Рет қаралды 47,434
Бүгүн сиздерге сүйбөй коюу мүмкүн болбой турган бир инсандан сөз ачсак деп турабыз. Мындай өрнөктүү кишинин өмүр баянын изилдөө да ал жөнүндө макала жазуу да адамга өзгөчө рахат тартуулайт. Оштуктар айткандай бул макаланы “мазза” кылып жазып чыктык. Болгону теманы коёрдо “Умардын изинен кеткен бир Умар” десекби же “Исламияттын мужизасы Умар” десекби деп бираз арасар боло түштүк. Анткени эки тема тең бүгүнкү каарманыбызга куп жарашмак. Анан калса бул сөздөрүбүз эч кандай апыртма эмес. Ишенбесеңиз жакыныраак келиңиз. Биз сиздерге бактылуулук кылымынан кийин, түнөргөн капкараңгы дүйнөгө жаңыдан бактылуулук кылымын алып келген халифа - Умар бин Абдулазиздин бейнесин ачып бермекчибиз.