Рет қаралды 1,409
Аймээрим Абдиллаева
«ТАБАЛБАЙ КАЛАМ АЙЛАМДЫ»
сөзү: Ж. Шамшиев
обону: Ж. Шамшиев
Аппак нур өңдүү айдагы,
Ачылган гүлдөй жайдары.
Тамылжый тиктей калганда ,
Табалбай калам мен айламды.
Сен тиктей калсаң күлүңдөй,
Бир укмуш сонун гүлүндөй.
Кайгырып калат жүрөгүм,
Канчага чейин түңүлбөй.
Билдирсем десем ойумду,
Бир да сөз таппай орундуу.
Канчалык кайрат кылсам да,
Калтырак басат бойумду.
#monomedia