ТУЯКСЫЗ ӨТКӨН ЖЕҢИЖОКТУН АРМАНЫ : БАЛАМ ЖОК

  Рет қаралды 479,678

КЫРГЫЗСТАН

КЫРГЫЗСТАН

4 жыл бұрын

Жеңижок 1860-жылы азыркы Манас районуна караштуу Сары-Көбөн айылында кедейдин бүлөсүндө туулган. Анын өз аты-жөнү Көкө уулу Өтө болгон. Өтө жаштайынан тоголок жетим калып турмуштун тозогун көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет. Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.
обону: Жолболду Алибаев - КРнын Эл Артисти
КАНАЛГА КАТТАЛЫП ЛАЙК БАСЫП ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ.
#куттуукеч #элтр
©m studio

Пікірлер: 189
@user-qc2qv9zy6w
@user-qc2qv9zy6w 4 жыл бұрын
Ар бир адамга Алла Таала уул кыз берсин
@user-jf9zd9ji6y65
@user-jf9zd9ji6y65 Жыл бұрын
Амииииииииин
@user-rg4dw1ym9z
@user-rg4dw1ym9z Жыл бұрын
Оомийн!🤲
@user-im7qg4rk9u
@user-im7qg4rk9u Жыл бұрын
Амин
@user-tw7le1wr7h
@user-tw7le1wr7h Ай бұрын
Биринчи жолу уктум ыйлайсынго 😢 Аллага шугур бир кызым бар.
@animeoriginal4252
@animeoriginal4252 Жыл бұрын
Ак сайдан аккан дарыя, Арманым айтам жарыя. Көк сайдан аккан дарыя, Күйүтүм айтам жарыя. Аргымак оозун бурайын, Ай, айланып жыл келет, Айтпай бир кантип турайын. Күлүктүн оозун бурайын, Күн айланып жыл келет, Күйбөй бир кантип турайын. Күмүшүн ырдын терейин, Күйүтүм айтып берейин. Алтынын ырдын терейин, Арманым айтып берейин: Сарыны кийдим тогунан, Саргайдым бала жогунан Караны кийдим тогунан, Кайгырдым бала жогунан. Кымыздык терген кең колот, Кырына барып эл конот. Кымбатым, элим, келипсиң, Кыйытып айтсам, не болот?!.. Балдыркан чыккан чоң колот, Башына барып эл конот. Башымда турган арманды, Байкатып айтсам, не болот?!. Алтынды жезге өткөрбөйт, Айтпасам дартым бөксөрбөйт Күмүштү жезге өткөрбөйт, Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт. Алтындын жайы гүлбакта, Алган жарым Көксулуу, Айтып турам бул чакта., Арманга батпа бул тапта! Күмүштүн жайы гүлбакта, Кошулган, жарым, Көксулуу, Какшанып турам бул чакта, Эми күйүткө түшпө бул тапта!. Кошулган, жарым, Көксулуу, Килемди согуп түр кылдың, Кирген үйүң гүл кылдың. Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың. Сандык жыйдың жүгүңө, Сарамжал кирди үйүңө. Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө. Чырмап чийиң каладың, Чырайлап үйүң кармадың. Оролтуп чийиң каладың, Окшотуп үйүң кармадың. Алдын сылап жүк жыйдың, Аркасын карап үй тиктиң. Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың. Кайтар куштан үлгү алдың, Кайчылабай тон бычтың. Учаар куштан үлгү алдың, Үлгүлөбөй тон бычтың. Шакегиңдин жүлгүсү, Шаарга кетти үлгүсү. Оймогуңдун жүлгүсү, Ойротко кетти үлгүсү. Казы элечек, кара көз, Калкымдан чыккан бото көз. Торко элечек, торгой көз, Тобумдан чыккан бото көз. Оймогуңа гүл тактың, Он жубанга сын тактың. Шакегиңе гүл тактың, Сан жубанга сын тактың. Аксыдан чыккан сулуубум, Арманым айтып турумун: Тескейге каккан куу казык, Текенин эти жол азык. Теңтушумдан кем болдум, Теңирим менде не жазык?.. Күңгөйгө каккан куу казык, Кулжанын эти жол азык. Курдашымдан кем болдум, Кудайым, менде не жазык?.. Беш колумда муунум жок, Бел кыла турган уулум жок. Оң колумда муунум жок, О дүйнө көздөй жол тартсам, Ордумду басар уулум жок! Түндүктүү дүкөн үйүмө, Түркүк болор уулум жок. Капшыттуу дүкөн үйүмө, Карманып оокат кылаарга, Кадырлап баккан уулум жок!.. Эрте турсам шамал жок, Эсимде турат амал жок. Саар турсам шамал жок, Санаамда турат амал жок. Өзөндүү булак, Кара-Суу, Өрөөнүң толсо калаа жок. Өз журтумду ээлерге, Өзүмдөн бүткөн бала жок! Кайыңдуу булак, Кара-Суу, Каптаса толгон калаа жок. Кадимки журтум ээлерге, Кадырлап