Рет қаралды 147,866
26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз бирөөлөр Range Rover үлгүсүндөгү жол тандабасты аткылаган. “Азаттыктын” өзбек редакциясы - “Озодлик” радиосунун булактары ал маалда машинеде Өзбекстан президентинин Маалыматтык саясат департаментинин жетекчилигинен жаңы кеткен Комил Алламжонов жана айдоочусу болгонун маалымдашты. Алардын эч кимиси жабыркаган эмес. Кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы “атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери менен кылмыш иш козгоду. Көп узабай эки кишинин кармалганы кабарланган. Аналитиктер окуя кошуна өлкөнүн Мирзиеевдин үй-бүлөсү үстөмдүк кылган саясий сахнасы тынч эмес экенин ашкерелегенин боолголошот. “Озодлик” жуп шайлоо алдында болгон ок атуунун чоо-жайын билүүгө аракеттенип, эксперттердин, өз булактарынын, журналисттер менен блогерлердин пикирлерине кызыккан. #rfe_rl #uzbekistan #Өзбекстан #Алламжонов
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus