ЭНЕ ЖҮРӨГҮ Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда, Ойго баттың, доорумда, заманымда. Неге анда асманды карап жүрөм, Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда. Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган, Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган. Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан Наадандардын максатын батырбаган. Кадамынан күнүгө тапкан ардак, Кимдер сенин ролуңду аткара алмак. Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам, Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап. Балалык доор, өмүр да өтүп жатат, Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат. Сенделгенде карайлап жарык таппай, Сенин гана үмүтүң эшикти ачат. Бир окуя жүрөктү келет өйүп, Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп. Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле, Жан досумдун жаш эле энеси өлүп. Оңой менен кайгыны тоготпогон, Майышса да кайратын жоготпогон. Өмүрүндө ыйлабас ошол досум, Энекелеп, жер муштап шолоктогон. Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн, Калдым досум тагдырдын өртүндө мен. Энекең бар, сезилбес азыр сага, Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген. Достун сөзү чынында тереңде экен, Кайдан билдим, кайгыга эленбесем. Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн, Бакытымдын башаты энемде экен. Байкоо салсам өзүмдү терең карап, Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак. Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн, Ойлонбостон мен үчүн энем барат. Жолдор татаал өмүрдө эне баскан, Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан. Кара түнгө айланып энем жокто, Каралбаган үйдөймүн желе баскан. Ашууларга көз жетпейт энем ашкан, Санааларга сөз жетпейт эне баткан. Энелерди окшотом зор кемеге, Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан. Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап, Эне жүрөт чечилбес түйүндө да. Таяк менен үмүттү кошо кармап, Эне жашайт карылар үйүндө да… Жакшы ойлор заматта тебеленип, Колум барбайт кээ кезде жазаарга да. Оокат сатып, турмушту тегеренип, Эне жүрөт күнүмдүк базарда да… Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт, Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт. Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу, Тириликти жылыткан эне жүрөк. Тереңинде күн жаткан эне жүрөк, Сезимине гүл баккан эне жүрөк. Ата-журтка мээримин төшөп коюп, Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт. Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким, Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким. Бейишиңден айрыган тозок ошол, Энелердин жүрөгү токтогон күн… Эч ким сыздап энесин жоктобосун, Энелердин жүрөгү токтобосун!!!
@user-wy9oq7sg5t2 ай бұрын
Аллах раазы Болсун шул ырды
@user-xi3nb2jd2vАй бұрын
Чыгармачылык ийгилик!Калемиң курчуй берсин!Чыгармаларыңды сүйүп окуймун.
@user-oc4mg1bt9qАй бұрын
Омурун узуун болсун. Талантын ташкындай берсин. Рахмат, эне журогу учун.
@user-il1qq2dc6h5 жыл бұрын
Бардык аял суйуктуу жар мээримдуу эне болсун.
@user-xx9rx6nq8z7 жыл бұрын
Апакемди абдан сагындым ыр жан дүйнөмдү эзип кетти Бердибек байке калемиңиз курчуй берсин ийгилик каалайм
апамды эстедим ыйладым апаныздарды жоготпогула мендей болуп бердибек сага рахмат талантына таазим
@user-wy9oq7sg5t2 ай бұрын
Жазган азам жигиттен тилиден алтын создор чыгыптыр😢😢
@user-wy9oq7sg5t2 ай бұрын
Бул ырды угуп ененди сагынып кететкенсин енеси барлар бактылуулар байлар
@adiletdogdurbekov49926 жыл бұрын
Кандай соонун сөздөр.дүйнөдөгү апалар бар болсун энелерге таазим
@user-tz8yq5bc2s2 ай бұрын
Мен жакшы коргон сыйлаган акын иним бар бол бай бол.
@timmac22126 жыл бұрын
Кайышып кети журогум апамды эстеп журомун айлар жылга айланып отпой койду кундорум. Негизи менда ыр жазам журоктун унун уканда уктап калсам мен эгер сезим дерим турганда.@ Бул саптарды чыгарган Бактыбек Токтоболотов. Чын журоктон Бердибек байке калеминиз очпосун.
@kalykovaasel61895 жыл бұрын
Алтын Апам менин бар болунуз , аман болунуз, ден-соолугунуз болуп , узак жашаныз!!! Ааламда бардык апалар эч качан оорубасын!!!