баккан бала жок. Аргымак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Өзүңдөн бала болбосо, Арман эмей, эмине? Тобурчак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Тутунаар балаң болбосо, Арман эмей, эмине?.. Кайрылышта мүрзөмдү, Кайрылып барып ким көрөт, Кайгырып жашын ким төгөт? Бурулушта мүрзөмдү, Бурулуп барып ким көрөт? Буркурап жашын ким төгөт?.. Эгерде уулум болгондо: Каттаганда кан жолум, Кармаганда оң колум. Сүйлөгөндө таңдайым, Сүйүнгөндө маңдайым! Ак шумкар кушун чуктамак, Ак чатыр кирип уктамак. Көк шумкар кушун чуктамак, Көк чатыр кирип уктамак. Жанына бычак бүлөмөк, Жайында кушу түлөмөк. Кынына бычак бүлөмөк, Кышында кушу түлөмөк. Аргымак минип ойнотмок, Адырга тайган жойлотмок. Ак дарыя бойломок, Ак шумкар салып ойномок. Көк дарыя бойломок, Көк шумкар салып ойномок!.. Көл жакалай куш салса, Көк ала моюн каз алмак. Сайды бойлоп куш салса, Сарала моюн каз алмак. Суксурга кушун ыргытмак, Сур жорго минип жылжытмак. Кекиликке кушун ыргытмак, Кер кашка минип жылжытмак. Аргымак минип жетектеп, Алтынды кумдай этектеп. Күлүктү коштоп, жетектеп, Күмүштү кумдай этектеп. Секиртип күлүк мингизип, Сүлөөсүн ичик кийгизип. Сымбатын журтка билгизип. Булкунтуп буудан мингизип, Букары тонун кийгизип. Аргымак берип дуулатып, Адырдан коён уулатып. Тобурчак берип жыргатып, Токойдон коён уулатып. Сар кашка атка мингизип, Саймалуу калпак кийгизип. Карагер атка мингизип, Кайырма калпак кийгизип. Чыгарбайт белем, жыйынга, Мен курган жыт кылбайт белем мурунга!... Сайратсам элдин кашында, Санаам жок эле башында.
@emotabar
@emotabar 5 ай бұрын
Рахмат.
@GazievaGulcehra19
@GazievaGulcehra19 Ай бұрын
Рахмаат
@sssu8609
@sssu8609 15 күн бұрын
Калганын жазып бересизби
@user-hs3hq2cl2o
@user-hs3hq2cl2o 3 жыл бұрын
Улуу акындын баардык Кыргыз балдарыбыз
@user-rv3mb1pe1b
@user-rv3mb1pe1b 3 жыл бұрын
"Аксыдан чыккан Жени жок Айтышаарга тени жок"
@user-zl5wb2jr3h
@user-zl5wb2jr3h 3 жыл бұрын
Таластан чыккан жени жок тартышарга тени жок
@NN-lc6wd
@NN-lc6wd 3 жыл бұрын
👍
@NN-lc6wd
@NN-lc6wd 3 жыл бұрын
КАЯКТАН ЧЫККАН ЖЕНИ ЖОК АЙТЫШАРГА ТЕНИ ЖОК?????
@user-dq7zr8vq5y
@user-dq7zr8vq5y 2 жыл бұрын
Таластык Таластан барган ,Аксыга жээн болот.
@user-tt8zx1kf6y
@user-tt8zx1kf6y 2 жыл бұрын
@@user-dq7zr8vq5y ТАЛАСТЫН МЫКТЫЧЫКМАЛАРЫ УЯЛЫШЫП ТАЛАСТАН КУУ САЛЫШКАН .
@user-zv1we3vi1x
@user-zv1we3vi1x Жыл бұрын
Ошон учун айткан экен,балалуу уй базар,баласыз уй мазар деп,жараткан кудайым ар бир жараткан пендесин баласыз калтырбасын оомийин!
@user-ct2bv9kv1r
@user-ct2bv9kv1r 2 жыл бұрын
Керемет онери гулдеген акын биртуар кайтып келмес акын жаны жанната болсын Кыргыз Казак бир туган
@user-lo9cx5yd2g
@user-lo9cx5yd2g 4 жыл бұрын
Жолболду Алыбаевдин тубаса таланттына Кыргыз элим сыйлайт урматайт колдойт омуру узун болсун таланттына таазим.
@user-jn4re5yo3l
@user-jn4re5yo3l 2 жыл бұрын
То
@azizabatyrova3962
@azizabatyrova3962 2 жыл бұрын
@@user-jn4re5yo3l н6фн
@samsunga40dgumaev41
@samsunga40dgumaev41 2 жыл бұрын
Кайрылыштагы мүрзөмдү кайрылып барып ким көрөт кайран башым өткөндө кайгырып жашын ким төгөт Бурулуштагы мүрзөмдү бурулуп барып ким көрөт бул дүйнөдөн мен өтсөм буркурап жашын ким төгөт көтөрүп бала жытын жытабай күйүтүм калды ичимде 😔😔😔😢😢😢😭😭😭😭😭 Атин Арман
@user-rt4wy1qs8x
@user-rt4wy1qs8x Жыл бұрын
Болосун Балалуу
@user-kp9td1sh5o
@user-kp9td1sh5o Жыл бұрын
Жени Жоктун туягы калбаса да, аркасында кылымдар бою атын очурбогон чыгармалары калды.
@user-vg5yz3dh4n
@user-vg5yz3dh4n Жыл бұрын
Даа тууган сеники да ушундай арман беле,баласыздарды мен терең түшүнөм,.
