Рет қаралды 628
Кыргызстандын токойлору курчап турган чөйрөнүн абалын жөнгө салууда жана климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алууда зор мааниге ээ, ошондой эле алар биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу болуп саналат. Жаратылыш байлыктарына ээ болуу - аларды сактоо жана көбөйтүү боюнча мамлекетке өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт.
Токойлор кандайдыр бир деңгээлде экологиялык жана социалдык баалуулукка ээ. Ал эми баалуулугу канчалык жогору болсо, токойлордун биоартүрдүүлүгү ошончолук кенен жана жергиликтүү калк колдоно турган азыктар ошончо кеңири. 1999-жылы Токой камкордук кеңеши Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлордун концепциясын сунуштаган. Ошондон бери жогорку экологиялык, социалдык-экономикалык, ландшафттык баалуулукка же биоартүрдүүлүктү сактоо баалуулугуна байланыштуу негизги мааниге ээ болгон токойлор ушундай деп аталып келет.
Азыркы учурда Кыргызстан Баалуулугу жогору токойлордун концепциясын киргизүү жолунда, буга Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча БУУӨП/ГЭФ долбоору көмөк көрсөтүүдө.