Рет қаралды 821,752
#cgtn
Отставкадагы полковник Абдрахим Раджапов Тажикстандагы жарандык согуш маалындагы ачыкка чыкпаган факты тууралуу айтып берди. Ал маалда Раджапов Дүйшөмбү шаарындагы Жамааттык тынчтык күчтөрүнүн биргелешкен штабында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү болгон. 1997-жылы жазында Раджапов өзүнүн досу, Кыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиев менен бирге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) талаа командири лакап аты "Рахмон-Гитлер" катары таанымал болгон Рахмон Сангиновдун кутумунун алдын алган. Анда Эмомали Рахмон тажик коомун бириктире ала турган өлкөнүн саналуу лидерлеринин бири болгон. Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан Рахмонго бир нече жолу колдоо көрсөтүлгөн.
#CNN #BCC #ABC #TheNewYorkTimes #WashingtonPost
#NBCNews #RussiaToday #DW #Euronews
#AgenceFrancePresse #AssociatedPress
#Reuters #UnitedPressInternational
#Fox #MSNBC #USAToday
#TheWallStreetJournal #POLITICO #Bloomberg #HBO
#HuffPost #NewsWeek
#Time
#KyrgyzTajikBorder
#BatkenisKG
#FreeBatken