Рет қаралды 125,663
Медербек Шакир уулунун сөзүнө жазылган обондуу ырымды чогуу угалы.
Кош, эми сүйүү багы
Талкалап баарын бүттүң,
Эң назик көңүлдөрдү.
Текебер мүнөзүңө,
Үмүттөр көмүлгөнбү?
Кайырмасы:
Жүрөктөр сенсиз кагып,
Ыйлады дагы, дагы.
Кол шилтеп кете бердим,
Кош, эми сүйүү багы.
Мурдагы жакшы көрүү,
Жашабайт сезимдерде.
Кайрылып келбейм сага,
Көз жашың төгүлгөндө.
Кайырма
А азыр башка менин,
Жанымдай сүйгөн жарым.
Түбөлүк коштошомун,
Мени эстеп кайгырбагын.
Кайырма