Рет қаралды 23,941
“Суйуузар”
Талант 60’К & Айя Садырова
Созу: Кыялбек Урманбетов
Обону: Эрик Беннет
Биз кыйрап кемедей,
Тегиз телегей эмес, аттиң ай.
Из калды жүрөктө,
Калды сүрөттө элес ак куудай.
Сен кабарыңды айтып мага койбой,
Жүрдүң экен кандай жайда, дегеле кайда?
Мен ыйык туткан Ысык-Көлдү бойлой,
Жүрөгүм сыздайт кайра-кайра.
Азапка көрчү батты жан,
Кайгы тапты жан.
Айрылып келдим бактыман, тайдым бактыман.
А бирок сага тилегим, жалгыз тилегим,
Айрылба, көлүм, ак кууңан,
Көлүм, ак кууңан.
Мейли кайгым бөлүнбөй, тагдыр өрүлбөй
Далай бир жыл өтсө.
Биз калдык бир сүрөттө,
Жарашып күнгө, жарашып бирге.
Сен бакыт издеп кайда гана барба,
Жолугуп да асыл жанга жадырап-жайна.
Мен жерге батпай, жанга таппай айла
Көлүмө келем кайра-кайра.
#Талант60К #АйяСадырова
Расмий баракчалар:
Талант 60'K: / talant_60.k_official .
Айя Садырова: / aiya_sadyrova .