Рет қаралды 1,313
Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Адамдарга кайрылуу (Official Album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
Follow Toktobek Asanaliev:
Instagram: www.instagram....
Facebook: www.facebook.c...
Жүрөгүмдө орун бирөө
Сөзү: Надырбек Алымбеков
Обону: Нарынбек Сейитбеков
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсоң шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Ак жибек сага жайган торум бирөө,
Адашып сенден калса шорум бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө жанган отту шорум бирөө.
Берилип башкаларды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.