@alv-cg3ek
@alv-cg3ek 9 ай бұрын
😢
@user-lh6ej2ec3d
@user-lh6ej2ec3d 3 жыл бұрын
Аллах таалам каалаганына уул кыз,же уул,же кыз берет. каалаганына уулда кызда бербейт. оо роббим баардык мусулмандарга жардам берчии🤲
@gulzhansharshembieva4073
@gulzhansharshembieva4073 3 жыл бұрын
Жолболду агайды канча уксан да тажабайсын,бар болунуз!👏👏👏👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍👍👍
@user-ye6fr8ft3y
@user-ye6fr8ft3y Жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍🌻🌻🌻🌻🌻🌻🌻
@nomadarykbaev
@nomadarykbaev 8 ай бұрын
Жаткан жериңиз жайлуу болуп ,бейиштин төрүнөн орун берсин Кудайым. Жоктогонго,куран окуганга уулум жок деген экенсиз, бүткүл кыргыз эли дуба кылат сиз үчүн.
@user-lz5ey8le9j
@user-lz5ey8le9j 9 күн бұрын
Менин тагдырымды жашаган окшойт бу киши, мен 21- кылымда
@user-yx2zl1mu5h
@user-yx2zl1mu5h Жыл бұрын
Жеңіжоқ аталарыңызға да, орындаған Жолболдыға көп құрмет! Әттең, шашасына шаң жұтпаған жүйрік ақын баласыз өткен екен, бір кем дүние...
@user-gb5jm9gn2k
@user-gb5jm9gn2k 3 жыл бұрын
Аллахыма шугур ушунча балачакалуу болгонума, ар бир адам балалуу болсун.
@user-fo6lh8jt6p
@user-fo6lh8jt6p 2 жыл бұрын
Аллах ар бир мусулманга уул кыз берсин баласы жокторго бала берсин оомиин🤲🤲🤲
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 3 жыл бұрын
Жени жоктун балам жок деген термесин мыкты аткарган бар болунус👍👏❤
@user-te3bz2zo2c
@user-te3bz2zo2c 3 жыл бұрын
Акындын өчпөс ырлары менен элдин эсинде дайым жашап жүрө берет
@user-on4md5wx6t
@user-on4md5wx6t 3 ай бұрын
Аллахым Жолболду байкеге ден-соолук, доолоттуу жана берекелуу карылык берсин Амиин. Чондор Эл баатырын берсин.
@nurlanermekov3929
@nurlanermekov3929 3 жыл бұрын
Эх Арман дуйно Жени жок Атабыз перзентсиз откон экен да арманы журокту ыйлатат го Аллах акыретин берсин
@user-se5rn6oy3p
@user-se5rn6oy3p Жыл бұрын
Аялы Коксулууну катуу суйгон бирок атына учкаштырып алып алып жургон
@user-rm6mp7tb8g
@user-rm6mp7tb8g Жыл бұрын
Коксулууну биринчи тийген куйоосунон ортого Бир таасирдуу манапты салып ажыратып алат.Кайнатасы эшиктен чыгарбай керегеден каргап чыгарган имиш. Ошон учун деп Эл оозунда айтылат.
@user-be4vt9zi8t
@user-be4vt9zi8t 3 жыл бұрын
Ар бир пендеге уул кыз берсин
@moldkd
@moldkd Жыл бұрын
Ким ютубка чыгарса да чоон Рахмат, ото маанилуу Иш Жасап жатасыз. Ар Бир Кыргыз кайда болбосун ушундай ата бабаларыбыздын ырларын угуп коп, балдарыбызга канына синдинирип жургуло
@karinakris3345
@karinakris3345 3 жыл бұрын
Кыргызымдын улуу насаат үгүт сөздөрү мындан бийик эч нерсе жок.
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 3 жыл бұрын
Жолболду ага талантына тасим женижоктун балам жок деген чыгармасын мыкты аткарган👍👏🌷❤🇰🇬
@debrynekdebryne96
@debrynekdebryne96 4 жыл бұрын
Эн мыкты 👍👍👍
@jieweng3150
@jieweng3150 5 ай бұрын
ЖАКШЫ ЭРКЕК ЖЭ АЯЛДАА БАЛАА ЖООК БОЛОТ ЭКЕЕН АЯГЫН АЛЛААА ОЗУУ БИЛЕТ
@user-iq1pf5ju7c
@user-iq1pf5ju7c Жыл бұрын
Кыргыз болгонума сыймыктанам уулуу залкар комузчуларга таазим етем комуз ойногон уулдар Кооп Болсун,Комуз журоктун кылдары деп сезем ергуу мн угам рахмат
@user-kv6jt6ny5g
@user-kv6jt6ny5g Жыл бұрын
Аллахым балан жок болсо ото кыйын экен,элдин кемсинткени тируу эле жерге комгондой....20- жыл болду мага дагы,2 жолу уй- булом бузулду... дуа кылып койунуздааар....
@domnam7333
@domnam7333 Жыл бұрын
Ар намазда ыйлап бул дубаны кооп окуп, анан аракетинизди жасай бериниз: «Робби хаблий милладунка зурриятаан тоййибатан иннака Самиьуддуъа» . Аркага чегинбей сабыр менен дуба кылыныз, таштап койбонуз
@user-kv6jt6ny5g
@user-kv6jt6ny5g Жыл бұрын
Рахмат, Аллахым ыраазы болсун!
