Рет қаралды 37,190
Күн сайын келин көрүп келип кетип жаткан эл суюла баштаганда Сагынбек аялына карап мындай деди:
- Байбиче, келинди болсо алдык, азыр мал семиз убакта той берели.
- Той-пой бербейбиз, - деди Турдукан ачуулу.
- Дагы баштадыңбы, маңдайы жарык өңдүү-түстүү эле келин болду, анын күнөөсү кайсы байбиче?
- Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!