Рет қаралды 141,959
Алмаз Кудайбек уулу чачтарач. Ал Украинага Орусия бастырып киргенге чейин мигрант болуп барган. Согуш башталган учурда ыктыярчы болуп, ыктыярдуу түрдө Украинанын тынч жарандарын коргоодо. УКМК жакында Алмазга “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же аскердик операцияларга катышуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Алмаз "Пикир" берүүсүнө ага козголгон кылмыш-иши жана эмне үчүн эвакуация болуп чыгып кетпей, Украины коргоого катышып жатканы тууралуу айтып берди.