Рет қаралды 5,613
Манас таануу - бул фольклористиканын “Манас” эпосун жыйноону, изилдөөнү, бастырып чыгарууну ишке ашыруучу тармагы. Анда улуу эпостун чыгыш доору, идеясы жана каармандары, сюжети, композициясы, типологиялык байланышы, айтуучулардын чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү, варианттарынын идеялык-көркөмдүк салмагы, бири-бири менен жакындыктары, айырмасы, поэтикасы, элдүүлүгү, жарыяланыш тарыхы, басылыштары, окутуу проблемалары, эпостун кыргыз маданиятындагы орду ж. б. изилденет. Автор алгачкы сабакта ушул жана Манас таануунун башка өзөктүү маселелерин ортого салат.