@user-td2fp1ty6e
@user-td2fp1ty6e 3 жыл бұрын
Жолболдунун баардык ырларын укун келе берет азаматсыз талантынызга таазим этебиз ага ырахмат.
@user-yt4ss6nv7o
@user-yt4ss6nv7o Жыл бұрын
Жени Жок атабыздын Кыргыз эли бар биз дуа кылабыз иншалла
@user-wh9us6rs3e
@user-wh9us6rs3e 3 жыл бұрын
Жолболду Алыбаев, ийгилик каалайм!👍👍👍👍👍👍👍👍
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 3 жыл бұрын
Жолболду ага жени жоктун балам жок деген чыгармасын мыкты аткарган бар болунус👍
@Mers7264
@Mers7264 Жыл бұрын
Эххх аттин арман Аллахым аркимди аркандай тагдыр мн сынайт, ото кучтуу ырдаган экен
@user-fj9yd8je3k
@user-fj9yd8je3k 3 жыл бұрын
Артында уул кыз болбосода өчпөй турган мыкты ырларын калтырыптыр жолболду Алыбаев жүрөкө жеткизе ырдаптыр сөз жок көп жашаныз мыкты дастандарды ырдап жүрө бериниз
@user-ik6zs3uk6v
@user-ik6zs3uk6v 3 жыл бұрын
Залкар акын,улуу акын!!!
@user-zw2mx3gj5q
@user-zw2mx3gj5q Жыл бұрын
Аттиң бири кем дүнүйө.Көк сулуу эжебиз экөөсүнүн жайлары жаннаттан болсун.Чексиз махабаттын үлгүсү болуп кала беришет.
@user-eu7mw7rb5q
@user-eu7mw7rb5q 2 жыл бұрын
жандуйнон чыныгы кыргыз ырларын сагынды❤😢 Рахмат сиздерге чон
@user-fr9ho9sp3f
@user-fr9ho9sp3f 3 жыл бұрын
Жолболду ака омурлуу болунуз. Жолболду ака кудай омур берсин сизге. Кара Кулжадан ыссык салам.
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 3 жыл бұрын
Кайран акын бири кем дуйно деген ушул👍🌹👏
@toktobekomuraliev6620
@toktobekomuraliev6620 3 жыл бұрын
Аллахым ар адамды туяксыз кылбасын. Оомиин
@user-iu6jo5rg8b
@user-iu6jo5rg8b 7 ай бұрын
Жеңижок ата бейишиңиз болсун🤲🤲🤲🤲🤲Сиздин ырды алып чыккан Жолболду агага рахмат👏👏👏👏
@user-tn3xt5zu5r
@user-tn3xt5zu5r 3 жыл бұрын
Молодец баардык созу уккулукту и уйкашкан, баардык созу, азыркы ырларды угуп тушунбойсун
@user-gw3cc6kv9w
@user-gw3cc6kv9w Жыл бұрын
Ыр эмесбекен я, Жолболду Алыбаев атабызга узун омур чын ден соолук каалайбыз,азыркы сапатсыз ырчылардан мин эсе кучтуу ырчы
@user-yt5is3qu9k
@user-yt5is3qu9k 2 жыл бұрын
Алахым. Бендене. Баланын. Унун. Угуз
@datkaaiym7463
@datkaaiym7463 7 күн бұрын
Ошондогу көп балалуулардын биринин деле аты калган жок. Баласыз болсо да Жеңижок атабыздын аты тарыхта калды. 7 миллион кыргыз сиздин балаңыз Жеңижок ата😢 Жаныңыз жаннатта болсун!
@batken-qu6fv
@batken-qu6fv Жыл бұрын
Баарыбызга аллатаалам уул кыз берсин ааамииин
@user-es2qu1fm7z
@user-es2qu1fm7z 3 жыл бұрын
ЖЕНИЖОК АТАБЫЗ БАЛАСЫЗ БОЛГОНУНА КАРАБАЙ ОМУР БОЮ КОКСУЛУУНУ СУЙУП, АНЫ МЕНЕН ЖАШОО КЕЧИРГЕН!! КОКСУЛУУ ТОРОГОН ЭМЕС!! БИРОК, УЛУУЛАРДЫН АРЗУУСУ УЛУУ БОЙДОН ЖАШАП КАЛГАН!!
@user-kv7wu8vk4w
@user-kv7wu8vk4w 3 жыл бұрын
Кок сулуу деген ким
@user-kv7wu8vk4w
@user-kv7wu8vk4w 3 жыл бұрын
???
@user-vp5gj2vj6w
@user-vp5gj2vj6w 3 жыл бұрын
@@user-kv7wu8vk4w Жеңи жок атабыздын жубайы...
@user-md8kn2og4g
@user-md8kn2og4g 3 жыл бұрын
Жолболду агайдын уну созулсын бут кыргызча угулсун. Омуру узун болсун
@user-md8kn2og4g
@user-md8kn2og4g 3 жыл бұрын
Коксулу Женижок атабыздын суйуп алган жары
@user-pn2zs4cz8b
@user-pn2zs4cz8b 3 жыл бұрын
Жолболду аке бар болунуз.талантынызга таазим.сиз ото жонокой адамгерчиликтуу адамсыз.сиз менен даам сызып,баарлашып олтурган кунум мен учун омур бою эсимде калды.омурунуз узуун болсун.онорунуз оркундой берсин!
