Рет қаралды 180
ТОКОЙДОН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
2024-жылдын 25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында саат 15:40та токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин өрткө каршы кызматынан 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Жалпы 87 адам өрттү өчүрүүгө катышкан болсо, адардын 25и ӨКМдин токой кызматынан, 31и ӨКБдан тартылып, саат 23:43тө чектөөгө алынган. Өрт 00:40та толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын өз убагында жана эффективдүү чектөөгө алыныш ӨКМдин токой чарба жана өрткө каршы кызматтарынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин, түнкү нөөмөткө токой чарбасынан 6 кызматкер, айыл өкмөттөн 6 киши кайтарууга калышкан.
Тилсиз жоо болжолдуу 25-30га аянтты каптагыны айтылууда. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Келип чыгуу себертери такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР