Рет қаралды 15,545
Бүгүн 9-майда Бакыян айылынын тургуну Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков 98 жаш курагында акыркы сапарга узатылды.
Митинге реквиемге облус жетекчиси Нурлан Дарданов, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директору Батыр Качкымбаев , “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери катышып, баатыр атанын эрдигин эскеришти.
Облус жетекчиси жана компаниянын кызматкерлери Араке Арстанбековдун үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына көңүл айтышты. Куран окутканы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 50 миң сом жана “Альянс Алтын” компаниясынан 50 миң сом акчалай берилди.
Араке Арстанбеков 17 жашында колуна мылтык кармап 1944-жылы согушка талаасына барган. Берлинге чейин жетип, душмандын мизин кайтарып, тынчтыкты орнотууга салым кошкон.