@user-vh3us6ch4n
@user-vh3us6ch4n 3 жыл бұрын
Байкуш Жеңижок,көзүмдөн жаш куйулду,оо дүнүйө кетсем,ким ыйлайт жоктоп буркурап...
@user-ek1wm6vs8d
@user-ek1wm6vs8d 3 жыл бұрын
Сыно ошондой кату берилсе Алладан эч нерсе колубуздан келбеткен эх жашоо ошондойкен шугур кылыб жашашдан башка айла жок
@user-vh3us6ch4n
@user-vh3us6ch4n 3 жыл бұрын
@@user-ek1wm6vs8d эгер Жеңижок акын азыркы заманда төрөлгөндө, эко деген менен бир эле эмес,үч же төрт балалуу болот эле законный,ал мезгилде адамдар үчүн ал медицина өнүгө элек болчу,аа азыркы учурда баары балалуу болот....
@user-by7be1dj5n
@user-by7be1dj5n 3 жыл бұрын
Менин Баламдын Атасы укса экен ушул ырды.
@ffhdfh5121
@ffhdfh5121 3 жыл бұрын
Баланыздын атасы кайакта
@user-tt8zx1kf6y
@user-tt8zx1kf6y 2 жыл бұрын
@@ffhdfh5121 АТАСЫ МОСКВАГА КЕТИП ОШОЛ ЖАКТА КАЧЫП ЖҮРӨТДА
@sfgdgh5911
@sfgdgh5911 2 жыл бұрын
Ээ Алла сыноону женил кыл
@user-xp2qp9yq7u
@user-xp2qp9yq7u 2 жыл бұрын
@@user-tt8zx1kf6y туура айтат
@user-et1mc4mo8l
@user-et1mc4mo8l 4 жыл бұрын
Жакшы ыр
@elinaerkinbekova5428
@elinaerkinbekova5428 4 жыл бұрын
Кайран акындын арманы.кандай тизилген акылдуу создор .бири кем дуйноо
@userl659
@userl659 3 жыл бұрын
Мага дагы буйруса экен туболук жар,!!! Жашым 35ке жетип калды!!!!!
@zukuatahan9584
@zukuatahan9584 Жыл бұрын
36га чыгып калдын,уйлондунбу:)
@userl659
@userl659 Жыл бұрын
@@zukuatahan9584 жооок
@Muslim_996
@Muslim_996 Ай бұрын
@@userl65937ге чыгып калдыңар үйлөндүңөрбү?
@fghgg5697
@fghgg5697 Жыл бұрын
Инша Аллах балалуу болом
@Garaj.02
@Garaj.02 Жыл бұрын
Ильяз ырдагандан кийин Толук укум келди
@user-bo3ee8nr3z
@user-bo3ee8nr3z 2 жыл бұрын
Кыргыз тили кандай сонун, акын соз тапкычтарывыз м.н👍
@user-kb4ru8xu2l
@user-kb4ru8xu2l 6 ай бұрын
Рахмат жрлболду ел женижок атанын барына сен жанкиргиздинго барболун. Ырлардын пирлери баары сизьи колдоп коп жашан бар бай юолун бактылуу доор суробергиле
@user-wg6hn9jj3z
@user-wg6hn9jj3z 11 ай бұрын
Алахым ар бир инсанга перзент насип кылсын 😭🤲
@moolangaziev5014
@moolangaziev5014 Жыл бұрын
Аллахым ар бир уйго наристе унун жаныртсын
@user-ms5bt5rj5e
@user-ms5bt5rj5e Жыл бұрын
Кандай кучтуу создор... Аттин
@aubkadyrov7134
@aubkadyrov7134 10 күн бұрын
Баракелде ☝️💞🇰🇬💞🥺
@sezimmyktarova1042
@sezimmyktarova1042 3 жыл бұрын
Кыргызстан алга 🇰🇬🇰🇬
@jiga63
@jiga63 Жыл бұрын
Кыргыз тилин уккан сайын сыймыктанамда, кандай гана уйкаштырылып куралган создор, мааниси терен создор.
@user-li8nh4nz5r
@user-li8nh4nz5r 2 жыл бұрын
БАЙКУШ АЙ БАЙКУШ !!!!
@user-hg5zg1bq1n
@user-hg5zg1bq1n 3 жыл бұрын
Бул ырды Жолболду Алибаев ырдап жатат.
@user-dv7xh5vt9x
@user-dv7xh5vt9x 3 жыл бұрын
Жолболду залкар Жени Жок акындын ырын керемет айткан бали ко жашан..
@user-of8oq6ob9f
@user-of8oq6ob9f 9 ай бұрын
Бурулушта мурзомду, Бурулуп барып ким корот? Бул дуйнодон мен кетсем да Буркурап жашын ким тогот!
@user-ft2eu5cd5i
@user-ft2eu5cd5i 3 ай бұрын
Алаа раазы болсун
@user-ji4ck6ws1t
@user-ji4ck6ws1t 2 ай бұрын
Жолболдду алыбаеаедин уну керемет уккун еле келет
@user-wi2vq5wd8h
@user-wi2vq5wd8h Жыл бұрын
😢😥😥😥 кудайым эч бир пенденди бала менен сынаба
@user-tj8pk1nl3f
@user-tj8pk1nl3f 2 жыл бұрын
Сонун ыр экен👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@SS-cl1mf
@SS-cl1mf 3 жыл бұрын
Улуу акындын арманы...
