Рет қаралды 27,554
Мындан эки апта мурун Ооганстандын Памиринен 10 үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Алар учурда Оштун Алай жергесиндеги Сары-Могол айылында жашап жатат. Жергиликтүү эл менен көнүшүп, той-топурларда чогуу олтуруп, карым-катнаш түзө башташты. А түгүл айрымдар өздөрүнүн туугандарын да таба башташкан. Өкмөт аларга кайрылман статусун берип, билим-берүү, медициналык кароо, турак-жай менен камсыздоо жагын карап жатканын билдирүүдө. Ушуну менен баш-аягы жүздөн ашуун Памирден келген этникалык кыргыз тарыхый мекенинде жашап жатат. #Бешинчи_канал #жанылыктар #Бишкек #Ооган