчынын бул айткандары жаздым кеткен эмес. Ал кыз Түлкү баатырга: Качыке, Кедей Ажыбек, Шайыбек деген төрт уул төрөп берген. Качыке атактуу баатыр болуп, калмактарды кыргыз жеринен сүргөн акыркы баатырлардын бири катары тарыхта калды. Кедей да өз заманында элге алынган инсан болгон. Анын бий болгондугу да айтылат. Качыкенин 13 уулу болуп, алардын ичинен өзүн тартып баатыр болуп чыкканы Эраалы. Ал эми кадимки Жаркымбай уулу Байзак баатыр Качыке баатырдын бир тууганы Кедейдин чөбөрөсү болот. Түлкүнүн экинчи аялынан: Карагул, Көккөз. Ошону менен Түлкүнүн 6 баласынан тарагандар бүгүнкү күндө абдан көп.
1758-жылы түндүк кыргыздарынын башкы бийи -Үчөкө уулу Маматкул сарбагыштардан Черикчи Темир уулун, саяктардан Түлкү баатырды, Шербек Жакшыбай уулун, солтодон Нышаа Кудайменде уулун, кытай уруусунан Каработо бийдин тууганы, Майтыктын уулу Шүкүрдү ж.б. Пекинге, Цин империясына, ошол кездеги император Цянь-Лунга элчиликке жөнөткөн. Кыргыз элчилери императорго жолугушуп, Кытайдын согуштук өнөрү менен таанышып, кызматташуу, чек араны тактоо тууралуу кеп кылышкан. Кыргыз-кытайдын алгачкы саясий дипломатиялык мамилесин түптөөгө катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги Түлкү бийге ж.б. дагы 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган. Түлкү баатырдын өлгөн жылы так эмес. Даӊазалуу баатырдын болжол менен 1760-жылдардын баш жагында, дагы бир маалыматта 1770-жылдардын тегерегинде дүйнө салгандыгы айтылат. Анын сөөгү Жумгалдын Байзак айлына жакын жерге коюлуп, күмбөзү (сырттан усталар келип салышкандыгы айтылат) ал мезгилден бери эки жарым кылымдын тегерегинде мезгил өтсө да, бүгүнкү күндө да белгилүү болуп сакталып келатат.

Пікірлер: 26
@rickhan4492
@rickhan4492 18 күн бұрын
Абдылкерим Ичкилик кыргыз болу керек,
@BekSaliev-yo2un
@BekSaliev-yo2un 4 ай бұрын
Токтогулдун Торкен деген жеринен болом саяк уурусунан
@user-wm6ck4to5x
@user-wm6ck4to5x 6 ай бұрын
Мен тулку баатырдынчоборосу болом ушул программаны чыгарган Тынчтык Карымшаковго терен ыраазычылык сизге алла ыраазыболсун кудай колдосун
@user-wl2sn6zy8u
@user-wl2sn6zy8u 20 күн бұрын
Чөбөрөсүнүн чөбөрөсү болушун керек
@user-ln7rx7vn9w
@user-ln7rx7vn9w 5 ай бұрын
Мен саякмын жумгалда эпкин айылынан болом.
@user-cc5tn2rt1v
@user-cc5tn2rt1v 23 күн бұрын
Точно тулку экенда саяактар не кыйтыр десе
@user-nx7qb3rq1b
@user-nx7qb3rq1b 6 ай бұрын
Ошондо кытайлардын тупку атасы тулку болгон экен го, кытай уруусунун
@SuiunbekAlmanbetov
@SuiunbekAlmanbetov 2 ай бұрын
😮😮😮
@rickhan4492
@rickhan4492 8 күн бұрын
Библияда калыга акчасы жок Эркек ,Кыздын калыны учун Куйо болчу жигит Кыздын Атасынын уйундо малын баккан экен,Тулку Баатыр да Библия китебиндегидей Калынга жылкычы болуп иштептир,
@rickhan4492
@rickhan4492 18 күн бұрын
Ит эмген менен Сут эмгенди Меркит Муркут десе керек,
@user-he4ex8fd8u
@user-he4ex8fd8u 4 ай бұрын
Азырд баатырларынр коп Ырсбек Камчы Иймаш деген кутуктвйбыс
@rickhan4492
@rickhan4492 18 күн бұрын
Коккоздун атасы Манап бий болобу же Найманбайбы,Биздин уруубуз Найман, Бахмал Чаар же Чер, Коккоз деген аталарыбыз болгон,
@rickhan4492
@rickhan4492 18 күн бұрын
Тынайдын уулу Коккоз болобу?Тынайдын Абдурахим бий Абдикарим бийлерге тууганчылык жайы барбы? Коккоздон таркагандар барбы? Бахмал Чаар же Чер дегенди уккансыздарбы туугандар?
@user-ib7xe5te1w
@user-ib7xe5te1w Ай бұрын
Ар ким өз атасын мактайт сөз берсе эле Түлкү баатыр 2аял- алса Курман кожо уруусунун баатыры Балбак баатыр 6 аял алган ошол Түлкүнүн замандашы.Казак,калмак, кыргыздар болгон аялдары, Балбактын атасы Келдибек бий "а эмнегедир деген Шербек" Келдикенин бир тууганы кадимки Шабдан баатырдын тайатасы Алышердин атасы болгон билбесеңиз тарыхты тумандатып булгабаныз.