@user-jk4xt8kk9p
@user-jk4xt8kk9p 2 ай бұрын
Алла талам бут пендесине туяк берсин
@user-ol7jq5pk2p
@user-ol7jq5pk2p Жыл бұрын
Козуно жаш келетко ушул ырлар биринчи орунда да
@user-kh8vg5oo1h
@user-kh8vg5oo1h 3 жыл бұрын
Женик жок атабыздын арманы!! Азыр болсо балдарды таштап кетишет ! Атабыздын арманы !!
@fidelgastro7247
@fidelgastro7247 3 жыл бұрын
Адамдар бироого зар,бироого кор...
@user-lb4mv1jw5t
@user-lb4mv1jw5t 3 жыл бұрын
Жолболду ага ырдаганда кудум эле Жеңижок ырдап жаткандай сезилет.
@user-qm8jy9in3w
@user-qm8jy9in3w 3 жыл бұрын
Ии байкуш баласы жок болосдагы артында соонун ырсаптары калыптырго артында ыры калыптырда
@user-jp4jx6zy9b
@user-jp4jx6zy9b 4 ай бұрын
Базара нет
@sakekg5888
@sakekg5888 Жыл бұрын
Робим Алла мага да перзент Бере кор Дуа кылып койгулачы мен силерден Кем болбойун перзентуу болойун
@svetluchik3461
@svetluchik3461 Жыл бұрын
Аллахым, Коптун катарында Сизге да Саалих Уул, Кыздардан берсин...Аамиин, Аамиин,Аамиин!!!.
@user-di2cw1in9v
@user-di2cw1in9v 4 жыл бұрын
👍👍👍👍❤
@user-bv1tp6kn8e
@user-bv1tp6kn8e 10 ай бұрын
Жашымда конул бурбаптырмын Эми балалуу боло албай кундор отуп жаткан да эми тушунуш мындай турсун сезип билип оз башымдан отуп жатат
@user-ro8tx7nt5p
@user-ro8tx7nt5p Жыл бұрын
Ар бир уй улоого ыймандуу перзент берсин кудайым оо алла кумурсканы да зар кылба
@MametazimovaZarina
@MametazimovaZarina 2 жыл бұрын
Соонун экен👍👍
@user-lz8ih6pz5b
@user-lz8ih6pz5b 3 жыл бұрын
Бул дунуо аманат акындар откон ким калат ЖАРЫК ДУНУЙО АМАНАТ ЖАКШЫЛАР ОТКОН КИМ КАЛАТ
@user-nx9oh4lh5b
@user-nx9oh4lh5b Жыл бұрын
Жееижоктун балдары-ырлары.
@gulzhansharshembieva4073
@gulzhansharshembieva4073 3 жыл бұрын
Артында бала калбаса да,аты очпой,ырлары ырдалып келатат. Коксулууга ашык болуп,каргышка калган экенсин,деп Арстанбек акын айткан тура.
@laraurmataeva4583
@laraurmataeva4583 3 жыл бұрын
Ал жонундо кайдан окусак болот?
@user-lb4mv1jw5t
@user-lb4mv1jw5t 3 жыл бұрын
@@laraurmataeva4583 ютубтан Жолболду Алибаевтин сайты бар
@user-ww6tz7db7q
@user-ww6tz7db7q 3 жыл бұрын
Рахмат
@adecsinternational9410
@adecsinternational9410 Жыл бұрын
Балам жок Ак сайдан аккан дарыя, Арманым айтам жарыя. Көк сайдан аккан дарыя, Күйүтүм айтам жарыя. Аргымак оозун бурайын, Ай, айланып жыл келет, Айтпай бир кантип турайын. Күлүктүн оозун бурайын, Күн айланып жыл келет, Күйбөй бир кантип турайын. Күмүшүн ырдын терейин, Күйүтүм айтып берейин. Алтынын ырдын терейнн, Арманым айтып берейин: Сарыны кийдим тогунан, Саргайдым бала жогунан Караны кийдим тогунан, Кайгырдым бала жогунан. Кымыздык терген кең колот, Кырына барып эл конот. Кымбатым, элим, келипсиң, Кыйытып айтсам, не болот?!.. Балдыркан чыккан чоң колот, Башына барып эл конот. Башымда турган арманды, Байкатып айтсам, не болот?!. Алтынды жезге өткөрбөйт, Айтпасам дартым бөксөрбөйт Күмүштү жезге өткөрбөйт, Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт Алтындын жайы гүлбакта, Алган жарым Көксулуу, Айтып турам бул чакта., Арманга батпа бул тапта! Күмүштүн жайы гүлбакта, Кошулган, жарым, Көксулуу, Какшанып турам бул чакта, Эми күйүткө түшпө бул тапта!. Кошулган, жарым, Көксулуу, Килемди согуп түр кылдың, Кирген үйүң гүл кылдың. Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың. Сандык жыйдың жүгүңө, Сарамжал кирди үйүңө. Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө. Чырмап чийиң каладың, Чырайлап үйүң кармадың. Оролтуп чийиң каладың, Окшотуп үйүң кармадың. Алдын сылап жүк жыйдың, Аркасын карап үй тиктиң. Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың. Кайтар куштан үлгү алдың, Кайчылабай тон бычтың. Учаар куштан үлгү алдың, Үлгүлөбөй тон бычтың. Шакегиңдин жүлгүсү, Шаарга кетти үлгүсү. Оймогуңдун жүлгүсү, Ойротко кетти үлгүсү. Казы элечек, кара көз, Калкымдан чыккан бото көз. Торко элечек, торгой көз, Тобумдан чыккан бото көз. Оймогуңа гүл тактың, Он жубанга сын тактың. Шакегиңе гүл тактың, Сан жубанга сын тактың. Аксыдан чыккан сулуубум, Арманым айтып турумун: Тескейге каккан куу казык, Текенин эти жол азык. Теңтушумдан кем болдум, Теңирим менде не жазык?.. Күңгөйгө каккан куу казык, Кулжанын эти жол азык. Курдашымдан