Рет қаралды 2,884
Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Сабиркан (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/sabirkan
Follow Toktobek Asanaliev:
toktobek_asanal...
profile.php?...
Кызыл өрүк
Сөзү Нинахан Жүндүбаева
Обону Канымгүл Досманбетова
Жазда келгем айылыңа кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө искеп жытың,
Карай берем кайталап көңүл бөлүп.
Ого бетер буруксуп мени тиктеп,
Болгонсудуң өмүргө өзүң шерик.
Күндөгүдөй күлүңдөп мага карап,
Коштошууга кол берип келдим сага.
Атыр жытың жыттайын аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол гана…
Неге мынча бук болом камыккансып,
Ысыйт денем алоолоп улам жана.
Кызыл өрүк кош болгун, кошкун эми!..
Күбө болсун жүрөккө жаздын жели.
Жалбырагың сеңселтип бетим сылап,
Таркап кетсин көңүлдүн буккан чери.
Келген мейман сөзү деп эстей жүргүн,
Ишенип кой унутпайм мен да сени.
Жалбырагың сеңселтип бетим сылап,
Таркап кетсин көңүлдүн буккан чери.
Келген мейман сөзү деп эстей жүргүн,
Ишенип кой унутпайм мен да сени.
Ишенип кой унутпайм мен да сени.