Рет қаралды 437,371
Таланттуу акын Батыгул Чотурованын сөзүнө жазылган "Тоолор мени кучактагыла" ырымды угуп коюңуздар. Текстин кошо жүктөйм, жаттап ырдап жүрүңүздөр.
ТООЛОР МЕНИ КУЧАКТАГЫЛА
Сөзү: Бактыгүл Чотурованыкы
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
2014-жыл, 18-февраль
Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор мени кучактагыла!
Карегиме конгон элеси,
Караан турат, мага ким өзү?
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн,
Тоолор мени жөлөгүлөчү!
Жакшым деген бирөө эмине,
Жабыркатты жалган кебине.
Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор мени сүйөм дегиле!
Торгой болуп сайрап сагына,
Кайыл болуп келип баарына.
Төрүңөргө чыктым бой таштап,
Тоолор мени кучактагыла!