Рет қаралды 7,677
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында ашар ыкмасы менен башталган таза суу тартуу иштери нааразычылык жаратты.
Тоголок Молдо (азыркы Кара-Ой) айылында таза суу тартыштыгынан улам жергиликтүү жашоочулар агын суулардан жана айыл сыртындагы булактардан суу ташып ичип келишкен.
Айылдагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 2022-жылы элдик марафондор өткөрүлүп, андан сырткары ар бир түтүн 10 миң сомдон чогултуп, Чоң-Боор-Албас чөлкөмүндөгү Ичке-Булактан айылдын башындагы суу топтолуучу жайга, бери дегенде 10 чакырым аралыктан таза суу алып келүү иши ашар ыкмасы менен башталган. Бирок каражаттын жетишсиздигинен бул долбоор аягына чейин чыкпай, жаан жааган учурда айылга ылай аралаш суу келүүдө.
#кыргызстан #жанылыктар #нарын #суу