@rickhan4492
@rickhan4492 7 ай бұрын
ИТ эмген Муркут уруусу болсо керек,
@joomartborbuev756
@joomartborbuev756 Ай бұрын
Муркут дегениңер тээ жанагы чынгыз хан доорундагы меркиттер эмеспи?
@rickhan4492
@rickhan4492 18 күн бұрын
​@@joomartborbuev756Оа
@user-dm9kt9co6z
@user-dm9kt9co6z 3 ай бұрын
Тулкунун аялы жонундо айтпадынар
@namysbekdjunushef2179
@namysbekdjunushef2179 5 ай бұрын
Саякия что ли жумгал.
@user-ry9ow9sk2l
@user-ry9ow9sk2l 21 күн бұрын
Блять Тарыхчылар только Тундуктогу урууларды эле айта берет. Түштүктөгү Кыргыздарды такыр айтпайт как будто бутундой Кыргыз Тундуктон тараган. Реальность каякта.
@Zhanaliev
@Zhanaliev 27 күн бұрын
тырыхчылар так так сүйлөсө болгон кылган деп так точно сүйлөсө болсо керек ушундай окшойт мүмкүн дебей даңгел сүйлосө
@user-gh4sf1mm9w
@user-gh4sf1mm9w 4 ай бұрын
Эй былжырлар тулку баатырдын баласы качыке эмес тулкунун баласы тынай тынайдан атаке баатыр атакеден жолборс чапкан таштанбек билбей эле соктуруп былжырай бересинерби
@esenturbekishov
@esenturbekishov Ай бұрын
Ал башка Түлкү , Үчке деген башка баатырлар. Манаптын тукумдары. А бул Түлкү баатыр Кулжыгачтыкы Саяк уруусунан. Өзүңүз тарыхты - санжыраны жакшы окушуңуз керек экен.
@user-gh4sf1mm9w
@user-gh4sf1mm9w Ай бұрын
@@esenturbekishov ээ сага караганда жакшы билет болушум керек эмне менин айтканым туура эмеспи тарыхта атактуу учкеден тулку баатыр тулкудон тынай тынайдан атаке баатыр атакеден таштанбек карабек деген эки уул жолборс чапакан таштанбектен уул жок карабектен жантай жантайдан шабдан баатыр сенин тулку баатырынды качыкенин атасы деген тулку деген тарыхта жок
@esenturbekishov
@esenturbekishov Ай бұрын
Сарыбагыштан - Манап. Манаптан-Сүтөй. Сүтүке. Сүтөйдөн - Сарысейит, Тукур. Сарысейиттен- Үчкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене. Учкө Түлкүнүн атасы эмес иниси болот. Кыргызда жолборс чапкан үч Түлкү баатыр айтылат. Ошолордун бири Кулжыгачтын Итэмгенинен Түлкү баатыр.
@user-tx2fn9ro8d
@user-tx2fn9ro8d 29 күн бұрын
​@@user-gh4sf1mm9wЖок сиз алмаштырып жатасыз. Бул берүүдө Саяк уруусунун Түлкү баатыры жөнүндө талкуу болуп жатат. Биздин Сарбагыш уруусунун Үчүкө Түлкү баатырлры эмес. Мен да Сарбагыш болом.
Саяк санжырасы.  Тайлак баатыр
43:05
Operator KG
Рет қаралды 15 М.
Санжыра: Адыл баатыр 2-бөлүк
30:38
Кубанычбек Адылов
Рет қаралды 4,6 М.
ИРИНА КАЙРАТОВНА - АЙДАХАР (БЕКА) [MV]
02:51
ГОСТ ENTERTAINMENT
Рет қаралды 1,9 МЛН
Is it Cake or Fake ? 🍰
00:53
A4
Рет қаралды 19 МЛН
Hot Ball ASMR #asmr #asmrsounds #satisfying #relaxing #satisfyingvideo
00:19
Oddly Satisfying
Рет қаралды 50 МЛН
Super gymnastics 😍🫣
00:15
Lexa_Merin
Рет қаралды 101 МЛН
Мартаж болохгүй Давтах учиргүй түүх (Дугаар №28) | Season 2 Episode 16
29:18
Мартаж болохгүй давтах учиргүй түүх
Рет қаралды 1,5 М.
ТАСМА БААТЫР БАЯНЫ. ДАРЕКТУУ ТАСМА.
14:49
ALA-ASKA PRODUCTION
Рет қаралды 2,2 М.
Санжыра: Ниязбек жана анын урпактары 1-бөлүк
44:23
КЫРГЫЗ ЭЛ САНЖЫРАСЫ
Рет қаралды 3 М.
ИРИНА КАЙРАТОВНА - АЙДАХАР (БЕКА) [MV]
02:51
ГОСТ ENTERTAINMENT
Рет қаралды 1,9 МЛН