кем болдум, Кудайым, менде не жазык?.. Беш колумда муунум жок, Бел кыла турган уулум жок. Оң колумда муунум жок, О дүйнө көздөй жол тартсам, Ордумду басар уулум жок!!! Түндүктүү дүкөн үйүмө, Түркүк болор уулум жок. Капшыттуу дүкөн үйүмө, Карманып оокат кылаарга, Кадырлап баккан уулум жок!.. Эрте турсам шамал жок, Эсимде турат амал жок. Саар турсам шамал жок, Санаамда турат амал жок. Өзөндүү булак, Кара-Суу, Өрөөнүң толсо калаа жок. Өз журтумду ээлерге, Өзүмдөн бүткөн бала жок! Кайыңдуу булак, Кара-Суу, Каптаса толгон калаа жок. Кадимки журтум ээлерге, Кадырлап баккан бала жок. Аргымак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Өзүңдөн бала болбосо, Арман эмей, эмине? Тобурчак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине? Тутунаар балаң болбосо, Арман эмей, эмине?.. Кайрылышта мүрзөмдү, Кайрылып барып ким көрөт, Кайгырып жашын ким төгөт? Бурулушта мүрзөмдү, Бурулуп барып ким көрөт? Буркурап жашын ким төгөт?.. Эгерде уулум болгондо: Каттаганда кан жолум, Кармаганда оң колум. Сүйлөгөндө таңдайым, Сүйүнгөндө маңдайым!
@adecsinternational9410
@adecsinternational9410 Жыл бұрын
Ак шумкар кушун чуктамак, Ак чатыр кирип уктамак. Көк шумкар кушун чуктамак, Көк чатыр кирип уктамак. Жанына бычак бүлөмөк, Жайында кушу түлөмөк. Кынына бычак бүлөмөк, Кышында кушу түлөмөк. Аргымак минип ойнотмок, Адырга тайган жойлотмок. Ак дарыя бойломок, Ак шумкар салып ойномок. Көк дарыя бойломок, Көк шумкар салып ойномок!.. Көл жакалай куш салса, Көк ала моюн каз алмак. Сайды бойлоп куш салса, Сарала моюн каз алмак. Суксурга кушун ыргытмак, Сур жорго минип жылжытмак. Кекиликке кушун ыргытмак, Кер кашка минип жылжытмак. Аргымак минип жетектеп, Алтынды кумдай этектеп. Күлүктү коштоп, жетектеп, Күмүштү кумдай этектеп. Секиртип күлүк мингизип, Сүлөөсүн ичик кийгизип. Сымбатын журтка билгизип. Булкунтуп буудан мингизип, Букары тонун кийгизип. Аргымак берип дуулатып, Адырдан коён уулатып. Тобурчак берип жыргатып, Токойдон коён уулатып. Сар кашка атка мингизип, Саймалуу калпак кийгизип. Карагер атка мингизип, Кайырма калпак кийгизип. Чыгарбайт белем, жыйынга, Мен курган жыт кылбайт белем мурунг Сайратсам элдин кашында, Санаам жок эле башында. Кулпунтсам калктын кашында, Кубаныч болмок башымда. Өзүм бир келсем кырк бешке, Балам келсе он бешке. Балам кылса базарды, Тартпайт элем азарды. Балам кылса сооданы, Билбейт элем кооганы. Аттиң бир гана дүйнө арман күн Ак куурайда муун жок, Аркамда калган уул жок! Көк куурайда муун жок, Көтөрүп баккан уул жок! Сүт куйган чарам толгон жок, Сүйөөргө балам болгон жок. Аш куйган чарам толгон жок, Аларга балам болгон жок. Алтындан кемер байланып, Айчылык келсем айланып. Айчылык жолдон келгенде, «Аталап» чыгар балам жок, Арманды ичтен чыгарып! Күмүштөн кемер байланып, Күнчүлүк кетсем айланып, Күнчүлүк жолдон келгенде, Күлүп чыгар балам жок, Күйүттү ичтен чыгарып! Ак шумкар учат кыр менен, Ак сарай бүтөт сыр менен. Артымда калар уулум жок, Армандуу болдум муң менен. Көк шумкар учат кыр менен, Көк сарай бүтөт сыр менен. Көтөрүп баккан балам жок, Көңүлүм өспөйт муң менен! Алтыным барбы, бүчүмдө, Ардактап уул сүйбөстөн, Арманым кетти ичимде! Күмүшүм барбы, бүчүмдө? Көтөрүп бала көрбөстөн, Күйүтүм кетти ичимде!.. Ай төбөдөн жаңырат, Арманым качан арылат? Күн төбөдөн жаңырат, Күйүтүм качан арылат? Ай төбөдөн түш болду, Арманым кыйын күч болду! Күн төбөдөн түш болду, Күйүтүм жаман күч болду!.. Ай тегерек сабы жок, Акыныңдын табы жок. Күн тегерек сабы жок, Күкүгүңдүн табы жок. Аралга бүткөн тал белем. Аманат болгон жан белем. Капталга бүткөн тал белем, Капыстан болгон жан белем. Алтынды жезге бургандай, Арманым айтып отурсам, Алдыма келип тургандай. Күмүштү жезге бургандай, Күйүтүм айтып отурсам, Күлүп бир келип тургандай. Таштак бир жерде жүрбөдүм, Тайтайлап бала сүйбөдүм. Кумдак бир жерде жүрбөдүм, Кучактап бала сүйбөдүм. Көк-Башат менен Бел-Башат, Көркөмү жанды каратат. Көтөрүп бала көрбөстөн, Көп өмүр өтүп баратат! Айтылбаган ыр калды, Ачылбаган сыр калды. Бек байлаган бел калды, Медер бир кылган эл калды. Үзөңгү тепкен бут калды, Үмүт бир кылган журт калды!.