@jarkynturdubaeva25246 жыл бұрын
эх ырларын керемет ар бир адамга дем берет. Сагындым апакемди эх атин дуйно ажыратпасынчы энени баладан баланы энеден 😪😪😪
@fhbcfhj65586 жыл бұрын
Таалантынызга таазим
@versace30832 жыл бұрын
Энелерди козу барда сыйлап алалы, коз откон сон таппай калат экенбиз. Ыйласакда келбейт экенго, андыктан энеси барлар колдон келсе жылуу соз арнап, кооз жерлерге алып баргыла...😢😢
Берди сен чыныгы талант сенде бар экен кее Бир акындардын ыры мынчалык маанилуу уйкаш эмес ,мындай талант сейрек
@narguldadabaeva17995 жыл бұрын
Калемин курчуй берсин👍👍👍👍
@arslandosumbaev37035 жыл бұрын
Азаматсыз байкем
@adilerkinbaev42005 жыл бұрын
Энелер бар болсун
@user-gn9bl2em8x11 ай бұрын
Сонун мен да ыр жазам кадемин курчуй берсин.
@upolrysbekkyzy70006 жыл бұрын
👍👍👍эн мыкты
@user-vf7re9zg4n7 жыл бұрын
"Эне" жөнүндөгү ырыңызды угуп жатып, апакемди сагынып кеттим....
@Yiman-ei4or3 жыл бұрын
Жашасын эне жүрөгү...
@tyguu82614 жыл бұрын
Апаларыбыз аман болсун
@orazaliapbazov72022 жыл бұрын
Өтө жакшынакай ыр экен маган аябай жакты
@mirbekadylbekuulu10394 жыл бұрын
Оа абдан сонун ийгилик дагы да жакшы нерселерди чыгара бериниздер
@user-ew3mw3ie5k Жыл бұрын
Соонун ыр журоктон журоко жетет
@user-rd2dd1fp5x2 жыл бұрын
Энелерибиз аман болсун
@user-yq4to4yl3f3 жыл бұрын
Калемин курчуй берсин Аллахым ден соолук берсин
@user-go4cd3hx7w3 жыл бұрын
Калемиң дагы курчусун, баардык энелердин атынан ыраазычылык билдирем. АЛЛАХЫМ эки дүйнө багын берсин
@altaikubanychbekov79414 жыл бұрын
Аябай сонун,маанилуу ыр.Мага аябай жагат.Бул ыр мага жакканынан жаттап алгам.Апаларыбыз узаак жашасын,алар эч качан оорубаса экен.Жаратканыбыз аларды балдарынан ажыратпаса экен.🤲🏻🤲🏻
@user-tt8lc2tw9n4 жыл бұрын
Азаматсыз эн мыкты
@torokulsoltonbekov39564 жыл бұрын
Аллахым өзү колдосун!!! Ыр жүрөгүмдү эзип койду. Энелер аман болсун
@user-wk8dj6kp5q3 жыл бұрын
Ооба апа сен кандай периштесин жан апам сагындым 😥😥😥😥😥😥😥
@user-hd5qd5zd3r4 жыл бұрын
Энелерибиз ар дайым бар болсун. Азаматсыз Бердибек аябай жакшы ыр💐💐
@user-wt4dt5rg2l3 жыл бұрын
Аллахым эч бир жандын апасы оорубасынчы.Мындай ооруп калышынды билгенимде, сизди башыма которуп журот элем😪😪😪😪дуйно карангы болуп турат, азыр мага.
@aybekkuchkinov10034 жыл бұрын
Энекем бактыбаызга бар болсун.иншаллах
@emirlansamarbekov24714 жыл бұрын
Азаматсын Бердибек омурун узун болсун чыгармачылыкта ийгиликтерди багындыр
@user-rh5gz5qi4o4 жыл бұрын
Ех апалар туболук жашасын😿😿😿🙏🙏ооминь
@bekaapsalamov70794 жыл бұрын
👍👍👍 энелерге таазим
@user-wu2fb6jo8r4 жыл бұрын
Апа барынан кимбат апан жанында болсо кадырын тушунбойт экенсин апан жа болбосо тушунот экнсин😭😭😭😔😔😔😔😔😪😪😪😪