@user-mr4sr8gm9p
@user-mr4sr8gm9p Жыл бұрын
Оо Арман дуйно
@user-pj2xq1hd1q
@user-pj2xq1hd1q Жыл бұрын
@@adecsinternational9410 рахмаат чоон эринбестен жазгпныныздарга.окуп зээним кейиди
@aianadiushenalieva9945
@aianadiushenalieva9945 Жыл бұрын
Это просто космос ✨уффф
@user-fu8pj9se9u
@user-fu8pj9se9u 12 күн бұрын
Тентушумдан кем болдум да,тенирим менде не жазык😢
@user-yh2mb3in5u
@user-yh2mb3in5u 2 жыл бұрын
Вечность Будет!!! Свет Вечен!!! Закон БОГА: Жизнь и Смерть!!!
@user-jf5rl9vn9n
@user-jf5rl9vn9n 3 жыл бұрын
👍👏✊❤
@user-bj3xx3ti5z
@user-bj3xx3ti5z 3 ай бұрын
❤❤❤❤
@user-dk2ei4ie1w
@user-dk2ei4ie1w 3 жыл бұрын
👍👍👍👍
@user-py9eo8mf9t
@user-py9eo8mf9t 8 ай бұрын
Бирок балам жок деген ырдын толугу менен бербепсинер ыр толук эмес сураныч толугу менен бергиле узонгу тепкен бут калдыда умут бир кылган журт калды деген ыр саптары жок.
@user-pg4hf9xt5j
@user-pg4hf9xt5j Ай бұрын
😢
@frfff-rl1jz.
@frfff-rl1jz. Жыл бұрын
Илияствн үнү сонун экен
@user-uh5el3dl4w
@user-uh5el3dl4w Жыл бұрын
😭😭😭😭😭😭😭😭19 жыл кутуп сабырым тугоп баратат
@zaripasadirova3298
@zaripasadirova3298 Жыл бұрын
Нворк компания сына балалуу болуп жатышатко жубайлар ,ичип кордунуз беле
@user-ez3wx7kj9i
@user-ez3wx7kj9i 10 ай бұрын
@user-ez3wx7kj9i
@user-ez3wx7kj9i 10 ай бұрын
Алга
@user-do3gq3sw8d
@user-do3gq3sw8d 3 жыл бұрын
Жок дегенде кызды да болсо болмок экен 😰 Аллахым баарыбызга уул Кыз насип кылсын бирок Ыйманы менен.....Ден сооолууукк Менен.)))))
@user-jc1wo5tf6e
@user-jc1wo5tf6e 2 жыл бұрын
Жок дегенде кыз болсо деп. Кудай сакта. Кыз бала эмеспи ?
@kgmaksat0019
@kgmaksat0019 Жыл бұрын
😭😭😭
@user-pz7oy1bo1z
@user-pz7oy1bo1z 2 жыл бұрын
арман ыры.
Жолболду Алибаев - Женижок менен Эсенамандын айтышы
17:36
How many pencils can hold me up?
00:40
A4
Рет қаралды 17 МЛН
I Need Your Help..
00:33
Stokes Twins
Рет қаралды 135 МЛН
КАКОЙ ВАШ ЛЮБИМЫЙ ЦВЕТ?😍 #game #shorts
00:17
Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты
14:15
Tynchtykbek Bektashtegin
Рет қаралды 7 МЛН
Эски ырлар жыйнагы. Менин 90 жылдагы кассетам.
1:05:19
ВидеоСалон Samanta
Рет қаралды 817 М.
“Арстанбектен алп саптар”
12:53
Азаттык
Рет қаралды 2,6 МЛН
Жолболду Алибаев - Кок сулуу
17:07
Жолболду Алибаев
Рет қаралды 17 М.
Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы | Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда 1-бөлүк
18:47
How many pencils can hold me up?
00:40
A4
Рет қаралды 17 МЛН